Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 367 токтому менен бекитилген |
Эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын кызматкерлерине сыйлыктын өлчөмүн эсептөөнүн жана дем берүү фондун түзүүнүн УБАКТЫЛУУ ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 515, 2019-жылдын 16-январындагы № 10 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын кызматкерлерине сыйлыктын өлчөмүн эсептөөнүн жана дем берүү фондун түзүүнүн убактылуу тартиби (мындан ары - Убактылуу тартип) экспериментти (пилоттоштурууну) жүргүзүү үчүн аныкталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) системасынын эксперименттик (пилоттук) токой чарбаларынын кызматкерлерине жайылтылат.
2. Эксперименттик (пилоттук) токой чарбаларынын кызматкерлерине сыйлык берүү эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын кызматкерлерине дем берүү фондунан (мындан ары - Фонд) жүргүзүлөт.
2. Фонддун максаттары жана милдеттери
3. Фонддун максаттары токой чарбасынын экономикалык абалын жакшыртуу жана эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын аймагында токойлорду сактоо жана калыбына келтирүү боюнча милдеттерди аткаруу болуп саналат.
4. Фонддун милдети - жүйөлөштүрүү өбөлгөсүнүн негизинде эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын кызматкерлерине дем берүү үчүн каражаттардын көлөмүн аныктоо.
3. Фондду түзүү тартиби жана өлчөмү
5. Эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын фонду токой чарбасынын атайын эсебине түшкөн каражаттардын эсебинен түзүлөт.";
- 8-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- отчеттук квартал үчүн ушул Убактылуу тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттардын көлөмүнүн 30%ынан;.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Фонддун өлчөмүн ыйгарым укуктуу орган эксперименттик (пилоттук) токой чарбасы менен макулдашуу боюнча квартал сайын эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын ишинин натыйжалуулугуна мониторингдин жыйынтыктары боюнча натыйжалуулуктун финансылык эмес индикаторлорун пайдалануу менен аныктайт.
7. Эксперименттик (пилоттук) токой чарбасы үчүн натыйжалуулуктун финансылык эмес индикаторлору ыйгарым укуктуу орган бекиткен эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын иш жыйынтыктарынын моделдик индикаторлорунан тандоо аркылуу эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет жана бекитилет.
Мында төмөнкүлөр аныкталат:
- финалдык индикаторлор - эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын ишинин натыйжалуулугун бүткөрүлүп жаткан (иштердик кварталдык жана жылдык пландарына ылайык) иш-чаралар боюнча, календардык кварталдын же жылдын жыйынтыктары боюнча баалоо үчүн;
- арадагы индикаторлор - иштин жылдык планына ылайык бүткөрүлбөгөн иш-чаралар боюнча (календардык кварталдын жыйынтыктары боюнча) арадагы натыйжаларды баалоо үчүн.
8. Фонддун максимумдук өлчөмү төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш:
- отчеттук квартал үчүн ушул Убактылуу тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттардын көлөмүнүн 30%ынан;
- төмөнкү формула боюнча эсептелүүчү Пмакс чоңдугунан:
Пмакс = ЧлХi х ЗПср х 3,
- ЧлХi - эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын кызматкерлеринин штаттык саны;
- ЗПср - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан аныкталуучу республика боюнча орточо бир айлык эмгек акы;
- 3 - кварталдагы айлардын саны.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-январындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Фонддун өлчөмү төмөнкүдөй аныкталат: