КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-июлу № 332
Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасындагы Кыргыз Республикасынын улуттук сегментинин тапшырыкчысы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасына мүчө мамлекеттердин улуттук сегменттерин түзүүдө, ишин камсыз кылууда жана өнүктүрүүдө колдонулуп келген уюштуруучулук чечимдерди бирдейлештирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасындагы Кыргыз Республикасынын улуттук сегментинин тапшырыкчысы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасындагы Кыргыз Республикасынын улуттук сегментинин тапшырыкчысы болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Транском" мамлекеттик мекемеси Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалыматтык системасындагы Кыргыз Республикасынын улуттук сегментинин оператору болуп аныкталсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |