Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы № 289 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2017-жылдын 21-ноябры № 759
Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартибин жана формасын бекитүү тууралуу
"Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 жана 24-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартиби жана формасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) болуп эсептелген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, аткаруу бийлигинин системасына кирбеген мамлекеттик органдар (макулдашуу боюнча), юридикалык жактар (макулдашуу боюнча) ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон чараларды көрүшсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Исаков |
1. Ушул Тартип жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын, анын ичинде электрондук документ формасында "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чогултууга жана иштетүүгө макулдугун алуунун формасын жана жол-жоболорун, ошондой эле жеке маалыматтарын үчүнчү тараптарга берүү фактысы жөнүндө жеке маалыматтар субъектисине билдирүүнүн милдеттүү жол-жоболорун белгилейт.
2. Ушул Тартип жеке маалыматтарды трансчегаралык берүүнү кошкондо, жеке маалыматтарды чогултуу, сактоо, иштетүү, пайдалануу, берүүнү ишке ашыруучу жеке маалыматтар массивинин кармоочусу (ээси) тарабынан колдонулат.