КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-мартындагы № 137 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2018-жылдын 15-октябрындагы
№ 477 токтому менен
бекитилген
Балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруу жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) ден соолугунун абалы боюнча жеке билим алууга муктаж болгон балдар үчүн үйүндө билим алуу процессин уюштуруу тартибин аныктайт.
2. Балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруунун максаты болуп алардын билим алууга укугун коргоо саналат.
3. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартына (мындан ары – мамлекеттик билим берүү стандарты) ылайык иштелип чыккан.
4. Балдарды үйүндө окутууну уюштурууда педагогикалык кызматкерлердин эмгегине акы төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
2-глава. Кабыл алуу тартиби жана окуу процессин уюштуруу
5. Балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруу (мындан ары - үйүндө окутуу) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана оорунун катуу формасы менен ооруган балдардын категориясына кирген 7ден 18 жаш курагына чейинки 1-11-класстын окуучулары үчүн жалпы билим берүү уюмдары тарабынан ишке ашырылат.
6. Үйүндө окутуу менчигинин түрүнө карабастан бардык түрдөгү жалпы билим берүү уюмдарында билим берүүнүн бардык баскычтарында уюштурулат.
7. Үйүндө окутуу баланын (мындан ары - окуучу) жашаган жерине жакынкы жалпы билим берүү уюмунда ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) окуучуга үйүндө билим алуу же билим алуунун формасын алмаштыруу зарылчылыгы жөнүндөгү арызынын негизинде ишке ашырылат. Арызга билим берүү системасынын психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациясынын корутундусу, же болбосо билим берүүнү мамлекеттик башкаруунун аймактык органынын макулдугу боюнча окуучуну аныктоо/ үйүндө окутууга чыгаруу тууралуу саламаттык сактоо уюмунун дарылоо-контролдук комиссиясынын маалымкаты тиркелет.
8. Дарылоо-контролдук комиссиянын маалымкаты билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталган Оорулардын тизмесинин негизинде берилет. Психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациянын корутундусу психикалык жана дене боюнун бузуулары бар окуучулар үчүн берилет.