Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-апрели № 186
«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 331, 2021-жылдын 5-мартындагы № 72, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264, 2021-жылдын 22-декабрындагы № 324, 2022-жылдын 30-мартындагы № 180, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жарандардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоочу бирдиктүү системаны түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаңы доорго – кырк кадам» программасынын алкагында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 324 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-мартындагы № 150 «Кыргызтест» мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тутумун түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргызтест» мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тутумун өнүктүрүү жана киргизүү концепциясында:
- 5-главанын биринчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тестирлөө борборунун» деген сөздөр «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6. Тутумду башкаруу
«Кыргызтест» тутумун башкарууну «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси ишке ашырат, ал мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо тутумун – «Кыргызтестти» түзөт.».
7. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 180 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)