Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 58 токтомуна) |
Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-мартындагы № 137 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик органдын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү, жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан мекемелер жана ишканалар тарабынан түзүлгөн Жарандык коргонуу боюнча комиссия Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын бардык иштөө режимдеринде тиешелүү аймакта Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана аткаруу үчүн арналган Жарандык коргонуунун башкаруу органы болуп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-мартындагы № 137 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Жарандык коргонуу боюнча комиссия бардык деңгээлдерде, тармактарда жана объекттерде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча туруктуу иштөөчү координациялык орган болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-мартындагы № 137 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Жарандык коргонуу боюнча комиссия өзүнүн ишин тиешелүү аймакта жайгашкан мамлекеттик органдар, уюмдардын администрациялары, коомдук уюмдар же калктын, экономиканын жана айлана-чөйрөнүн коопсуздугу жаатындагы алардын түзүмдөрү менен тыгыз өз ара аракеттенүү принцибинде жүргүзөт.
3. Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын өз компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдери ведомстволук тиешелүүлүгүнө жана менчигинин уюштуруу-укуктук формасына карабастан бардык мамлекеттик органдардын, ведомстволук же тиешелүү аймакта жайгашкан уюмдардын, ошондой эле тиешелүү аймакта жашаган калктын аткарышы үчүн милдеттүү.
4. Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын түзүмү жана курамы, анын иш милдеттери ага жүктөлүүчү милдеттерди, мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жана уюмдун штаттык санын эске алуу менен, ошондой эле тиешелүү аймакта жайгашкан түпкүлүгү кооптуу объекттердин санына, өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу опурталына, алардын мүмкүн болуучу кесепеттерине жана башка өзгөчөлүктөрүнө жараша белгиленет.
5. Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын төрагасы болуп тиешелүү аймакта түздөн-түз жетекчилик жүргүзгөн жана Жарандык коргонуу боюнча комиссияга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тарткан Жарандык коргонуунун начальниги - мамлекеттик органдын жетекчиси, Жарандык коргонуунун начальниги - Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысы, менчигинин түрүнө карабастан мекеменин жана ишкананын жетекчиси эсептелет.
Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын жумушчу органы болуп мамлекеттик органдын, Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-мартындагы № 137 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын негизги милдеттери
6. Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- мамлекеттик органдардын, аткаруучу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнүн Жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү ишин координациялоо;
- менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын, жергиликтүү жамааттардын Жарандык коргонуу чөйрөсүндөгү ишин координациялоо;
- тиешелүү аймакта Жарандык коргонуу боюнча иш-чаралардын өткөрүлүшүнө, анын ичинде зарыл болгон күчтөрдү жана каражаттарды даярдоого жана аларды даярдыкта кармоого мониторинг жүргүзүү;
- тиешелүү аймакта өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо, алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды уюштуруу;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу, Жарандык коргонуу жаатындагы иш-чаралардын аткарылышын контролдоо, жабыркаган имараттардын жана курулмалардын техникалык абалын баалоо, аларды эсепке алууну жүргүзүү, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын натыйжасындагы материалдык чыгымдарды эсептөө, өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен каза болгон адамдарды көмүү, өлгөн жаныбарлардын тарпын табуу жана көмүү боюнча иштерди координациялоо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-мартындагы № 137 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын функциялары жана ыйгарым укуктары
7. Жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн Жарандык коргонуу боюнча комиссия тиешелүү аймакта төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
- тиешелүү аймакта Жарандык коргонуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгат жана анын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт;
- авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштерди Жарандык коргонуунун кызматтарын жана түзүлүштөрүн, мамлекеттик органдарды, менчигинин түрүнө карабастан уюмдарды, ишканаларды жана мекемелерди, калкты тартуу менен уюштурат;
- өзгөчө кырдаалдарды жоюу жана авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштерди аткаруу үчүн Жарандык коргонуунун түзүлүштөрүн, мамлекеттик органдарды, менчигинин түрүнө карабастан уюмдарды, ишканаларды жана мекемелерди, жергиликтүү жамааттарды, калкты тартуу боюнча иш-чараларды уюштурат;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды, ошондой эле атайын алдын алуучу жана жоюучу иш-чараларды уюштурат;
- өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткан калкка гуманитардык жардамды жана эл аралык чукул жардамды топтоо жана бөлүштүрүү боюнча ишти координациялайт;
- Жарандык коргонуу боюнча комиссияга жүктөлгөн милдеттерди эске алуу менен жана тиешелүү аймакта жайгашкан түпкүлүгү кооптуу объектилердин санына, өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу опурталына, алардын мүмкүн болуучу кесепеттерине жана башка өзгөчөлүктөрүнө жараша белгиленүүчү башка функцияларды аткарат;
- тиешелүү аймакта эл аралык чукул жардам көрсөтүүгө муктаждыкты аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзөт.
7-1. Жарандык коргонуу боюнча комиссиялар бардык деңгээлдерде, тармактарда жана объекттерде төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- күнүмдүк иш режиминде - комиссиялардын жылдык иш пландарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, жыйналыштарда жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштеринин отчетторун угуу, кооптуу участокторду, объекттерди изилдөөнү уюштуруу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштерди координациялоо, пландоо жана аткаруу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон финансылык жана материалдык ресурстарды түзүүнү жана пайдаланууну контролдоо;
- жогорулатылган даярдык режиминде - өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучу жөнүндө калкка кабарлоону уюштурууну координациялоо, айлана-чөйрөгө, аба ырайына байкоо жүргүзүү, Жарандык коргонуунун күчтөрүн жана каражаттарын даярдыкка келтирүү, экономика объекттеринин туруктуу иштеши үчүн зарыл болгон иш-чараларды уюштуруу, тынчтык мезгилге карата Жарандык коргонуу планында каралган башка иш-чараларды аткаруу;
- өзгөчө кырдаалдар режиминде - өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы жөнүндө калкка кабарлоону уюштурууну координациялоо, өзгөчө кырдаалдар зонасында авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүнү уюштуруу, жабыр тарткан калкты ар тараптуу камсыздоону уюштуруу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштерди жана тынчтык мезгилге карата Жарандык коргонуу планында каралган башка иш-чараларды аткаруу.