Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2006-жылдын 2-августу N 557

"Азык-түлүк коопсуздугу-2003" Программасын ишке ашыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-октябрындагы N 794 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

"Азык-түлүк коопсуздугу-2003" Программасын ишке ашыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-октябрындагы N 794 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- бүткүл тексти боюнча "Финансы министрлиги" деген сөз айкашы "финансы" деген сөздүн алдында "Экономика жана" деген сөздөр менен толукталсын;

- "Азык-түлүк коопсуздугу-2003" Программасын башкаруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча комитеттин курамынан төмөнкүлөр чыгарылсын:

Кыргыз Республикасынын финансы министринин биринчи орун басары, комитеттин тең төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бюджеттик департаментинин директору;

- жогоруда аталган комитеттин курамына төмөнкүлөр киргизилсин:

Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри, комитеттин тең төрагасы болуп;

комитеттин мүчөлөрү болуп:

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин статс-катчысы;

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин бюджеттик саясат башкармалыгынын начальниги;

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин жардамдарды координациялоо башкармалыгынын начальниги.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

Ф. Кулов