Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-декабры № 638
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Күрөө жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Күрөө жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Күрөө жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
“Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж. № 6, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-статьясында:
а) 1 жана 2-пункттарындагы “адистешкен финансы-кредиттик мекемелер” жана “атайын кредиттик мекемелер” деген сөздөр “банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 3-пунктундагы “финансы-кредиттик уюмдары” деген сөздөр “банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 43-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“43-статья. Турак жай-аманат кредиттик компаниялары
1. Турак жай-аманат кредиттик компания банктык эмес финансы-кредиттик уюм болуп саналат, анын иши катышуучулардын акчалай каражаттарын атайын турак жай-аманат салымдарына топтоого жана анын катышуучуларына мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында жеке курулуш, турак үйлөрдү (батирлерди) сатып алуу же турак жай шарттарын жакшыртуу үчүн кредиттерди берүүгө багытталган.
2. Турак жай-аманат кредиттик компания акционердик коом формасында түзүлүүчү коммерциялык уюм болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып юридикалык жактын статусун алат.
3. Турак жай-аманат кредиттик компания ишин баштоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясын алууга тийиш.
4. Турак жай-аманат кредиттик компания төмөнкүдөй банктык операцияларды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен жана мындай операциялар лицензияда көрсөтүлгөн шарттарда ишке ашырууга укуктуу:
1) турак жай аманат салымын, тактап айтканда контракттык турак жай аманат системасынын катышуучусу (салуучусу) тарабынан турак жай-аманат кредиттик компаниянын контракттык турак жай аманат системасынын катышуучусунун турак жай шарттарын жакшыртууга, ошондой эле жеке курулушка жана/же турак үйлөрдү (батирлерди) сатып алууга багытталган атайын эсепке салынган улуттук валютадагы акча каражаттарынын суммасын кабыл алуу;
2) мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөө шарттарында турак жай шарттарын жакшыртууга, жеке курулушка жана/же турак үйлөрдү (батирлерди) сатып алууга кредиттерди берүү;