Документке
Мурунку25.07.2003

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2003-жылдын 25-июлу N 154

Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө

Ушул Мыйзам социалдык-эмгектик жана ага байланышкан экономикалык мамилелерди жөнгө салуу жана коомдук ынтымактыкка жетишүү максатында Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүк тутумунун жана механизминин уюштурулушунун, иштөөсүнүн, чыңдалышынын, өнүгүшүнүн укуктук негиздерин белгилейт.

1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

Социалдык өнөктөштүк актылары - социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуучу жамааттык келишимдер жана макулдашуулар.

Жаматтык келишим - иш берүүчү менен анда иштеген кызматкердин ортосундагы эмгек жана социалдык-экономикалык мамилелерди, ошондой эле иш берүүчүнүн кесиптик бирликтери жана кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органдары менен өз ара мамилелерин жөнгө салуучу чектелген ченемдик акты.

Жамааттык макулдашуу - белгилүү бир кесиптеги кызматкерлер, тармак жана аймак үчүн эмгек, иш менен камсыз кылуу жана социалдык кепилдиктердин шарттарын белгилөө боюнча милдеттенмелерди камтыган ченемдик акты. Жамааттык макулдашуу тараптардын келишүүсү боюнча эки тараптуу же көп тараптуу болушу мүмкүн, социалдык-эмгектик жана ага байланышкан экономикалык мамилелерди жөнгө салуунун жалпы принциптерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган социалдык кепилдиктерди жана жеңилдиктерди белгилейт.

Уюм - менчиктин түрүнө карабастан ишкана, мекеме, уюм.

Мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү - бул органдардын жетекчилери, бул органдар ыйгарым укук берген башка адамдар.

Иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү - уюмдардын жетекчилери же юридикалык жактын уюмдаштыруу документтерине ылайык башка ыйгарым укуктуу адамдар, органдар (адамдар), иш берүүчүлөр бирикмелеринин (ассоциацияларынын) ыйгарым укуктуу органдары (адамдары), иш берүүчүлөр ыйгарым укук берген башка органдар (адамдар).

Кызматкерлердин өкүлдөрү - кесиптик бирликтердин, алардын бирикмелеринин, алардын уставдарына ылайык өкүлү катары чыгууга ыйгарым укук берилген органдар, ошондой эле кызматкерлер ыйгарым укук берген башка адамдар жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн уюмдар. Кесиптик бирликтин мүчөсү болбогон кызматкерлер кесиптик бирликтерине өздөрүнүн кызыкчылыктарын көздөөчүлөр катары өкүлдүккө ыйгарым укук бериши мүмкүн.

Иш берүүчүлөр тарабынан түзүлгөн же каржыланган органдардын, мамлекеттик аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясий партиялардын кызматкерлеринин кызыкчылыктарын көздөөчү өкүлдөрү болушуна жол берилбейт.

Социалдык өнөктөштүк тутуму - социалдык-эмгектик мамилелер жана социалдык-эмгектик чыр-чатактарды чечүү чөйрөсүндөгү уюштуруучулук, укуктук, экономикалык мүнөздөгү чаралардын жыйындысы; социалдык өнөктөштөр тарабынан түзүлүүчү органдар жана ошол органдардын өз ара аракеттенүү жана иштөө тартиби.

Социалдык өнөктөштүк - макулдашылган социалдык-экономикалык саясатты, эмгек мамилелер жаатындагы саясатты аныктоодо жана турмушка ашырууда мамлекеттик бийлик органдары, иш берүүчүлөрдүн бирикмелери менен кесиптик бирликтердин өз ара аракети, ошондой эле мамлекет тараптардын өз ара аракетинин чектерин айкындай турган иш берүүчүлөр менен кесиптик бирликтер ортосундагы эки тараптуу мамилелери.

Социалдык өнөктөштүктүн тараптары - мындан ары "тараптар" деп аталуучу кызматкерлер (алардын өкүлдөрү), иш берүүчүлөр (алардын өкүлдөрү), Кыргыз Республикасынын бардык түзүмдөрүнүн мамлекеттик бийлик органдары (үч жактуулук принциптериндеги - айыл өкмөтүнөн баштап Өкмөткө чейинки менчигинин түрүнө карабастан чарбалык органдардын бардык түзүмдөрүндөгү Өкмөт - кесиптик бирликтери - иш берүүчүлөр).

2-статья. Эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүктүн укуктук негизи

Эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүктүн (мындан ары - социалдык өнөктөштүк) укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана Граждандык кодекстери, "Кесиптик бирликтер жөнүндө", "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар, эл аралык ченемдерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн башкы макулдашууга, тармактык жана аймактык макулдашууларга, жамааттык келишимдерге салыштырганда социалдык өнөктөштүктүн жана алардын өкүлдөрүнүн тараптарынын абалын начарлата албайт.

Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери, анын ичинде Кыргыз Республикасы ратификациялаган Эмгектин эл аралык уюмдарынын конвенциясы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары кызматкерлер үчүн ушул мыйзамда каралгандардан кыйла оңтойлуу шарттарды белгилөөчү эрежелерди камтыса, анда эл аралык келишимдердин эрежелери жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонулат.

3-статья. Ушул Мыйзам колдонулуучу чөйрө

Ушул Мыйзамдын күчү менчигинин түрүнө карабастан иш берүүчүлөргө, алардын бирикмелерине, (бирликтерине, ассоциацияларына), кесиптик бирликтердин жана алардын өкүлчүлүктүү органдарынын мүчөлүгүнө карабастан уюмдардын бардык кызматкерлерине, Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жайылтылат.

4-статья. Социалдык өнөктөштүк принциптери

Социалдык өнөктөштүк төмөнкүдөй принциптерде түзүлөт:

- макулдашууларды, келишимдерди жана эмгек мамилелерин жөнгө салуучу башка чечимдерди милдеттүү түзүү;

- сүйлөшүүлөрдүн катышуучуларын урматтоо жана алардын кызыкчылыктарын эсепке алуу;

- социалдык өнөктөштүктүн жана тараптардын өкүлдөрүнүн укуктуулугу;

- тараптардын тең укуктуулук жана мамилелердеги ишеним;

- социалдык өнөктөштүк чөйрөсүнө кирген маселелерди тандап алуудагы өз алдынчалуулук жана эркиндик;

- макулдашууларды түзүүнүн ыктыярдуулук жана социалдык өнөктөштүк тараптарынын өз ара макулдашуу негизинде чечимдерди жана милдеттенмелерди кабыл алуу;

- тараптар кабыл алган макулдашуулар менен жамааттык келишимдердин милдеттүү аткарылышы;

- кабыл алынган милдеттенмелер менен чечимдердин, анын ичинде түзүлгөн макулдашуулар менен келишимдердин аткарылбагандыгы үчүн тараптардын, алардын өкүлдөрүнүн, кызмат адамдарынын жана башка адамдардын жоопкерчилиги.

5-статья. Социалдык өнөктөштүктүн милдеттери

Социалдык өнөктөштүктүн милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- республиканын, региондордун жана экономика тармактарынын экономикалык жана социалдык өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү;

- социалдык-эмгек жана аларга байланышкан экономикалык мамилелерди жөнгө салуунун майнаптуу механизмин түзүү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул мыйзамга ылайык социалдык өнөктөштүк тараптарынын ортосунда жамааттык сүйлөшүүлөрдү, өз ара консультацияларды өткөрүү, макулдашууларды, жамааттык келишимдерди иштеп чыгуу жана түзүү;

- жамааттык эмгек талаш-тартыштарын болтурбоо жана социалдык-эмгектик чыр-чатактарды чечүүгө көмөк көрсөтүү;

- социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуучу мыйзам базасын өркүндөтүү;

- иш берүүчүлөрдүн бирикмелерин жана кесиптик бирликтерди андан ары өнүктүрүү жагынан социалдык өнөктөштөр катары алардын ролун күчөтүү.

6-статья. Социалдык өнөктөштүк тутумунун иштөө механизми

Социалдык өнөктөштүк тутуму:

- социалдык-эмгектик маселелер жана аларга байланышкан экономикалык мамилелер боюнча өздөрүнүн көз караштарын алдын ала иликтөө максатында социалдык өнөктөштүк тараптарынын ыйгарым укук берилген өкүлдөрү өткөрүүчү өз ара консультацияларынын;

- келип чыккан маселелерди жана проблемаларды жөнгө салуу, анын ичинде жамааттык эмгек талаш-тартыштарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечүү максатында социалдык өнөктөштүк тараптарынын ыйгарым укук берилген өкүлдөрү өткөрүүчү сүйлөшүүлөрдүн;

- жамааттык келишимдерди жана макулдашууларды түзүүнүн, социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу маселелери боюнча биргелешкен чечимдерди кабыл алуунун негизинде иштейт.

7-статья. Социалдык өнөктөштүк тутумунун деңгээлдери

Социалдык өнөктөштүк тутуму төмөнкүдөй деңгээлдерди камтыйт:

- Кыргыз Республикасында социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуунун негиздерин белгилөөчү республикалык деңгээлди;

- тармактагы эмгек чөйрөсүнүн социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салууну белгилөөчү тармактык деңгээлди;

- администрациялык-аймактык бирдиктин деңгээлинде эмгек чөйрөсүндөгү социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуунун негиздерин белгилөөчү аймактык (областтык, шаардык, райондук) деңгээлди;

- кызматкерлер менен иш берүүчүнүн ортосундагы эмгек чөйрөсүндөгү өз ара айкын милдеттенмелерди белгилөөчү уюштуруу денгээлин.

8-статья. Республикалык деңгээлдеги социалдык өнөктөштүктү уюштуруу

Социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча Республикалык үч тараптуу комиссия (мындан ары - Республикалык үч тараптуу комиссия) республикалык деңгээлде социалдык өнөктөштүктү жүзөгө ашырат.

Республикалык үч тараптуу комиссия Кыргыз Республикасындагы социалдык өнөктөштүктүн туруктуу иштеген органы болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын жана иш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин теңдеш негиздеги өкүлдөрүнөн турат.

Республикалык үч тараптуу комиссиянын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана комиссия тарабынан бекитилүүчү ушул комиссия жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.

9-статья. Республикалык үч тараптуу комиссиянын ыйгарым укуктары

Республикалык үч тараптуу комиссиянын иш-милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүү жана башкы макулдашууну түзүү, бул макулдашуунун аткарылышынын жүрүшүнө контролдукту жүзөгө ашыруу;

- социалдык-эмгектик жана ага байланышкан экономикалык мамилелерди жөнгө салуу, Кыргыз Республикасында экономикалык кайра түзүүлөрдүн социалдык багыттагы саясатын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;

- жамааттык келишимдерди, аймактык, тармактык (тармактар аралык) макулдашууларды түзүүгө көмөк көрсөтүү, жер-жерлерде түзүлүүчү жумушчу органдары жана топтору аркылуу аларды иштеп чыгууга катышуу;

- аймактык, тармактын (тармактар аралык) макулдашууларды иштеп чыгуунун, түзүүнүн жана жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан пикир келишпестиктерди чечүү;

- Кыргыз Республикасында жамааттык эмгек талаш-тартыштарын (чыр-чатактардын) алдын алуу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу жана аларды жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;

- социалдык-эмгектик жана аларга байланышкан экономикалык мамилелер маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун, республиканын мыйзам чыгаруу органдар тарабынан кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга жана талкуулоого катышуу;

- республикалык деңгээлде социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү.

Республикалык үч тараптуу комиссиянын компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:

- өзүнүн иш-милдеттерине кирген, мамлекеттик бийлик органдарынын, кесиптик бирликтердин жана алардын бирикмелеринин, иш берүүчүлөрдүн жана алардын бирикмелеринин кароосу үчүн милдеттүү болгон маселелер боюнча чечимдер кабыл алуу;

- башкы жана башка макулдашууларда, жамааттык келишимдерде (областтык, райондук жана жергиликтүү) каралган милдеттенмелерди тараптардын аткарышына контролдукту жүзөгө ашыруу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык социалдык өнөктөштүк актыларын аткарбаган адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш киргизүү;

- эл аралык тажрыйбаны үйрөнүү, социалдык өнөктөштүк жана социалдык-эмгектик мамилелер жаатындагы чет өлкөлүк тийиштүү уюмдар өткөрүүчү иш-чараларга катышуу, Республикалык үч тараптуу комиссиянын алкагында эл аралык эмгек ченемдерин ратификациялоого жана колдонууга байланышкан консультацияларды өткөрүү.

Республикалык үч тараптуу комиссиянын ишинин жүрүшүндө келип чыккан тараптар ортосундагы пикир келишпестиктер Эл аралык эмгек уюмунун конвенцияларын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте өз ара консультациялардын негизинде чечилет.

10-статья. Тармактык деңгээлдеги социалдык өнөктөштүктү уюштуруу

Тармактык деңгээлдеги социалдык өнөктөштүк социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча тармактык комиссиялар тарабынан жүзөгө ашырылат.

Республикалык да, аймактык да деңгээлдердеги тармактык комиссия консультациялар, сүйлөшүүлөр өткөрүү, тармактык макулдашуулардын долбоорлорун жана алардын корутундуларын даярдоо жолу менен социалдык өнөктөштөрдүн кызыкчылыктарын ылайыкташтырууну камсыз кылуу боюнча орган болуп саналат.

Мамлекеттик тийиштүү аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кесиптик бирликтер жана иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү кирген тармактык комиссиянын курамы тараптар тарабынан аныкталат.

Тармактык комиссиялардын иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана бул комиссиялар жөнүндө алар тарабынан бекитилген жоболор менен жөнгө салынат.

11-статья. Аймактык деңгээлдеги социалдык өнөктөштүктү уюштуруу

Аймактык деңгээлдеги социалдык өнөктөштүк социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча областтык, шаардык, райондук комиссиялар тарабынан жүзөгө ашырылат.

Аймактык деңгээлде тараптардын мамилелерин жөнгө салуунун жүйөсү болуп ар бир региондун өзгөчөлүктөрүнө байланышкан социалдык-эмгектик мамилелер, турмуш-тиричилик шарттары, кепилдиктер жана жеңилдиктер саналат.

Аймактык комиссиялар социалдык өнөктөштүк тараптарынын төмөнкүдөй талаптарынын: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (органдарынын) же мамлекеттик аткаруу бийлик органынын, кесиптик бирликтердин жана иш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин же аларды координациялоочу органдын сунуштамасы боюнча теңдештик негизде түзүлөт жана комиссиялар тарабынан бекитилген жоболордун негизинде иштейт.

12-статья. Тармактык жана аймактык комиссиялардын ыйгарым укуктары

Тармактык жана аймактык комиссиялардын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

- тармактык жана аймактык деңгээлдерде социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу жана тараптардын кызыкчылыктарын макулдашуу;

- социалдык жана экономикалык саясаттын негизги багыттары боюнча тараптардын көз караштарын макулдашуу;

- өзүнүн жыйналыштарында социалдык-эмгектик мамилелер жаатында макулдашылган саясатты жүргүзүү проблемаларын кароо;

- тармактык жана аймактык макулдашуулардын долбоорлорун иштеп чыгууда, аталган макулдашууларды ишке ашырууда, ошондой эле комиссиянын чечимдерин аткарууда мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын, иш берүүчүлөрдүн жана кызматкерлердин бирикмелеринин кызыкчылыктарын макулдашуу;

- аткаруу бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, иш берүүчүлөрдөн жана (же) кызматкерлердин өкүлдөрүнөн түзүлүп жаткан жана түзүлгөн макулдашуулар жөнүндө маалыматты суратып алуу;

- окумуштууларды жана адистерди тартуу менен жумушчу топторун түзүү;

- тармактык жана аймактык комиссиялардын жыйналыштарына тиешелүүлүгүнө жараша аткаруу бийлигинин борбордук жана жергиликтүү органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин кызматкерлерин, ошондой эле көз каранды эмес эксперттерди чакыруу;

- тармактык жана аймактык комиссиялар тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө мамлекеттик аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, иш берүүчүлөрдүн жана кызматкерлердин өкүлдөрүнүн кароосу жана аткаруусу үчүн милдеттүү болгон биргелешкен чечимдерди кабыл алуу жана өзүнүн чечимдеринин аткарылышына контролдук жүргүзүү;

- социалдык жана эмгек мамилелери жана социалдык өнөктөштүк маселелери боюнча эл аралык, республикалык, региондор аралык кеңешмелерди, конференцияларды, конгресстерди, семинарларды өткөрүүгө катышуу.

13-статья. Мамлекет аралык финансы-өнөр жай топтору, улут аралык корпорациялар, чет өлкө капиталынын үлүшү бар ишканалар иштеп жаткан шартта социалдык өнөктөштүктү уюштуруу

Улут аралык корпорацияларда, чет өлкө капиталынын үлүшү бар ишканаларда социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча социалдык өнөктөштүк мамлекет аралык жана өкмөт аралык макулдашуулардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде камсыз кылынат жана түзүлөт.

Социалдык-эмгектик мамилелердин маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдүн жана макулдашууларды түзүүнүн катышуучулары корпорация менен кесиптик бирликтердин жогорку же алар ыйгарым укук берген аткаруу органы болуп саналат.

14-статья. Социалдык өнөктөштүк тутумун каржылоону камсыз кылуу

Социалдык өнөктөштүк тутумун өнүктүрүүнү каржылоо биргелешкен чечимдердин жана бекитилген пландардын негизинде социалдык енөктөштүктүн тиешелүү тараптарынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Социалдык өнөктөштүк тутумун уюштуруучулук, маалыматтык-усулдук жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу бюджеттик каржылоонун чегинде социалдык өнөктөштүктүн тиешелүү тараптары жүзөгө ашырат.

15-статья. Республикалык үч тараптуу тармактык, аймактык комиссиялар тарабынан чечимдерди кабыл алуу тартиби

Чечим сүйлөшүүлөрдө бардык тараптардын макулдугуна жетишилген негизде Республикалык үч тараптуу, тармактык, аймактык комиссиялар тарабынан кабыл алынып, протокол менен жол-жоболоштурулат.

Комиссиялардын ишинин жүрүшүндө тараптардын ортосунда келип чыккан пикир келишпестиктер комиссиялар жөнүндө жободо каралган тартипте өз ара сүйлөшүүлөрдүн жана консультациялардын негизинде чечилет.

16-статья. Макулдашуулар жана анын түрлөрү

Башкы макулдашуу - Кыргыз Республикасында социалдык-эмгектик жана алар менен байланышкан экономикалык мамилелерди жөнгө салуунун жалпы принциптерин белгилөөчү, тармактык жана аймактык макулдашууларды жана жамааттык келишимдерди түзүү учурунда эсепке алынуучу укуктук акт.

Башкы макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, республикалык иш берүүчүлөрдүн бирикмелери менен Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн негизинде тиешелүү мезгилге мамлекеттик бюджет бекитилгенге чейин иштелип чыгат жана түзүлөт.

Тармактык макулдашуу - кат жүзүндөгү келишим түрүндө жол-жоболоштурулган, айкын тармактын кызматчылары үчүн эмгек акы төлөөнүн жалпы шарттары, эмгек кепилдиктери жана жеңилдиктер боюнча тараптардын өз ара милдеттенмесин аныктоочу жана аймактык макулдашуулар менен жамааттык келишимдерди түзүү учурунда эске алынуучу укуктук акт.

Тармактык макулдашуу тиешелүү мамлекеттик аткаруу органдары менен иш берүүчүлөрдүн жана кызматчылардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн негизинде иштелип чыгат жана түзүлөт.

Аймактык макулдашуу - кат жүзүндөгү келишим түрүндө жол-жоболоштурулган, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагындагы эмгектин жалпы шарттарын, эмгек кепилдиктерин жана жеңилдиктерин жөнгө салуучу, бардык тараптар үчүн милдеттүү жана жамааттык келишимди түзүү учурунда эске алынуучу укуктук акт.

Аймактык макулдашуу жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары иш берүүчүлөрдүн жана кызматкерлердин бирикмелеринин ортосунда аймактык деңгээлдеги (область, шаар, район) сүйлөшүүлөрдүн негизинде иштелип чыгат жана түзүлөт.

Жамааттык сүйлөшүүлөргө катышкан тараптардын макулдугу боюнча түзүлгөн макулдашуу эки тараптуу жана үч тараптуу болушу мүмкүн.

Макулдашуулардын күчү тиешелүү мамлекеттик аткаруу органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, сүйлөшүүлөрдө анын атынан ушул макулдашууларды иштеп чыгууга жана түзүүгө ыйгарым укук берилген иш берүүчүлөрдүн жана кызматкерлердин тараптарынын тиешелүү өкүлдөрүнө, ошондой эле мамлекеттик аткаруу органдарына, макулдашуу түзүлгөндөн кийин ага кошулуучу иш берүүчүлөргө жана кызматкерлерге жайылтылат.

Кызматчыларга бир эле учурда бир нече макулдашуунун күчү жайылтыла турган болсо, кызматкерлер үчүн кыйла оңтойлуу макулдашуунун шарттары колдонулат.

17-статья. Макулдашууларды иштеп чыгуу жана түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү укугу

Макулдашууну иштеп чыгуу, мазмуну, түзүү, өзгөртүү, толуктоо киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн демилгечиси катары социалдык өнөктөштүктүн кайсы тарабы болсо да чыгууга укуктуу.

Республикалык, тармактык жана аймактык деңгээлдерде кызматкерлер жана иш берүүчүлөр ыйгарым укук берген бир нече өкүл болгон учурда алардын ар бирине кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн атынан сүйлөшүү жүргүзүүгө укук берилет.

18-статья. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, макулдашууларды иштеп чыгуу жана түзүү тартиби

Келишимдин жүйөсү жана аны түзүүнүн мөөнөттөрү боюнча ар кандай деңгээлдеги макулдашууларга төмөндөгүдөй өз ара байланыш белгиленет: башкы макулдашуу социалдык-экономикалык проблемаларды чечүүнүн жалпы принциптерин жана мамилелерин аныктоочу катары түзүү мөөнөттөрү боюнча биринчилерден болуп түзүлөт; калган макулдашуулар тиешелүү деңгээлдери боюнча эки айдан ашпаган убакытта түзүлөт.

Макулдашуунун мазмуну жана түзүмү тараптардын өкүлдөрүнүн өз ара макулдугу боюнча аныкталат.

Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби, макулдашууну иштеп чыгуунун жана түзүүнүн мөөнөттөрү, ага өзгөртүү жана толуктоо киргизүүнүн тартиби, ага кошулуу комиссия тарабынан бекитилет да, алардын чечими менен жол-жоболоштурулат. Макулдашууга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тараптардын өз ара макулдугу боюнча жүргүзүлөт.

Макулдашуулардын долбоорлорун кароо тиешелүү комиссиялардын жана алардын жумушчу топторунун алкагында, зарылчылык болсо эксперттерди тартуу менен жүзөгө ашырылат.

Тараптардын кайсынысы болсо да макулдашуулардын мөөнөтү бүтөөрүнө үч ай калганда же ушул макулдашууларда белгиленген мөөнөттөрдө жаңы макулдашууларды түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталганы тууралу башка тараптарга кат жүзүндө кабарлама берүүгө укугу бар.

Макулдашуулардын мөөнөтү өткөндөн кийин тараптардын макулдугу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мезгилине жараша, бирок үч айдан ашпаган убакытка узартылышы мүмкүн.

Сүйлөшүүлөрдүн башталганы тууралу башка тараптан кат жүзүндө кабарлама алган тараптар он календардык күн ичинде аларды карап, макулдашууларды иштеп чыгуу жана түзүү боюнча сүйлөшүүлөргө киришүүгө милдеттүү.

Эгерде тараптар сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө макулдашууга келе алышпаса протокол түзүлөт, ага тараптардын пикир келишпестиктеринин себептерин четтетүү боюнча көрүлө турган чаралар тууралу сунуштары, ошондой эле сүйлөшүүлөрдү улантуунун мөөнөттөрү киргизилет.

Макулдашуу тараптар кол койгон учурдан тартып болбосо макулдашууларда белгиленген күндөн баштап күчүнө кирет.

Макулдашуунун иштөө мөөнөтү тараптардын макулдугу боюнча болбосо жаңы макулдашуу кабыл алынганга чейин белгиленет, бирок үч жылдан ашпашы керек.

Башкы, тармактык жана аймактык макулдашууларды каттоону тиешелүүлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана мамлекеттик аймактык аткаруу органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүзөгө ашырат.

19-статья. Макулдашууларга кошулуунун тартиби

Иш берүүчүлөрдүн бирикмесине кирүүчү жаңы иш берүүчүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же иш берүүчүлөрдүн бирикмесинин уставында каралган тартипте иш берүүчүлөрдүн ушул бирикмеси менен мурда түзүлүп, колдонулуп жаткан макулдашууларга кошулушат.

Макулдашууларды түзгөн учурда кесиптик бирликтер жана алардын бирикмелери, иш берүүчүлөр жана алардын бирикмелери макулдашууну түзүү боюнча сүйлөшүүлөргө катышпаган (ар кандай себептер менен) башка коомдук уюмдардын өкүлдөрү, тараптардын ар бирине өз ниетин жана тиешелүү тараптын милдеттенмелерин өзүнө ала тургандыгы жөнүндө кат жүзүндө кабарлама жиберүү менен ага кошула алат.

Эгерде жумуш берүүчүлөрдүн бирикмесинин мүчөсү бул бирикмеден макулдашуу түзүлгөндөн кийин чыгып кетсе, ал макулдашуунун күчү өзүнүн белгиленген мөөнөтү аяктаганча ошол макулдашууга жайылтылат. Макулдашууну түзгөнгө чейин чыгып калган иш берүүчүлөрдүн бирикмелери, эгерде бардык иш-аракети ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга жооп берсе, сүйлөшүүлөргө өз бетинче катышууну улантууга укуктуу.

20-статья. Макулдашууну өзгөртүүнүн жана ага толуктоолорду киргизүүнүн тартиби. Макулдашуунун иш-аракетин мөөнөтүнөн мурда токтотуу

Макулдашууну өзгөртүү жана ага толуктоолорду киргизүү тараптардын өз ара макулдугу боюнча макулдашууда же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

Макулдашуунун иш-аракетин мөөнөтүнөн мурда токтотуу (өзгөчө учурларда) тараптардын өз ара макулдугу боюнча гана болушу мүмкүн.

21-статья. Макулдашуунун аткарылышын камсыз кылуу

Макулдашууну аткаруу жана жаңы макулдашууну даярдоо социалдык өнөктөштүктүн тараптары жана социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча тиешелүү комиссия тарабынан камсыз кылынат.

Социалдык өнөктөштүктүн тараптары макулдашууну жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планын макулдашууда шартталган мөөнөттө иштеп чыгышат.

Социалдык өнөктөштүк тараптары макулдашуунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндөгү маселени жарым жылдыктын жыйынтыктары же комиссиянын чечими боюнча карайт. Макулдашууну аткаруунун натыйжалары (баяндама түрүндө) макулдашуунун тараптары аныктагандай массалык маалымат каражаттарында жарыяланат.

Макулдашууда камтылган шарттар жөнгө салуунун жүйөсүнө тиешелүү Кыргыз Республикасынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, ушул макулдашууну кабыл алуу учурунда эсепке алынат.

Макулдашууларды түзүү, өзгөртүү жана бюджеттик каржылоону талап кылуучу толуктоолорду киргизүү макулдашуунун иш-аракетинин мөөнөтүнө карата тиешелүү финансы жылына бюджеттин долбоорун даярдоодо тараптар жүзөгө ашырууга тийиш. Башка учурда мамлекеттик аймактык аткаруу органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары макулдашуунун аткарылышын каржылоону камсыз кылыш үчүн тиешелүү деңгээлдеги бюджетке түзөтүүлөрү кабыл алуу жагынан демилге көтөрөт. Финансы жылына карата тиешелүү бюджетти кабыл алуу боюнча тараптардын макулдашылган чечими макулдашууга атайын тиркеме катары жол-жоболоштурулат.

Учурдагы финансы жылына макулдашуунун тиешелүү шарттарын каржылоо толук камсыз кылынбаса, макулдашуунун тарабы болуп эсептелген кызматкерлердин өкүлдөрү учурдагы финансы жылына карата макулдашууну өзгөртүү тууралу талаптарды коюуга укугу бар.

22-статья. Макулдашууларды аткарууга контролдук

Макулдашуулардын аткарылышына контролду республикалык, тармактык жана аймактык деңгээлдеги тиешелүү комиссиялар жүзөгө ашырышат.

23-статья. Жамааттык келишимди түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тартиби

Жамааттык келишимдерди түзгөн уюмдар Республикалык (аймактык) үч тараптуу комиссиянын сунуштамасы боюнча уюмдун социалдык жана экономикалык ишин камсыз кылуу маселелерин кароого, бийликтин бардык органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, иш берүүчүлөрдүн бирикмелеринде (менчигинин түрүнө карабастан) жана кесиптик бирлигинде кызматкерлерди социалдык жактан коргоо жагынан артыкчылыктуу укукка ээ.

Жамааттык келишимдерди иштеп чыгуу, түзүү жана ишке ашыруу шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле социалдык өнөктөштүктүн тараптары түзгөн макулдашууларда белгиленген тартип боюнча жүзөгө ашырылат.

Бирдиктүү өкүлчүлүктүү органды түзүү тууралу макулдашууга жетише албаган уюмдун кызматкерлеринин өкүлдөрү (жобого ылайык) өз кызматкерлеринин атынан өзүнчө жамааттык келишимди (же кызматкерлердин башка өкүлдөрү менен бирдикте) түзүүгө укугу бар.

24-статья. Жамааттык келишимдердин мазмуну

Жамааттык келишимдердин мазмунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тараптар аныкташат. Жамааттык келишимдерде төмөндөгүдөй ченемдик жоболор милдеттүү түрдө бекемделүүгө тийиш:

- эмгекке акы төлөө кечиктирилген учурда кызматкерге компенсацияларды төлөө тартиби, анын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгенден төмөн болбошу керек;

- жамааттык келишимдин, макулдашуулардын жана Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарынын шарттарын бузуунун кесепетинен кызматкерге зыян келтирилсе, кызматкердин пайдасына компенсациялык төлөмдөрдү берүүнүн тартиби жана өлчөмү;

- жамааттык келишимдин, макулдашуулардын, Кыргыз Республикасынын кесиптик бирликтери жөнүндө мыйзамдарынын шарттарын бузуунун болбосо кесиптик бирликтин ишине тоскоолдук кылуунун кесепетинен кесиптик бирликти зыян тарттырса, кесиптик бирликтин пайдасына компенсациялык төлөмдөрдү берүүнүн тартиби жана өлчөмү;

- кесиптик бирликтин мүчөсү болгон кызматкерди администрациянын демилгеси боюнча кызматтан бошоткон учурда тиешелүү кесиптик бирлик менен алдын ала макулдашуу мөөнөттөрү;

- иш берүүчүнүн демилгеси менен эмгекти уюштуруунун тартибин өркүндөтүү, жоюу, уюмду, анын түзүмдүк бөлүмдөрүн кайра профилдештирүү, өндүрүштү толук же жарым-жартылай токтотуу менен байланышкан кызматкерлерди массалык түрдө бошотуу учурунда кесиптик бирликке кабарлоонун жана алар менен консультация жүргүзүүнүн тартиби;

- иш берүүчүлөр уюмдун кызматкерлеринин санын же штатын кыскартуу боюнча иш-чараларды жүргүзгөн учурда кызматкерлерди айрым категориялары үчүн жумуш ордун сактап калуунун артыкчылыктуу укугун камсыз кылуу;

- тиричилик минимумунун, калктын минималдуу керектөө бюджетинин чоңдугун өзгөртүүнү эске алып, кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнү жөнгө салуунун механизми;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эмгек акыны индекстөөнүн тартибин колдонуу механизми;

- эмгектин шарттарын жана корголушун жакшыртуу боюнча, аны ишке ашырууну жана белгиленген максатына жараша пайдаланууну камсыз кылууну кошо алганда каражаттарды бөлүү иш-чаралары;

- "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жашына жараша иш берүүчү тарабынан жеңилдик иретинде мөөнөтүнөн мурда төлөнүүчү пенсияларды кызматкерлерге төлөөнүн тартиби;

- жамааттык келишимдин тарабы болуп саналган тиешелүү кесиптик бирликтин органдарынын ишин камсыз кылуучу шарттарды түзүү боюнча чаралар;

- жамааттык келлшимди түзүүгө катышуучу баштапкы кесиптик бирлик уюмдары кирген кесиптик бирликтер (кесиптик бирликтердин бирикмелери) тарабынан түзүлгөн тармактык (тармактар аралык) жана башка макулдашууларды жамааттык келишимдин бардык тараптары милдеттүү аткаруу үчүн тизме.

Жогоруда көрсөтүлгөн жоболорду аткарууга байланышкан дагы башка финансылык милдеттенмелер иш берүүчүгө жүктөлөт.

25-статья. Калкты иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү жаатындагы үч тараптуу кызматташтык

Калкты иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү жаатындагы үч тараптуу кызматташтык "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.

26-статья. Социалдык өнөктөштүктүн тараптарынын жамааттык эмгек талаш-тартышын жөнгө салууга катышуусу

Социалдык өнөктөштүктүн тараптары жамааттык эмгек талаш-тартышты жөнгө салууга, жараштыруу жол-жоболорун уюштурууга көмөк көрсөтүп жана аларга катышат, ошондой эле анын алдын алуу жана чечүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат.

Кызматкерлердин жана алардын өкүлдөрүнүн башка социалдык өнөктөштүктүн тараптарына макулдашуу түзүү боюнча сүйлөшүүлөргө катышуу жөнүндө, ошондой эле иш берүүчүнүн же иш берүүчүлөрдүн бирикмесинин макулдашууга кошулуу же кошулбоо тууралу талаптары жамааттык эмгек талаш-тартыштын жүйөсү болушу мүмкүн.

27-статья. Макулдашуулардын, жамааттык келишимдердин тараптарынын жоопкерчилиги

Өзүнө алган милдеттенмелерин бузган же аларды аткарбаган макулдашуулардын, жамааттык келишимдердин тараптары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

Мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, иш берүүчү (иш берүүчүлөр) катары чыккан адамдар, иш милдетине түзүлгөн макулдашуунун, жамааттык келишимдин аткарышын камсыз кылуу кирген кесиптик бирликтин жетекчи органдарынын кызматкерлери макулдашуу, жамааттык келишим боюнча милдеттенмелерди бузгандыгы же аткарбагандыгы үчүн тартиптик жоопкерчиликке тартылышат.

Тарап (тараптар), ошондой эле социалдык өнөктөштүк тутумунун тиешелүү органы аталган адамдарды тартиптик жоопкерчиликке тартуу тууралу компетенциясына тиешелүү чечим кабыл алуу кирген органдарга (адамдарга) талап жиберүүгө укуктуу.

Коюлган талап келип түшкөндөн кийин отуз календардык күн ичинде каралууга тийиш, ушул мөөнөттө тарап (тараптар) социалдык өнөктөштүк тутумунун тиешелүү органына көрүлгөн чаралар же аны канааттандыруудан баш тартууга негиз болгон себептер тууралу жооп кайтарылышы керек.

Эгерде бул жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбесе, макулдашуунун, жамааттык келишимдин тараптары макулдашуу, жамааттык келишим боюнча милдеттенмелерди бузгандыгы, аткарбагандыгы үчүн өз ара макулдашып, жоопкерчилик белгилөөгө укуктуу. Мындай жоопкерчиликтин чараларын тараптарга карата колдонуунун шарттары жана тартиби макулдашууда, жамааттык келишимде же макулдашууну, жамааттык келишимди аткарууну көздөп кабыл алынуучу башка документтерде алдын ала каралат.

Келишимдик жоопкерчиликтин алкагында макулдашуунун, жамааттык келишимдин тараптары социалдык өнөктөштүк тутумунун органына макулдашылган жоопкерчилик чараларын (санкцияларды) колдонуу боюнча ыйгарым укуктарды берүүгө, ошонун ичинде макулдашууларды, жамааттык келишимдерди аткарбагандыгы же өз убагында аткарбагандыгы үчүн акчалай төлөтүүгө укуктуу.

Жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечим социалдык өнөктөштүк тутумунун тиешелүү органы тарабынан ушул орган тууралу жободо аныкталган тартипте кабыл алынат жана протоколдо жол-жоболоштурулат.

Эгерде макулдашууга, жамааттык келишимге тараптын (тараптардын) мүлктүк милдеттенмелери киргизилсе, анда бул милдеттенмелердин аткарылганы же талаптагыдай эмес аткарылганы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык келтирилет. Жаматтык келишимдеги макулдашуунун башка тарабы (тараптары) келип чыккан талаш-тартышты кароонун башка тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаса, сот тартибинде мүлктүк милдеттенмелерди мажбурлоо жолу менен аткартууну талап кылууга укуктуу.

28-статья. Иш берүүчү катары чыккан адамдардын жоопкерчилиги

Кызматкерлердин өкүлдөрүнүн талабы боюнча иш берүүчү (менчик ээси) макулдашуунун, жамааттык келишимдин шарттары аткарылбай калышына күнөөлүү жетекчиге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды колдонууга милдеттүү.

29-статья. Макулдашуунун, жамааттык келишимдин милдеттенмелерин аткаруу

Жоопкерчиликке тартуу тарапты (тараптарды) макулдашуу, жамааттык келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт.

30-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

"Эркинтоо" гезитинде 2003-жылдын 1-августунда № 57 жарыяланган

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев

2003-жылдын 5-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган

Жаңы17.03.2023

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2003-жылдын 25-июлу N 154

Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Ушул Мыйзам социалдык-эмгектик жана ага байланышкан экономикалык мамилелерди жөнгө салуу жана коомдук ынтымактыкка жетишүү максатында Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүк тутумунун жана механизминин уюштурулушунун, иштөөсүнүн, чыңдалышынын, өнүгүшүнүн укуктук негиздерин белгилейт.

1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

Социалдык өнөктөштүк актылары - социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуучу жамааттык келишимдер жана макулдашуулар.

(Экинчи бөлүк КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Үчүнчү бөлүк КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Уюм - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, менчигинин түрүнө карабастан ар кандай юридикалык жак.

(Бешинчи бөлүк КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү - ушул Мыйзамга жана эмгек мыйзамдарына ылайык социалдык өнөктөштүктө жана жамааттык сүйлөшүүлөрдө иш берүүчүлөрдүн атынан чыгууга ыйгарым укуктуу иш берүүчүлөр жана иш берүүчүлөрдүн бирикмеси.

Кызматкерлердин өкүлдөрү - кесиптик бирликтердин, алардын бирикмелеринин, алардын уставдарына ылайык өкүлү катары чыгууга ыйгарым укук берилген органдар, ошондой эле кызматкерлер ыйгарым укук берген башка адамдар жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн уюмдар. Кесиптик бирликтин мүчөсү болбогон кызматкерлер кесиптик бирликтерине өздөрүнүн кызыкчылыктарын көздөөчүлөр катары өкүлдүккө ыйгарым укук бериши мүмкүн.

Иш берүүчүлөр тарабынан түзүлгөн же каржыланган органдардын, мамлекеттик аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясий партиялардын кызматкерлеринин кызыкчылыктарын көздөөчү өкүлдөрү болушуна жол берилбейт.

Социалдык өнөктөштүк тутуму - социалдык-эмгектик мамилелер жана социалдык-эмгектик чыр-чатактарды чечүү чөйрөсүндөгү уюштуруучулук, укуктук, экономикалык мүнөздөгү чаралардын жыйындысы; социалдык өнөктөштөр тарабынан түзүлүүчү органдар жана ошол органдардын өз ара аракеттенүү жана иштөө тартиби.

Социалдык өнөктөштүк - макулдашылган социалдык-экономикалык саясатты, эмгек мамилелер жаатындагы саясатты аныктоодо жана турмушка ашырууда мамлекеттик бийлик органдары, иш берүүчүлөрдүн бирикмелери менен кесиптик бирликтердин өз ара аракети, ошондой эле мамлекет тараптардын өз ара аракетинин чектерин айкындай турган иш берүүчүлөр менен кесиптик бирликтер ортосундагы эки тараптуу мамилелери.

Социалдык өнөктөштүктүн тараптары - кызматкерлер (алардын өкүлдөрү), иш берүүчүлөр (алардын өкүлдөрү), Кыргыз Республикасынын бардык түзүмдөрүнүн мамлекеттик бийлик органдары (үч жактуулук принциптеринде - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети - кесиптик бирликтер - иш берүүчүлөр, айыл өкмөтүнөн баштап Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине чейин, менчигинин түрүнө карабастан чарбалык органдардын бардык түзүмдөрүндө). Республикалык деңгээлдеги социалдык диалог Социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча республикалык үч тараптуу комиссиянын алкагында жүзөгө ашырылат.

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

"2-статья. Эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүктүн укуктук негиздери

Эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүктүн (мындан ары - социалдык өнөктөштүк) укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, "Кесиптик бирликтер жөнүндө", "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", "Иш берүүчүлөрдүн бирикмелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Мыйзам жана социалдык өнөктөштүктүн тараптарынын жана алардын өкүлдөрүнүн абалын эл аралык ченемдерге салыштырмалуу начарлата албаган башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык түзүлгөн башкы макулдашуу. тармактык жана аймактык макулдашуулар, жамааттык келишимдер түзөт.

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-статья. Ушул Мыйзам колдонулуучу чөйрө

Ушул Мыйзамдын күчү менчигинин түрүнө карабастан иш берүүчүлөргө, алардын бирикмелерине, кесиптик бирликтердин жана алардын өкүлчүлүктүү органдарынын мүчөлүгүнө карабастан уюмдардын бардык кызматкерлерине, Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жайылтылат.

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-статья. Социалдык өнөктөштүктүн кошумча принциптери

Социалдык өнөктөштүк Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган негизги принциптерде түзүлөт.

Социалдык өнөктөштүктүн кошумча принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) үч жактуулук (республикалык деңгээлде, тармактын жана кесиптин деңгээлинде кесиптик бирликтер менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы социалдык диалогго мамлекеттик бийлик органдарынын милдеттүү катышуусу);

2) социалдык өнөктөштүктү Эл аралык эмгек уюмунун конвенцияларында жана сунуштамаларында бекитилген эл аралык эмгек стандарттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизүүгө жана ишке ашырууга багыттоо;

3) социалдык өнөктөштөрдүн өз алдынчалыгы, анын ичинде өзүн-өзү уюштуруунун формаларын жана тартибин тандоонун, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү шайлоонун, ошондой эле аталган жол-жоболорго мамлекеттик бийлик органдарынын кийлигишүүсүнө жол бербөөнүн өз алдынчалыгы;

4) социалдык өнөктөштөрдүн теңдиги жана макулдашуулардын ыктыярдуу мүнөзү;

5) социалдык өнөктөштөрдүн ак ниеттүүлүгү, анын ичинде бири-биринин сүйлөшүү позициясын бузууга жана баркын түшүрүүгө жол берилбестик, социалдык диалогдун тараптарынын толук өз ара маалымдалышы, коом же бардык кызматкерлер үчүн маанилүү болгон маселелердин ачык-айкындуулугу, социалдык өнөктөштөрдүн аракеттеринин алардын билдирген максаттарына шайкештиги, сүйлөшүүлөрдү баштоодон, улантуудан же консенсуска жетишилген шарттарда макулдашуу түзүүдөн качууга, этибар албоого жана/же баш тартууга жол берилбестик, социалдык өнөктөштөрдүн ортосунда макулдашууларды түзүүдө кызматкерлердин мыйзамдуу эмгек укуктарын жана кепилдиктерин чектөөгө жол берилбестик;

6) социалдык өнөктөштүктүн бардык деңгээлдеринде социалдык өнөктөштөрдүн ишинин ачык-айкындуулугу, республикалык, тармактык жана аймактык деңгээлдерде кабыл алынган чечимдердин жана кол коюлган макулдашуулардын тексттерин, кол коюлган макулдашуулардын ишке кириши менен кызматкерлерди камтуу жөнүндө маалыматтарды жарыялоонун милдеттүүлүгү;

7) социалдык өнөктөштүктүн бардык деңгээлдеринде макулдашууларды түзүүдө колдонуудагы эмгек мыйзамдарына салыштырмалуу социалдык-эмгек стандарттарын колдоонун же жогорулатуунун артыкчылыгы;

8) макулдашуулардын аткарылышынын милдеттүүлүгү жана кабыл алынган милдеттенмелерден бир тараптуу баш тартууга жол берилбестик, макулдашууларды бузгандарга карата социалдык өнөктөштөрдүн таасир этүү чараларынын шайкештиги жана адекваттуулугу;

9) бардык деңгээлдердеги социалдык өнөктөштүктө кызматкерлердин кызыкчылыктарын билдирүүчү адамдарга карата басмырлоого жана зомбулукка жол берилбестик;

10) иш берүүчүлөрдүн социалдык жоопкерчилиги;

11) Кыргыз Республикасында социалдык өнөктөштүк жана социалдык диалог үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө мамлекеттин жоопкерчилиги.

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-статья. Социалдык өнөктөштүктүн милдеттери

Социалдык өнөктөштүктүн милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- республиканын, региондордун жана экономика тармактарынын экономикалык жана социалдык өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү;

- социалдык-эмгек жана аларга байланышкан экономикалык мамилелерди жөнгө салуунун майнаптуу механизмин түзүү;

- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана ушул мыйзамга ылайык социалдык өнөктөштүк тараптарынын ортосунда жамааттык сүйлөшүүлөрдү, өз ара консультацияларды өткөрүү, макулдашууларды, жамааттык келишимдерди иштеп чыгуу жана түзүү;

- жамааттык эмгек талаш-тартыштарын болтурбоо жана социалдык-эмгектик чыр-чатактарды чечүүгө көмөк көрсөтүү;

- социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуучу мыйзам базасын өркүндөтүү;

- иш берүүчүлөрдүн бирикмелерин жана кесиптик бирликтерди андан ары өнүктүрүү жагынан социалдык өнөктөштөр катары алардын ролун күчөтүү.

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-статья. Социалдык өнөктөштүктүн иштөө негиздери

Социалдык өнөктөштүк төмөнкүлөрдүн негизинде иштейт:

- социалдык өнөктөштүктүн катышуучуларынын ортосундагы өз ара консультациялар жана сүйлөшүүлөр;

- жамааттык келишимдерди жана макулдашууларды түзүү, социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу маселелери боюнча биргелешкен чечимдерди кабыл алуу.

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7-статья. Социалдык өнөктөштүк тутумунун деңгээлдери

Социалдык өнөктөштүк тутуму төмөнкүдөй деңгээлдерди камтыйт:

- Кыргыз Республикасында социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуунун негиздерин белгилөөчү республикалык деңгээлди;

- тармактагы эмгек чөйрөсүнүн социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салууну белгилөөчү тармактык деңгээлди;

- администрациялык-аймактык бирдиктин деңгээлинде эмгек чөйрөсүндөгү социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуунун негиздерин белгилөөчү аймактык (областтык, шаардык, райондук) деңгээлди;

- кызматкерлер менен иш берүүчүнүн ортосундагы эмгек чөйрөсүндөгү өз ара айкын милдеттенмелерди белгилөөчү уюштуруу денгээлин.

8-статья. Социалдык өнөктөштүктү республикалык деңгээлде уюштуруу

Республикалык деңгээлде социалдык өнөктөштүк туруктуу иштөөчү орган болуп саналган жана тиешелүүлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өкүлдөрүнөн, кесиптик бирликтер бирикмелеринин өкүлдөрүнөн, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн көпчүлүгүн бириктирүүчү иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрүнөн турган Социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча республикалык үч тараптуу комиссия (мындан ары - Республикалык үч тараптуу комиссия) тарабынан жүзөгө ашырылат.

Республикалык үч тараптуу комиссиянын иши жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

9-статья. Республикалык үч тараптуу комиссиянын ыйгарым укуктары

Республикалык үч тараптуу комиссиянын иш-милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүү жана башкы макулдашууну түзүү, бул макулдашуунун аткарылышынын жүрүшүнө контролдукту жүзөгө ашыруу;

- социалдык-эмгектик жана ага байланышкан экономикалык мамилелерди жөнгө салуу, Кыргыз Республикасында экономикалык кайра түзүүлөрдүн социалдык багыттагы саясатын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;

- жамааттык келишимдерди, аймактык, тармактык (тармактар аралык) макулдашууларды түзүүгө көмөк көрсөтүү, жер-жерлерде түзүлүүчү жумушчу органдары жана топтору аркылуу аларды иштеп чыгууга катышуу;

- аймактык, тармактын (тармактар аралык) макулдашууларды иштеп чыгуунун, түзүүнүн жана жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан пикир келишпестиктерди чечүү;

- Кыргыз Республикасында жамааттык эмгек талаш-тартыштарын (чыр-чатактардын) алдын алуу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу жана аларды жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;

- социалдык-эмгек маселелери жана алар менен байланышкан экономикалык мамилелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга жана талкуулоого катышуу;

- республикалык деңгээлде социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү.

Республикалык үч тараптуу комиссиянын компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:

- өзүнүн иш-милдеттерине кирген, мамлекеттик бийлик органдарынын, кесиптик бирликтердин жана алардын бирикмелеринин, иш берүүчүлөрдүн жана алардын бирикмелеринин кароосу үчүн милдеттүү болгон маселелер боюнча чечимдер кабыл алуу;

- башкы жана башка макулдашууларда, жамааттык келишимдерде (областтык, райондук жана жергиликтүү) каралган милдеттенмелерди тараптардын аткарышына контролдукту жүзөгө ашыруу;

- кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органынын талабы боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык социалдык өнөктөштүктүн акттарын аткарбаган уюмдун жетекчисин, анын орун басарларын тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;

- эл аралык тажрыйбаны үйрөнүү, социалдык өнөктөштүк жана социалдык-эмгектик мамилелер жаатындагы чет өлкөлүк тийиштүү уюмдар өткөрүүчү иш-чараларга катышуу, Республикалык үч тараптуу комиссиянын алкагында эл аралык эмгек ченемдерин ратификациялоого жана колдонууга байланышкан консультацияларды өткөрүү.

Республикалык үч тараптуу комиссиянын ишинин жүрүшүндө келип чыккан тараптар ортосундагы пикир келишпестиктер комиссия жөнүндө жободо каралган тартипте өз ара консультациялардын негизинде чечилет.

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

10-статья. Тармактык деңгээлдеги социалдык өнөктөштүктү уюштуруу

Тармактык деңгээлдеги социалдык өнөктөштүк социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча тармактык комиссиялар тарабынан жүзөгө ашырылат.

Республикалык да, аймактык да деңгээлдердеги тармактык комиссия консультациялар, сүйлөшүүлөр өткөрүү, тармактык макулдашуулардын долбоорлорун жана алардын корутундуларын даярдоо жолу менен социалдык өнөктөштөрдүн кызыкчылыктарын ылайыкташтырууну камсыз кылуу боюнча орган болуп саналат.

Мамлекеттик тийиштүү аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кесиптик бирликтер жана иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү кирген тармактык комиссиянын курамы тараптар тарабынан аныкталат.

Тармактык комиссиялардын иши комиссиялар тарабынан бекитилген бул комиссиялар жөнүндө жоболор менен жөнгө салынат.

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-статья. Аймактык деңгээлдеги социалдык өнөктөштүктү уюштуруу

Аймактык деңгээлдеги социалдык өнөктөштүк социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча областтык, шаардык, райондук комиссиялар тарабынан жүзөгө ашырылат.

Аймактык деңгээлде тараптардын мамилелерин жөнгө салуунун жүйөсү болуп ар бир региондун өзгөчөлүктөрүнө байланышкан социалдык-эмгектик мамилелер, турмуш-тиричилик шарттары, кепилдиктер жана жеңилдиктер саналат.

Аймактык комиссиялар социалдык өнөктөштүк тараптарынын төмөнкүдөй талаптарынын: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (органдарынын) же мамлекеттик аткаруу бийлик органынын, кесиптик бирликтердин жана иш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин же аларды координациялоочу органдын сунуштамасы боюнча теңдештик негизде түзүлөт жана комиссиялар тарабынан бекитилген жоболордун негизинде иштейт.

12-статья. Тармактык жана аймактык комиссиялардын ыйгарым укуктары

Тармактык жана аймактык комиссиялардын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

- тармактык жана аймактык деңгээлдерде социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу жана тараптардын кызыкчылыктарын макулдашуу;

- социалдык жана экономикалык саясаттын негизги багыттары боюнча тараптардын көз караштарын макулдашуу;

- өзүнүн жыйналыштарында социалдык-эмгектик мамилелер жаатында макулдашылган саясатты жүргүзүү проблемаларын кароо;

- тармактык жана аймактык макулдашуулардын долбоорлорун иштеп чыгууда, аталган макулдашууларды ишке ашырууда, ошондой эле комиссиянын чечимдерин аткарууда мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын, иш берүүчүлөрдүн жана кызматкерлердин бирикмелеринин кызыкчылыктарын макулдашуу;

- аткаруу бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, иш берүүчүлөрдөн жана (же) кызматкерлердин өкүлдөрүнөн түзүлүп жаткан жана түзүлгөн макулдашуулар жөнүндө маалыматты суратып алуу;

- окумуштууларды жана адистерди тартуу менен жумушчу топторун түзүү;

- тармактык жана аймактык комиссиялардын жыйналыштарына тиешелүүлүгүнө жараша аткаруу бийлигинин борбордук жана жергиликтүү органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин кызматкерлерин, ошондой эле көз каранды эмес эксперттерди чакыруу;

- тармактык жана аймактык комиссиялар тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө мамлекеттик аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, иш берүүчүлөрдүн жана кызматкерлердин өкүлдөрүнүн кароосу жана аткаруусу үчүн милдеттүү болгон биргелешкен чечимдерди кабыл алуу жана өзүнүн чечимдеринин аткарылышына контролдук жүргүзүү;

- социалдык жана эмгек мамилелери жана социалдык өнөктөштүк маселелери боюнча эл аралык, республикалык, региондор аралык кеңешмелерди, конференцияларды, конгресстерди, семинарларды өткөрүүгө катышуу.

13-статья. Мамлекет аралык финансы-өнөр жай топтору, улут аралык корпорациялар, чет өлкө капиталынын үлүшү бар ишканалар иштеп жаткан шартта социалдык өнөктөштүктү уюштуруу

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

14-статья. Социалдык өнөктөштүк тутумун каржылоону камсыз кылуу

Социалдык өнөктөштүк тутумун өнүктүрүүнү каржылоо биргелешкен чечимдердин жана бекитилген пландардын негизинде социалдык енөктөштүктүн тиешелүү тараптарынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Социалдык өнөктөштүк тутумун уюштуруучулук, маалыматтык-усулдук жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу бюджеттик каржылоонун чегинде социалдык өнөктөштүктүн тиешелүү тараптары жүзөгө ашырат.

15-статья. Республикалык үч тараптуу тармактык, аймактык комиссиялар тарабынан чечимдерди кабыл алуу тартиби

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

16-статья. Макулдашуулардын түрлөрү

Жөнгө салынуучу социалдык-эмгек мамилелери чөйрөсүнө жараша эмгек мыйзамдарына ылайык башкы, тармактык (тармактар аралык), аймактык жана башка макулдашуулар түзүлүшү мүмкүн.

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-статья. Макулдашууларды иштеп чыгуу жана түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү укугу

Макулдашууну иштеп чыгуу, мазмуну, түзүү, өзгөртүү, толуктоо киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн демилгечиси катары социалдык өнөктөштүктүн кайсы тарабы болсо да чыгууга укуктуу.

Республикалык, тармактык жана аймактык деңгээлдерде кызматкерлер жана иш берүүчүлөр ыйгарым укук берген бир нече өкүл болгон учурда алардын ар бирине кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн атынан сүйлөшүү жүргүзүүгө укук берилет.

18-статья. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, макулдашууларды иштеп чыгуу жана түзүү тартиби

Келишимдин жүйөсү жана аны түзүүнүн мөөнөттөрү боюнча ар кандай деңгээлдеги макулдашууларга төмөндөгүдөй өз ара байланыш белгиленет: башкы макулдашуу социалдык-экономикалык проблемаларды чечүүнүн жалпы принциптерин жана мамилелерин аныктоочу катары түзүү мөөнөттөрү боюнча биринчилерден болуп түзүлөт; калган макулдашуулар тиешелүү деңгээлдери боюнча эки айдан ашпаган убакытта түзүлөт.

Макулдашуунун мазмуну жана түзүмү тараптардын өкүлдөрүнүн өз ара макулдугу боюнча аныкталат.

Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби, макулдашууну иштеп чыгуунун жана түзүүнүн мөөнөттөрү, ага өзгөртүү жана толуктоо киргизүүнүн тартиби, ага кошулуу комиссия тарабынан бекитилет да, алардын чечими менен жол-жоболоштурулат. Макулдашууга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тараптардын өз ара макулдугу боюнча жүргүзүлөт.

(Төртүнчү бөлүк КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Бешинчи бөлүк КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Алтынчы бөлүк КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Жетинчи бөлүк КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Сегизинчи бөлүк КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Тогузунчу бөлүк КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Онунчу бөлүк КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Он биринчи бөлүк КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

19-статья. Макулдашууларга кошулуунун тартиби

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

20-статья. Макулдашууну өзгөртүүнүн жана ага толуктоолорду киргизүүнүн тартиби. Макулдашуунун иш-аракетин мөөнөтүнөн мурда токтотуу

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

21-статья. Макулдашуунун аткарылышын камсыз кылуу

Макулдашууну аткаруу жана жаңы макулдашууну даярдоо социалдык өнөктөштүктүн тараптары жана социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча тиешелүү комиссия тарабынан камсыз кылынат.

Социалдык өнөктөштүктүн тараптары макулдашууну жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планын макулдашууда шартталган мөөнөттө иштеп чыгышат.

Социалдык өнөктөштүк тараптары макулдашуунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндөгү маселени жарым жылдыктын жыйынтыктары же комиссиянын чечими боюнча карайт. Макулдашууну аткаруунун натыйжалары (баяндама түрүндө) макулдашуунун тараптары аныктагандай массалык маалымат каражаттарында жарыяланат.

Макулдашууда камтылган шарттар жөнгө салуунун жүйөсүнө тиешелүү Кыргыз Республикасынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, ушул макулдашууну кабыл алуу учурунда эсепке алынат.

Макулдашууларды түзүү, өзгөртүү жана бюджеттик каржылоону талап кылуучу толуктоолорду киргизүү макулдашуунун иш-аракетинин мөөнөтүнө карата тиешелүү финансы жылына бюджеттин долбоорун даярдоодо тараптар жүзөгө ашырууга тийиш. Башка учурда мамлекеттик аймактык аткаруу органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары макулдашуунун аткарылышын каржылоону камсыз кылыш үчүн тиешелүү деңгээлдеги бюджетке түзөтүүлөрү кабыл алуу жагынан демилге көтөрөт. Финансы жылына карата тиешелүү бюджетти кабыл алуу боюнча тараптардын макулдашылган чечими макулдашууга атайын тиркеме катары жол-жоболоштурулат.

Учурдагы финансы жылына макулдашуунун тиешелүү шарттарын каржылоо толук камсыз кылынбаса, макулдашуунун тарабы болуп эсептелген кызматкерлердин өкүлдөрү учурдагы финансы жылына карата макулдашууну өзгөртүү тууралу талаптарды коюуга укугу бар.

22-статья. Макулдашууларды аткарууга контролдук

Макулдашуулардын аткарылышына контролду республикалык, тармактык жана аймактык деңгээлдеги тиешелүү комиссиялар жүзөгө ашырышат.

23-статья. Жамааттык келишимди түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тартиби

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

24-статья. Жамааттык келишимдердин мазмуну

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

25-статья. Калкты иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү жаатындагы үч тараптуу кызматташтык

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

26-статья. Социалдык өнөктөштүктүн тараптарынын жамааттык эмгек талаш-тартышын жөнгө салууга катышуусу

Социалдык өнөктөштүктүн тараптары жамааттык эмгек талаш-тартышты жөнгө салууга, жараштыруу жол-жоболорун уюштурууга көмөк көрсөтүп жана аларга катышат, ошондой эле анын алдын алуу жана чечүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат.

Кызматкерлердин жана алардын өкүлдөрүнүн башка социалдык өнөктөштүктүн тараптарына макулдашуу түзүү боюнча сүйлөшүүлөргө катышуу жөнүндө, ошондой эле иш берүүчүнүн же иш берүүчүлөрдүн бирикмесинин макулдашууга кошулуу же кошулбоо тууралу талаптары жамааттык эмгек талаш-тартыштын жүйөсү болушу мүмкүн.

27-статья. Макулдашуулардын, жамааттык келишимдердин тараптарынын жоопкерчилиги

Өзүнө алган милдеттенмелерин бузган же аларды аткарбаган макулдашуулардын, жамааттык келишимдердин тараптары Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында, макулдашууларда жана жамааттык келишимдерде каралган жоопкерчилик тартышат.

Мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, иш берүүчү (иш берүүчүлөр) катары чыккан адамдар, иш милдетине түзүлгөн макулдашуунун, жамааттык келишимдин аткарышын камсыз кылуу кирген кесиптик бирликтин жетекчи органдарынын кызматкерлери макулдашуу, жамааттык келишим боюнча милдеттенмелерди бузгандыгы же аткарбагандыгы үчүн тартиптик жоопкерчиликке тартылышат.

Тарап (тараптар), ошондой эле социалдык өнөктөштүк тутумунун тиешелүү органы аталган адамдарды тартиптик жоопкерчиликке тартуу тууралу компетенциясына тиешелүү чечим кабыл алуу кирген органдарга (адамдарга) талап жиберүүгө укуктуу.

Коюлган талап келип түшкөндөн кийин отуз календардык күн ичинде каралууга тийиш, ушул мөөнөттө тарап (тараптар) социалдык өнөктөштүк тутумунун тиешелүү органына көрүлгөн чаралар же аны канааттандыруудан баш тартууга негиз болгон себептер тууралу жооп кайтарылышы керек.

Эгерде бул жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбесе, макулдашуунун, жамааттык келишимдин тараптары макулдашуу, жамааттык келишим боюнча милдеттенмелерди бузгандыгы, аткарбагандыгы үчүн өз ара макулдашып, жоопкерчилик белгилөөгө укуктуу. Мындай жоопкерчиликтин чараларын тараптарга карата колдонуунун шарттары жана тартиби макулдашууда, жамааттык келишимде же макулдашууну, жамааттык келишимди аткарууну көздөп кабыл алынуучу башка документтерде алдын ала каралат.

Келишимдик жоопкерчиликтин алкагында макулдашуунун, жамааттык келишимдин тараптары социалдык өнөктөштүк тутумунун органына макулдашылган жоопкерчилик чараларын (санкцияларды) колдонуу боюнча ыйгарым укуктарды берүүгө, ошонун ичинде макулдашууларды, жамааттык келишимдерди аткарбагандыгы же өз убагында аткарбагандыгы үчүн акчалай төлөтүүгө укуктуу.

Жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечим социалдык өнөктөштүк тутумунун тиешелүү органы тарабынан ушул орган тууралу жободо аныкталган тартипте кабыл алынат жана протоколдо жол-жоболоштурулат.

Эгерде макулдашууга, жамааттык келишимге тараптын (тараптардын) мүлктүк милдеттенмелери киргизилсе, анда бул милдеттенмелердин аткарылганы же талаптагыдай эмес аткарылганы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык келтирилет. Жаматтык келишимдеги макулдашуунун башка тарабы (тараптары) келип чыккан талаш-тартышты кароонун башка тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаса, сот тартибинде мүлктүк милдеттенмелерди мажбурлоо жолу менен аткартууну талап кылууга укуктуу.

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

28-статья. Иш берүүчү катары чыккан адамдардын жоопкерчилиги

Кызматкерлердин өкүлдөрүнүн талабы боюнча иш берүүчү (менчик ээси) макулдашуунун, жамааттык келишимдин шарттары аткарылбай калышына күнөөлүү жетекчиге карата Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган чараларды колдонууга милдеттүү.