Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 41 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу аскерлери жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу аскерлеринин тынчтык жана согуш мезгилиндеги ишинин өзгөчөлүктөрүн аныктайт.
Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу аскерлери (мындан ары - Жарандык коргонуу аскерлери) - тынчтык жана согуш мезгилинде Жарандык коргонуу милдеттерин чечүү үчүн атайын даярдалган аскер бөлүктөрү, Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кошундары жана бөлүмдөрү.
2. Жарандык коргонуу аскерлери өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык ишке ашырат.
3. Жарандык коргонуу аскерлери чыныгы жана шарттуу аталышка ээ. Аскер бөлүктөрүнүн же кошуундардын чыныгы аталышы бардык иштелип чыгуучу документтерде "Жашыруун" деген гриф менен гана көрсөтүлөт, калган учурларда шарттуу аталышы көрсөтүлөт.
2. Жарандык коргонуу аскерлеринин милдеттери
4. "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык Жарандык коргонуу аскерлерине төмөнкү негизги милдеттер жүктөлөт:
1) тынчтык мезгилинде:
- Жарандык коргонуу аскерлерин өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, чара көрүү жана кесепеттерин жоюу боюнча милдеттерди аткарууга дайыма даярдыкта кармоо;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы менен өз ара аракеттенүүдө согуш мезгилинде даярдык көрүү жана жайылтуу боюнча мобилизациялык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
- кесипкөй жана ыктыярдуу түзүлүштөрдү түзүү, даярдоо;
- тынчтык жана согуш мезгилинде авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштерди жайылтууга жана жүргүзүүгө багытталган курал-жаракты, техниканы, башка материалдык-техникалык каражаттарды топтоо, жайгаштыруу, сактоо жана өз убагында жаңылоо;
- өзгөчө кырдаал зоналарында жана аларга баруу маршруттарында чалгындоонун ар кандай түрлөрүн жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык чет мамлекеттердин аймактарында ар кандай мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин токтотуу жана жоюу боюнча алдын алуучу, авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү;
- жабыр тарткан калкты биринчи кезектеги жашоо-тиричилигин камсыздоочу каражаттар менен камсыз кылууга катышуу;
- ведомстволук, ыктыярдуу өрт өчүрүүчү, тоо, суу кырсыктарынан куткаруучу түзүлүштөрдү, ошондой эле авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштарга тартылуучу башка күчтөрдү жана каражаттарды ыкчам башкаруу;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар менен алардын күчтөрүн жана каражаттарын авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүгө тартуу планында өз ара аракеттенүү;
- авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү жаатында илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди жүзөгө ашыруу;
- Жарандык коргонуу аскерлеринин жана бөлүмдөрүнүн кадрларын даярдоону жана кайра даярдоону уюштуруу жана жүзөгө ашыруу, алардын квалификациясын жана кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, окуу процессин программалык-методикалык камсыздоо;
- Жарандык коргонуу аскерлеринин жана бөлүмдөрүнүн күжүрмөн жана атайын даярдыгын өркүндөтүүгө багытталган эл аралык машыгууларга, мелдештерге, жыйындарга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышуу;
2) согуш мезгилинде:
- бөлүктөрдү жана кошундарды согуш мезгилиндеги штат боюнча мобилизациялоо жана жайгаштыруу;
- согуш аракеттерин жүргүзүүнүн кесепетинен кыйраган очокторго жана өзгөчө кырдаалдар зоналарына Жарандык коргонуу күчтөрүн киргизүүнү камсыз кылуу;
- Жарандык коргонуу күчтөрү жүрүүчү маршруттарда жана өзгөчө кырдаалдар зоналарында чалгындоонун ар кандай түрлөрүн жүргүзүү;
- калктын жашоо-тиричилигин камсыздоочу объекттерди калыбына келтирүү боюнча жумуштарды жүргүзүүгө катышуу, аэродромдорду, жолдорду, өткөөлдөрдү жана ооруктун инфратүзүмүнүн башка маанилүү элементтерин калыбына келтирүүгө байланышкан аймактык коргоонун айрым милдеттерин аткаруу;
- курман болгондорду көмүү иш-чараларын жүргүзүү.
3. Жарандык коргонуу аскерлерин колдонуу
5. Жарандык коргонуу аскерлери авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис издөө-куткаруучу иштерди жүргүзүү, жабыркаган калкка жардам көрсөтүү, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, гуманитардык жүктөрдү жеткирүү үчүн колдонулат.
6. Жарандык коргонуу аскерлерин тынчтык мезгилинде колдонуу Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча ишке ашырылат. Жарандык коргонуу аскерлерин мамлекет ичиндеги саясий маселелерди чечүү үчүн колдонууга тыюу салынат.
7. Кыргыз Республикасынын аймагында Жарандык коргонуу аскерлерин согуш мезгилинде мобилизациялоо жана аларды күжүрмөн даярдыкка келтирүү жана аймактык коргоо милдеттерин аткаруу үчүн колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын мобилизациялоо жана коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
8. Жарандык коргонуу аскерлерине жүктөлгөн милдеттерди аткаруу ушул Жободо аныкталат, ошондой эле:
- тынчтык мезгилинде - тынчтык мезгилиндеги Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу планы, Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу даярдыгынын планы, ошондой эле Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйруктары менен;
- согуш мезгилинде - согуш мезгилиндеги Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу планы, аймактык коргоо директивалары жана планы менен аныкталат.
Согуш аракеттери жүрүп жаткан убакта Жарандык коргонуу аскерлеринин өздүк курамы Жарандык коргонууну жүргүзүү милдеттери менен байланышпаган кандайдыр бир аскердик милдеттерди аткарууга тартылбайт. Жарандык коргонуу аскерлери жана аларда кызмат өтөп жүргөн аскер кызматчылары жарандык, аймактык жана жергиликтүү коргоо милдеттеринен тышкары, согуш аракеттерине түздөн-түз катышпайт жана кандайдыр бир милдеттерди аткарбайт.
9. Жарандык коргонуу аскерлерин биргелешкен машыгууларга тартуу Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин макулдугу боюнча жүргүзүлөт.
4. Жарандык коргонуу аскерлерин башкаруу
10. Жарандык коргонуу аскерлерин башкаруу Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
Жарандык коргонуу аскерлеринин бөлүктөрүнүн жана бөлүмдөрүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген сандын чегиндеги уюштуруу-штаттык түзүмү Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилет.
5. Жарандык коргонуу аскерлерин комплекттөө жана даярдоо
11. Жарандык коргонуу аскерлерин комплекттөө "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
12. Жарандык коргонуу аскерлеринде күжүрмөн жана атайын даярдык Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин - Жарандык коргонуу начальнигинин уюштуруу-методикалык көрсөтмөлөрүнө, өздүк курамды күжүрмөн жана атайын даярдоо программаларына жана пландарына ылайык уюштурулат жана өткөрүлөт.
6. Жарандык коргонуу аскерлерин камсыз кылуу
13. Жарандык коргонуу аскерлерин каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
14. Жарандык коргонуу аскерлеринин ишин камсыздоо үчүн курал-жарак, аскердик жана атайын техника, ок-дарылар, атайын приборлор, каражаттар, мүлк менен камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу. мамлекеттик органдын жетекчиси ишке ашырат.
15. Жарандык коргонуу аскерлеринин курал-жарактарын, аскердик жана атайын техникасын капиталдык оңдоо Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
16. Жарандык коргонуу аскерлеринин аскер кызматчыларынын аскер кызматын өтөөсү, үлүштүн бардык түрлөрү, пенсия менен камсыз кылуу, социалдык коргоо жана камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 41 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу аскерлери жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 669 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскерлери (мындан ары - ЖК аскерлери) калкты жана аймактарды, материалдык жана маданий баалуулуктарды согуш аракеттерин жүргүзүүдө же ошол аракеттердин натыйжасында, ошондой эле табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары пайда болгондо келип чыгуучу коркунучтардан коргоо үчүн арналган.
2. ЖК аскерлери Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу күчтөрүнүн курамдык бөлүгү болуп саналат.
3. ЖК аскерлери "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аймактык коргоо жаатындагы айрым милдеттерди аткарууга тартылышы мүмкүн.
4. ЖК аскерлери өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдык жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2-глава. ЖК аскерлеринин негизги милдеттери