КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2003-жылдын 30-июлу № 159
Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө
(КР 2009-жылдын 17-февралындагы № 51, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I Глава Жалпы жоболор
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоодо Бирдиктүү төлөөчү тутумунун иштөөсүнүн укуктук, уюштуруу жана каржылоо негиздерин аныктайт.
1-статья. Бирдиктүү төлөөчү тутум түшүнүгү
Бирдиктүү төлөөчү тутуму - саламаттык сактоо уюмдары калкка көрсөткөн медициналык-санитардык жана фармацевттик кызмат көрсөтүү үчүн эсептешүү боюнча бир каналдуу каржылоону жүргүзүү максатында мамлекеттик бюджеттин жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан саламаттык сактоонун каржы ресурстарын бириктирип топтоо.
Бирдиктүү төлөөчү тутумунун иштеши базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун "Саламаттык сактоо" жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу бөлүмү боюнча каражаттарын башкарууга ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоонун бирдиктүү каржылоочу органы катары аныктоону карайт.
2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) - саламаттык сактоо, базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, менчигинин формаларына карабастан, саламаттык сактоо уюмдарында жарандардын медициналык-санитардык жардам алууга укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуучу медициналык-санитардык жардамдын кепилденген көлөмдөрү, түрлөрү жана шарттары.
Дарылануу учурунун орточо наркы - ар бир оорулуунун дарыланышына базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун, калктын кошо төлөө каражаттарынын көлөмүн чагылдырган орточо эсептешүү көрсөткүчү.
Киши башына карата ченем - калктын жыныстык курамын, географиялык, экономикалык жана региондук өзгөчөлүктөрүн эске алып, түзөткүч коэффицентке оңдоо киргизүү менен бир тейленүүчүгө же бекитилген тургунга алгачкы жана адистештирилген медициналык-санитардык жардамды каржылоонун орточо эсептешүү көрсөткүчү.
Тез жардам бригадасын каржылоонун ченеми - тез жана кечиктирилгис жардам көрсөтүү боюнча орточо жыйынды чыгымдоону чагылдырган тез жардамдын бир бригадасын бир жылга каржылоонун орточо эсептешүү көрсөткүчү.
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун консолидацияланган бюджети - мамлекеттик бюджеттин, базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун, тышкы карыздардын жана донорлордун гранттык жардамдарынын каражаттарынын, ошондой эле атайын казыналык эсептерде топтоштурулуучу каражаттардын, саламаттык сактоо тутумунда калктан кошумча төлөө катары алынган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын жыйындысы.
Жөнөтүүчү - түзүлгөн келишимдердин негизинде Бирдиктүү төлөөчүнүн тутумунда медициналык жана башка кызматтарды көрсөткөн жеке же юридикалык жак.
Базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу пpoграммаларын каржылоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган.
(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. Бирдиктүү төлөөчү тутумунун максаты жана негизги принциптери
Бирдиктүү төлөөчү тутумун киргизүүнүн максаты Мамлекеттик кепилдиктер программасынын аткарылышын жана саламаттык сактоону каржылоонун усулдарын өркүндөтүүнү ресурстук жактан камсыз кылуу үчүн саламаттык сактоо бюджетин топтоштуруу болуп саналат.
Бирдиктүү төлөөчү тутумунун негизги иштөө принциптери:
- Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык-санитардык жардам алууда жарандар үчүн бирдей жетимдүүлүгү;
- саламаттык сактоо тармагынын каржы ресурстарына жөнөтүүчүлөр үчүн бирдей жетимдүүлүгү;
- Бирдиктүү төлөөчүнүн жана Жөнөтүүчүнүн функциясын аткаруучу органдардын ортосундагы келишимдик мамилелери;
- республиканын региондорундагы саламаттык сактоону каржылоонун көлөмдөрүн этап боюнча теңдештирүү;
- көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтерди (бааларды) түзүүнүн бирдиктүү усулдарынын Мамлекеттик кепилдиктеринин программасын ишке ашырууда Жөнөтүүчү тарабынан пайдалануу;
- базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу жана кошо төлөө каражаттарын колдонууда Жөнөтүүчүнүн экономикалык автономиясы.
Бирдиктүү төлөөчү тутумундагы эсептешүү боюнча Жөнөтүүчү тарабынан алынган базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун, калктын кошо төлөө каражаттарына жана атайын каражаттарга салык салынбайт жана мамлекеттик бюджетке алынбайт.
(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья. Бирдиктүү төлөөчүнүн функциясын аткарууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
Кыргыз Республикасында Бирдиктүү төлөөчү болуп базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу жана базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын каржылоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саналат.
(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-статья. Бирдиктүү төлөөчү тутумунун иштешинин каржылык негиздери
Бирдиктүү төлөөчү тутуму аймактык принцип боюнча иштейт.
Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу каражаттары Медициналык камсыздандыруу фондуна жана анын аймактык бөлүктөрүнө башкарууга өткөрүп берилет.
Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандырууну башкаруу жөнөтүүчүлөрдүн ортосунда бюджеттик каражатты бөлүштүрүүнү тескөөдө Бирдиктүү төлөөчүнүн укугун карайт.
Бирдиктүү төлөөчү Жөнөтүүчү менен түзүлгөн келишимдердин негизинде бир каналдуу каржылоо жолу менен алардын кызматтарын базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан төлөөнү жүзөгө ашырат.
Бирдиктүү төлөөчү тутумунда жарандарга көрсөтүлүүчү медициналык, алдын алуу жана фармацевтикалык кызматтарды төлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу оңдоо коэффициенттерин түзөтүү менен төлөөнүн базалык ченемдеринен турат.
Медициналык, алдын алуу жана фармацевтикалык кызматтарды төлөөнүн базалык ченемдери медициналык-санитардык жардамдын түрлөрү боюнча болжолдонуучу финансылык көрсөткүчтөрдү жана медициналык-санитардык жардамдын көлөмдөрүн эске алуу менен аныкталат.
Саламаттык сактоо бюджетин түзүүдө жана Жөнөтүүчү менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө каржылоонун төмөнкүдөй ченемдери пайдаланылат:
- медициналык кечиктирилгис тез жардам - бир жылга бир бригаданы күтүү ченеми боюнча;
- алгачкы медициналык-санитардык жардам - бекитилген бир тургунга киши башына карата ченем боюнча;
- амбулаториялык шарттарда адистештирилген медициналык-санитардык жардам - тейленүүчү региондун бир тургунунун киши башына карата ченем боюнча;
- жалпы профилдеги стационарлардын амбулаториялык-диагностикалык бөлүмдөрү көрсөтүүчү адистештирилген медициналык-санитардык жардам - тейленүүчү региондун бир тургунуна киши башына карата ченем боюнча;
- стационардык адистештирилген медициналык-санитардык жардам - дарылануу учурунун орточо наркы боюнча;
- санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чаралар - тейленүүчү региондун бир тургунуна киши башына карата ченем боюнча;
- медициналык-социалдык жардам көрсөтүү, медициналык реабилитациялоо жана ооруканада узакка жаткандарды тейлөө - чыгымдарды бюджеттик классификация статьялары боюнча аларды күтүүгө каражаттардын көлөмүндө.
Саламаттык сактоонун башка мамлекеттик уюмдарын каржылоо чыгымдарын бюджеттик классификация көрсөткүчтөрү боюнча аларды күтүү каражаттарынын көлөмүндө жүргүзүлөт.
Бирдиктүү төлөөчү калктын кошо төлөө каражаттары боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын отчетторунун негизинде кошмо маалыматтарды жыйнайт жана аларды Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоонун топтоштурулган бюджетин түзүүдө пайдаланат.
(КР 2009-жылдын 17-февралындагы № 51, 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-статья. Мамлекеттик органдардын жана Бирдиктүү төлөөчүнүн ортосундагы өз ара мамилелер
Пландаштырылуучу келип түшүүчү кирешелердин көлөмүндө Бирдиктүү төлөөчү Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык Мамлекеттик кепилдиктер программасын жана саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө башка программаларды ишке ашыруу максатында орто мөөнөттүү келечекке бюджетти түзөт.
Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте Бирдиктүү төлөөчүнүн бюджетине республикалык бюджеттен өз убагында каржылоону жүзөгө ашырат.
Милдеттүү медициналык камсыздандырууга төлөмдөрдү чогултууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте Бирдиктүү төлөөчүнүн бюджетине милдеттүү медициналык камсыздандырууга чогулган каражаттарды өз убагында жана толугу менен которот.
(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
II Глава Бирдиктүү төлөөчүнүн укуктары жана милдеттери
7-статья. Бирдиктүү төлөөчүнүн укуктары
Бирдиктүү төлөөчү төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарын башкаруу үчүн алууга;
- бюджеттик стратегияны иштеп чыгууга катышууга;
- базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун жана милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынан Мамлекеттик кепилдиктер программасын каржылык камсыз кылуу боюнча жыл сайын эсептешүүнү жүргүзүүгө;
- Мамлекеттик кепилдиктер программасын иштеп чыгууга катышууга;
- саламаттык сактоону бюджеттик каржылоо же Мамлекеттик кепилдиктер программасын толук эмес каржылык камсыз кылуу маселелери боюнча тиешелүү органдарга кайрылууга;
- милдеттүүлүгү боюнча медициналык камсыздандыруу республикалык жана жергиликтүү бюджет толук эмес аткарылганда Мамлекеттик кепилдиктер программасын кайра кароо сунушун киргизүүгө;
- базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун, кошо төлөө каражаттарын Жөнөтүүчү тарабынан пайдаланылышына контролдук кылууга;
- Бирдиктүү төлөөчү тутумундагы медициналык жана башка кызматтардын сапатына контролдукту камсыз кылууга.
(КР 2009-жылдын 17-февралындагы № 51 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-статья. Бирдиктүү төлөөчүнүн милдеттери
Бирдиктүү төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- мамлекеттик бюджеттин жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын майнаптуулугун жана максаттуу пайдаланылышын камсыз кылууга;
- базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун каражаттарын колдонуу жана саламаттык сактоону каржылоо жөнүндө саламаттык сактоону жана милдеттүү медициналык камсыздандырууну реформалоо боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Байкоочу кеңешке отчет берүүгө;
- республикалык, жергиликтүү бюджеттен жаыа милдеттүү медициналык камсыздандыруудан түшкөн каражаттардан каржылоонун көлөмүндө Мамлекеттик кепилдиктер программасын жана башка тармактык өнүктүрүү программаларын аткаруу үчүн Жөнөтүүчү менен өз убагында эсептешүүнү жүргүзүүгө;
- Жөнөтүүчүнүн койгон дооматтарын өз убагында кароого.
III Глава Корутунду жоболор
9-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2003-жылдын 5-августунда № 58 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |
2003-жылдын 24-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |