ТоктомКүчүндө

Нурманбет айылдык кеңешинин 2020-жылдын 7-июлундагы №104 /XXI11-27 «2021- 2022-2023- жылдын бюджетинин божомолун колдоо жөнүндө» токтому

Редакцияот 07.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

2020-жылдын 07-июлу №104 /XXI11-27

2021- 2022-2023- жылдын бюджетинин божомолун колдоо жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы- экономикалык негиздери жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде киреше жана чыгаша булагынын 2021-2022-2023-жылдарга болжолун колдоо үчүн Нурманбет айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Нурманбет айыл өкмөтүнүн каражаттар боюнча

-2021-жылга киреше жана чыгаша булаты 12005,8миң сом ал эми атайын эсептин киреше жана чыгаша булагы 1200,0 мин сомго;

-2022-жылга киреше жана чыгаша булагы 12092,8мин сом ал эми атайын эсептин киреше жана чыгаша булагы 1200,0 мин сомго;

-2021-жылга киреше жана чыгаша булагы 12190,8мин сом ал эми атайын эсептин киреше жана чыгаша булагы 1200,0 мин сомго жактырылсын.

2.  Айыл өкмөтүнө бөлүштүрүлгөн теңдөөчү божомол грант 2021-жылга киреше жана чыгаша булагы 5558,8мин сом,2022-жылга киреше жана чыгаша булагы 5558,8мин сом,2023-жылга киреше жана чыгаша булагы 5558,8мин сом жактырылсын.

3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кенешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы:

Ш.Андашов