Сравнение редакций…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 367 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын токой секторун реформалоонун багыттарын жана ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 515, 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын токой секторун реформалоонун багыттарын жана ыкмаларын иштеп чыгуу үчүн иш-чараларды уюштурууну жана өткөрүүнү аныктайт.
2. Ушул Жобо эксперименттик (пилоттук) токой чарбаларына таралат.
3. Токой секторун реформалоонун багыттарын жана ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча иш-чараны токой жана аңчылык чарбасын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Консультациялык-координациялык кеңеш менен бирге ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Консультациялык-координациялык кеңеш жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын токой жана аңчылык чарбасын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)