КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-мартындагы № 169 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2018-жылдын 10-январы № 13
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 791 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору (Суучулдар кызматы) жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматы) ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 791 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору (Суучулдар кызматы) жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
преамбулада:
- "токтомдоруна" деген сөз "токтомуна" деген сөз менен алмаштырылсын;
- ", 2009-жылдын 4-декабрындагы № 731 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору (Суучулдар кызматы) жөнүндө жободо:
- 19-пунктунун он үчүнчү абзацы "КР ӨКМне сунуш кылат" деген аббревиатурадан жана сөздөрдөн кийин ", ошондой эле Борбордун аскер кызматчыларына карата Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн тартиптик жана башка уставдарында каралган начальниктин укуктарын пайдаланат" деген сөздөр менен толукталсын;
- 21-пункту "туруктуу негиздеги" деген сөздөрдөн кийин "аскер кызматчылары," деген сөздөр менен толукталсын;
- "Терең суудагы шаймашай суучулдар бекети" VI главасынын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"VI. Борбордун Терең суудагы шаймашай суучулдар бекети (Ыкчам издөө-маневр тобу)";