|
| |
|
| 3-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 561 токтомуна |
Жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-августундагы № 414, 2020-жылдын 15-сентябрындагы № 486, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722, 2024-жылдын 4-июлундагы № 353 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Негизги жоболор
1. Ушул Жобо жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион (мындан ары - аукцион) өткөрүүнү даярдоо тартибин жана аны өткөрүү жол-жобосун жана ага потенциалдуу жер казынасын пайдалануучулардын катышуу, жеңүүчүлөрдү аныктоо шарттарын, ошондой эле жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн эсептешүүлөрдүн тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо пайдаланылуучу түшүнүктөр:
1) аффилирленген жак - тике же кыйыр түрдө чечимдерди аныктоого же ошол жак тарабынан кабыл алынуучу чечимдерге, анын ичинде келишимдин же башка бүтүмдүн күчүнө таасир этүүгө укуктуу болгон кандай болбосун жеке же юридикалык жак (берилген ыйгарым укуктардын алкагында алардын ишине контролдукту жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарды кошпогондо), ошондой эле аларга карата бул аффилирленген жак ушундай укукка ээ болгон кандай болбосун жеке же юридикалык жак. Юридикалык жактын аффилирленген жагы болуп анын аткаруучу кызмат адамдары, акционер (катышуучу) да таанылат;
2) аукцион - жер казынасын пайдалануу укугун берүү методу, мында бул укук жер казынасын пайдалануу укугун алуу үчүн эң жогорку бааны сунуш кылган жакка берилүүгө тийиш;
3) алтындын, күмүштүн ири жана орто кендерин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион - жер казынасын пайдалануу укугун берүү методу, мында бул укук эң жогорку бааны жана мамлекеттин үлүшүнүн эн чоң, бирок 30 пайыздан кем эмес өлчөмүн сунуш кылган жакка берилүүгө тийиш;
4) кепилдик төгүм - аукционго коюлуучу жер казынасынын объекти үчүн бонустун суммасынан он эсе ашык, бирок аукциондун катышуучусунун жер казынасын пайдалануу укугун алуу ниетин камсыздоочу, жүз миң АКШ долларынан көп эмес жана бир миң АКШ долларынан кем эмес акча каражаттарынын суммасы;
5) мамлекеттин үлүшү - Кыргыз Республикасында түзүлгөн юридикалык жактын уставдык капиталындагы мамлекеттин үлүшү, ага жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия таризделүүгө тийиш;
6) арыз ээси - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча жеке ишкер катары катталган юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар;
7) жер казынасынын объекттери - Кыргыз Республикасынын аймагында жер казынасын иштетүү жана/же геологиялык изилдөө үчүн арналган пайдалуу кен чыккан жерлер же жер казынасынын участоктору;
8) аукцион объектинин акыркы ставкасы - жер казынасынын объекти үчүн эц жогорку бааны камтыган, аукциондун жеңүүчүсү тарабынан сунушталган ставка;
9) алтындын, күмүштүн ири жана орто кендерин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион объектинин акыркы ставкасы - жер казынасынын объекти үчүн эң жогорку бааны жана мамлекеттин үлүшүнүн эң чоң, бирок 30 пайыздан кем эмес өлчөмүн камтыган, аукциондун жеңүүчүсү тарабынан сунушталган ставка;
10) аукционго катышуу үчүн жыйым - аукционго коюлган жер казынасынын объекти үчүн бонустун суммасынын бир пайызын түзгөн, бирок жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес акча каражаттарынын суммасы;
11) аукцион объектинин баштапкы ставкасы - бонустун суммасын (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын пакетинин наркын камтыган, аукциондо тоорук баштала турган баштапкы баа;
12) алтындын жана күмүштүн ири жана орто кендерин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион объектинин баштапкы ставкасы - бонустун суммасын (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын пакетинин наркын, ошондой эле мамлекеттин үлүшүнүн баштапкы, бирок 30 пайыздан кем эмес өлчөмүн камтыган, аукциондо тоорук баштала турган баштапкы баа;
13) аукциондун кадамы - тооруктун жүрүшүндө жер казынасынын объектинин баасы жогорулашы мүмкүн болгон үстөктүн суммасы;
14) алтындын, күмүштүн ири жана орто кендерин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна аукциондун кадамы - тооруктун жүрүшүндө жер казынасынын объектинин баасы жана мамлекеттин үлүшүнүн өлчөмү жогорулашы мүмкүн болгон үстөктүн суммасы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Аукциондорду даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруучулук камсыздоону жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (аукциондун уюштуруучусу) жүргүзөт.