Сравнение редакций…
| 11-тиркеме |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 токтомуна |
Кыргыз Республикасынын бюджетинин ресурстарынын администраторлорунун функцияларын аткаруу боюнча колдонмо
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 532, 2020-жылдын 13-февралындагы № 80, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-августундагы № 417, 2024-жылдын 27-августундагы № 529, 2024-жылдын 19-декабрындагы № 766, 2024-жылдын 24-декабрындагы № 782, 2025-жылдын 25-мартындагы № 147, 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221, 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 234, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Ушул Колдонмо мамлекеттик бюджетинин аткаруунун ачык-айкындуулугун, түшүүлөрдүн сапаттуу жана так эсебин жүргүзүүнү, бюджеттик каражаттарды уурдоого жол бербөөнү камсыздоо максатында иштелип чыкты.
2. Мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын администраторлору Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясы боюнча Кыргыз Республикасынын бюджетинин ресурстарынын администраторлору боюнча бюджетке түшүү булактарынын реестрине ылайык (мындан ары - Реестр) (1-тиркеме) Аймактык, ведомстволук бөлүмдөрдүн тизмесин аныктайт жана аккумуляциялоочу эсептерди ачуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына тапшырат жана бюджетке түшүүлөрдү аккумуляциялоону камсыздайт.