Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 334 токтомуна |
Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 552 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Кыргыз Республикасында билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары - Жобо) билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) билим берүү ишин (транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо (кайра даярдоо) боюнча билим берүү ишин кошпогондо) жүзөгө ашырууга лицензияларды берүү, кайра тариздөө, таануу, токтотуп туруу, кайра жаңылоо жана жокко чыгаруу тартибин регламенттейт.
2. Уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар (мектепке чейинки, башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүү, мектептен тышкаркы билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынан тышкары) билим берүү ишин жүзөгө ашыруу үчүн "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо белгиленген тартипте лицензия алууга милдеттүү.
3. Билим берүү ишине лицензия мөөнөтсүз жана ээликтен ажыратылгыс болуп саналат.
2-глава. Лицензия алуу үчүн зарыл болгон документтер
4. Билим берүү ишине лицензия алуу үчүн арыз ээси ыйгарым укуктуу органга төмөнкү документтерди берет:
1) ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча лицензия алууга арыз;
2) төмөнкүлөрдүн көчүрмөлөрүн:
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн;
- арызды кароо жана лицензия берүү үчүн мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин;
- Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган юридикалык жактын уставынын;
- түзүмдүк бөлүм жөнүндө жобонун (эгерде юридикалык жактын түзүмдүк бөлүмүндө билим берүү программаларын ишке ашыруу пландалып жатса);