Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-майы № 251 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 381 токтомуна |
Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелери
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-декабрындагы № 607 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Коргоо объектилеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуу өзгөчөлүктөрү
§ 1. Коргоо объектилеринин өрт коопсуздугунун жалпы талаптары
1. Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелери (мындан ары - Эрежелер) өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатында жеке жана юридикалык жактардын жүрүш-туруш эрежелерин, өндүрүштү уюштуруу жана (же) уюмдардын, турак-жай фондунун жана башка объектилердин (мындан ары - коргоо объекти) аймактарын, имарат-жайларын күтүү тартибин белгилөөчү, өрткө каршы ченемдердин талаптарын камтыйт.
Ушул Эрежелердеги колдонулган негизги түшүнүктөр "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" жана "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн мааниде колдонулат.
Өрт коопсуздугун камсыз кылуунун укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы мыйзамдары, ушул Эрежелер жана өрт коопсуздугун камсыз кылуу тармагын жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле объектилерди долбоорлоодогу жана куруудагы ченемдер жана эрежелер жана алардын өрт коопсуздугуна коюлуучу талаптары болуп саналат.
2. Коргоо объектилерин менчиктөө укугу менен башка мыйзамдуу негизде пайдаланып жаткан (жеке ишкерлер) уюмдун жетекчиси (башка ыйгарым укуктуу кызмат адамы) (мындан ары - уюмдун жетекчиси) ар бир коргоо объектисине (жеке турак үйлөрдү кошпогондо) карата ушул Эрежелердин талаптарына ылайык, анын ичинде өндүрүштүк жана кампа багытындагы ар бир жарылуу, өрт коркунучу бар жайлар үчүн өзүнчө өрт коопсуздугунун чаралары жөнүндө ушул Эрежелердин 3-тиркемесине ылайык нускаманы бекитет.
3. Менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жетекчилери жана кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өзүнө караштуу мекемелердин коргоо объектилеринде бардык инженер-техникалык кызматкерлер, кызматчылар жана жумушчулар ушул Эрежелерди үйрөнүүсүн жана аткаруусун уюштурууга;
2) коргоо объектисинде ыктыярдуу өрт өчүрүүчү кошуунду уюштурууга жана ички буйрук менен анын аткаруучу ишин бекитүүгө;
3) ушул Эреженин 6-тиркемесине ылайык коргоо объектисинде өрт-техникалык минимум боюнча өрткө каршы нускама жана сабак өткөрүүнү уюштурууга;
4) өндүрүштүк, администрациялык, кампа жана көмөкчү жайларда өрткө каршы катуу режим орнотууга (тамеки чегүүчү жерди аныктоого жана жабдууга, бир жолку сакталуучу сырьёнун жана даяр продукциянын жайгаштырылуучу жерин жана жол берилген өлчөмүн аныктоого, от менен аткарылуучу иштердин так тартибин, иш бүткөндөн кийин имарат жайларды карап чыгуунун жана жабуунун тартибин орнотууга) жана бардык жумушчулар жана тейлөөчү адамдар тарабынан бул талаптардын өтө катуу сакталышын дайыма көзөмөлгө алууга;
5) иш аяктагандан кийин, ушул Эрежелердин 9-тиркемесинде келтирилген журналды жүргүзүү менен ар түрдүү функционалдык дайындоосундагы бөлмөлөрдү карап чыгуу жана жабуу тартибин аныктоого;