КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-ноябры № 532
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык келтирүү жана тиешелүү мезгилге республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө бюджеттик кирешелердин болжолун жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо методикасында:
- 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пунктунун үчүнчү абзацындагы жана 14-пунктунун онунчу абзацындагы түрдүү жөндөмөдөгү "кирешелеринин тескөөчүлөрү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "ресурстарынын администраторлору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 22-пунктунда:
"пландоо" деген сөз "болжолдоо" деген сөз менен алмаштырылсын;
"башкы" деген сөз алып салынсын;
"иштеп чыгууга укуктуу" деген сөздөр "иштеп чыгышат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 49-пунктундагы "Бюджеттин орто мөөнөттүү болжолун" деген сөздөр "орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү тартибинде:
- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бардык текст боюнча "мамлекеттик бюджеттин орто мөөнөттүү болжолун", "кирешелердин орто мөөнөттүү болжолун" деген сөздөр "орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;