Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 221 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2018-жылдын 23-августу № 396

Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 150, 2020-жылдын 13-мартындагы № 151, 2020-жылдын 21-августундагы № 430 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, экспорттук потенциалды арттырууну, Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу, эсепке алынган датаны аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 150 токтомунун редакциясына ылайык)

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартиби, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуунун убактылуу/стационардык пункттары аркылуу жеке пайдалануу үчүн жеке жактар тарабынан ташылып келүүчү товарларга товар коштоочу документтерди (эл аралык транспорттук коштомо кагаз - СМR, же коштомо кагаз, эсеп-фактура) милдеттүү тариздөө талап кылынбаган товарлардын тизмеси жана товарларды ташып киргизүү боюнча сунушталган минималдык ченемдер, 2-тиркемеге ылайык.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 150, 2020-жылдын 13-мартындагы № 151 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 150 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу максатында Талас облусунун Манас районунда ("Чоң-Капка-автожол"), Талас облусунун Кара-Буура районунда ("Маймак" темир жол станциясы), Чүй облусунун Жайыл районунда ("Кара-Балта" темир жол станциясы), Чүй облусунун Аламүдүн районунда ("Аламүдүн" темир жол станциясы), Ош облусунун Кара-Суу районунда ("Кара-Суу" темир жол станциясы), Бишкек шаарында ("Бишкек-1" темир жол станциясы), "Манас" эл аралык аэропортунда, "Ош" эл аралык аэропортунда, Чүй облусунун Панфилов районунда ("Чалдыбар автожол"), Чүй облусунун Ысык-Ата районунда ("Ак-Тилек автожол"), Чүй облусунун Аламүдүн районунда ("Ак-Жол автожол"), Чүй облусунун Чүй районунда ("Токмок автожол"), Чүй облусунун Ысык-Ата районунда ("Кең-Булуң автожол"), Ысык-Көл облусунун Түп районунда ("Каркыра автожол") жайгашкан кыргыз-казак мамлекеттик чек ара участогундагы өткөрүү пункттарынын жанындагы жерлерди төмөнкү объекттер үчүн бөлүп берүү боюнча зарыл иш-чараларды жүргүзсүн:

1) транспорттук контролдоонун жана товарларды эсепке алуунун стационардык пункттары иштеп баштаганга чейин транспорттук контролдоонун жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пункттары;