Редакцияот 04.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Исфана шаардык Кеңешинин

 V чакырылышынын кезектеги XXXX

сессиясынын  2021-жылдын

4-мартындагы  №5 токтомуна тиркеме

Исфана шаар мэриясынын

өнүгүү программасы

2021-2023-жылдарга

Исфана шаары

 2021-жыл.

 

Кыргыз Республикасы Баткен областы Лейлек району  Исфана шаар мэриясы

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

  программасынын негизинде

 

Исфана шаар мэриясынын

өнүгүү программасы

2021-2023-жылдарга

 

Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXX сессиясынын

 2021-жылдын 4-мартындагы  № 5  токтому менен бекитилген

 

 

«Кандай программа болбосун, ал эл колдоосуна ээ болуп, региондун жана элдин кызыкчылыгын көздөгөн, турмуш деңгээлин жогорулатууга багытталган болуусу керек»

 

“Байлык-элде, жерде жана эмгекте”

 

Исфана шаары

 2021-жыл.

 Мазмуну

I-бөлүк. Исфана шаар мэриясынын азыркы күндөгү абалы

Исфана шаар мэринин  кайрылуусу

Жергиликтүү маанидеги маселелер

Исфана шаары тууралуу кыскача маалымат (социалдык паспорт)

 

II-бөлүк. Өнүгүү программасынын иш-чаралары.

Исфана шаар мэриясынын өнүгүү программасынын иш-чаралары:

 

- 25 милдет боюнча кабыл алынган иш-чаралар (2021-2022-2023- жылдарга өзүнчө иш чаралар)

-жана жогорудагы иш-чаралардан тышкары жергиликтүү бюджеттен курулуп жаткан курулуштар жана иш-чаралар.

(25- милдет негизинде кабыл алган иш чаралардын аткарылышы шаардык кеңештин сессиясында квартал сайын каралат жана 25 милдетте каралган иш-чаранын ичинен ири иш-чаралар райондун Өнүгүү  программасына камтылат)

- Исфана шаар мэриясынын  аймагында республикалык бюджет эсебинен курулуп жаткан социалдык имараттардын курулушу жөнүндөгү иш-чаралар

(бул иш чаралар толугу менен райондун Өнүгүү Программасындагы иш-чарасына камтылат, шаар мэриясы  жана райондук мамлекеттик администрациясы курулуп жаткан имараттарды көзөмөлдөйт)

- донорлор, кредиттик уюмдар жана чет элдик грант эсебинен курулуп жаткан жол, суу, чек ара, электр энергия тармагындагы курулуштар жана социалдык имараттар жөнүндөгү иш-чаралар.

(бул иш чаралар толугу менен   райондун Өнүгүү Программасындагы  иш-чарасына катылат, Исфана шаар мэриясы  жана райондук мамлекеттик администрациясы курулуп жаткан имараттарды көзөмөлдөйт)

 

III-бөлүк. Өнүгүү программасынын 2021-2022-2023 -жылдарга

Исфана шаар мэриясынын экономиканы өнүктүрүү үчүн  сунушталып жаткан инвестициялык долбоорлор жана башка иш-чаралар

 

 

IV-бөлүк. 2021-2022-2023-жылдарга  Өнүгүү программасына акча талап кылган келечектеги инвестициялык долбоорлор

 

V-бөлүк. Исфана шаар мэриясынын натыйжалуулугун баалоо.

VI-бөлүк.

-өнүгүү чегин тандоо;

- Исфана шаар мэриясынын структурасы;

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”  Мыйзамы

 

3-глава Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелери жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү

 

18-берене.

Жергиликтүү маанидеги маселелер

1. Аймактын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык пландаштырууну уюштуруу менен калкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун төмөнкү маселелери таандык кылынат:

1) тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу;

2) муниципалдык менчикти башкаруу;

3) жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу;

4) калкты ичүүчү суу менен жабдуу;

5) калктуу конуштарда канализация жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу;

6) калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;

7) жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу;

8) көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу;

9) жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;

10) парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу;

11) турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу;

12) муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу;

13) жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы контролдоо;

14) жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;

15) жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу;

16) тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу;

17) коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү;

18) элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;

19) бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;

20) балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу;

21) дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;

22) өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү;

23) Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу жөнүндө мыйзамдарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына таандык кылынган кен байлыктарын пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.

24) калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү.

25) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашыруу.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө саналып өткөн ыйгарым укуктар ушуну менен бүттү деп эсептелбейт жана жергиликтүү жамааттар менен алардын органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну чектебейт.

 

(КР 2012-жылдын 19-июнундагы № 87, 2014-жылдын 13-январындагы № 10, 2014-жылдын 15-майындагы № 67,2016-жылдын 12-декабрындагы № 196, 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

 

Исфана шаарынын мэри А.Н.Хамраевдин кайрылуусу:

 

Исфана шаар мэриясы шаардык Кеңештин депутаттары менен биргеликте  Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарынын жана ыйгарылган укуктар жана милдеттердин негизинде Исфана шаар мэриясынын 2021-2022-2023- жылдарга карата өнүгүү программасы  иштелип чыгылды.

Келерки жылдарда туруктуу жашап жаткан калк менен тыгыз байланышта болуу менен республикалык жана жергиликтүү бюджетти максаттуу пайдаланып, инвестицияларды тартуу жолу аркылуу артыкчылыктуу мааниге ээ болуп аткара турган өнүгүү программасынын иш чаралары:

1.Исфана шаар мэриясынын киреше булагын көбөйтүү:

-Жергиликтүү салык топтоону жогорку деңгээлге жеткирүү боюнча иш аракеттерди жүргүзүү;

-Шаарга караштуу мамлекеттик кайра болүштүрүү фондунун жана муниципалдык менчиктин жерлерин жана кыймылдуу жана кыймылсыз  мүлктүрүн натыйжалуу пайдалануу менен кереше булагын толтуруу;

-эс алуу бактарын уюштуруу менен шаардын тургундары жана коноктору үчүн жагымдуу шарттарды жаратуу жана бул багытты киреше булагына айландыруу.

2.Социалдык тармагындагы иш аракеттер:

-элдин ынтымагын, улуттар аралык биримдигин андан ары бекемдөө, алардын коопсуздугун камсыздоо;

-социалдык коргоого муктаждарга, майыптарга, тоголок жана жарым жетим балдарга, аз камсыз болгон турмуш-шарты оор үй бүлөлөргө колдоо көрсөтүүнү артыкчылыктуу маселе катары көрүү жана иш чараларды жүргүзүү;

-билим берүү жана саламаттыкты сактоо багытында иш алып баруу, айрыкча билим сапатына жана социалдык оорулардын алдын алууга көңүл буруу, аталган мекемелерде иштөөсүнө шарт түзүп берүү;

-Улуу Ата Мекендик согуштагы тылдын ардагерлерине, көп балалуу энелеге кам көрүү;

-Спорт менен маданиятты көтөрүүгө шарт түзүү.

3.Курулуш тармагындагы иш аракеттер:

-жер-жерлерде балдардын ойноочу аянтчаларын курууга жетишүү;

-шаарыбызга заманбап аялдамаларды куруу;

-зарыл болгон жерлерге балдар бакчаларынын, ФАПтын, аймактык өзүн өзү башкаруу комитеттеринин төрагаларынын жана участкалык милиция кызматкер-леринин кааналарынын имараттарын куруу үчүн иш аракеттерди жүргүзүү;

4.Таза ичимдик жана сугат суу тармагындагы иш аракеттер:

-колдо бар таза суу түтүктөрүн натыйжалуу пайдалануу;

-Исфана шаарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тутумдарын реаблитациялоо долбоору боюнча ЕРӨБынын   тарабынан берилүүчү   грантты туура жана максаттуу пайдалануу боюнча иш аракеттерди алып баруу;

-сугат каналдарын жана ички арыктарды оңдоп-түзөө жана корумжусуз сугат сууну элге жеткирүүгө аракеттерди жасоо.

5.Исфана шаарынын жана айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу багытындагы иш аракеттер;

-шаардын жана айылдардын ички көчөлөрүн капиталдык оңдоо-асфальттоо, шагал төшөө, тротуарларды куруу иштерин андан ары улантуу;

-түнкү жарыктандырууну андан ары улантуу;

-заманбап светафорлорду орнотуу;

-шаардын жана айылдардын көчөлөрүнүн бойлоруна ийне жалбырактуу (Тянь-Шань ели, можжавельник, туя ж.б.) дарактардын көчөттөрүн отургузуу;

-көчөлөрдүн бойлоруна гүл өстүрүүгө жетишүү;

-шаарды жана айылдарды дайыма таза кармоого жетишүү;

6.Айыл чарбасы багытындагы иш аракеттер:

-мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин натыйжалуу пайдаланууга жетишүү;

-дыйкан, фермерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү;

-асыл тукумдуу малдарды көбөйтүү менен эт продукцияларын тышкы рынокко чыгаруу;

-малдардын жугуштуу ооруларынын алдын алуу боюнча иш аракеттерди жүргүзүү;

-жарандардын эгин талааларын өз убагында иштетүүсүнө көмөк көрсөтүү (жер айдоо, кесек тоют даярдоо, кылкандуу дан эгиндерин оруу ж.б).

Мындан башка жергиликтүү элибиз, ошону менен бирге шаарыбызга келген конокторубуз үчүн ар тараптуу шарттарды түзүү боюнча учурунда иш аракеттерди жүргүзөбүз.

7.Коррупциянын алдын алуу боюнча иш аракеттер:

-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы “Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө” 26 сандуу Жарлыгынын талаптарынын аткаруу багатында тиешелүү иш аракеттерди шаар мэриясында, шаар мэриясына караштуу түзүмдүк структураларда, билим берүү багытында ж.б. жүргүзүү.

 

 

 

Мэр                                   А.Н.Хамраев

 

2018-2020-жыл ичинде аткарылган иштер  жөнүндө маалымат

 

Шардын 2018-2020-жылдарда социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүндөгү аткарылган жумуштарда республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен, өкмөттүк эмес уюмдар жана тышкы-ички инвесторлордун эсебинен аткарылган жумуштар дагы камтылды.

 

-         ӨНӨР ЖАЙЫ

-         ЭНЕРГЕТИКА

-         ЧЕКЕНЕ СООДА ЖҮГҮРТҮҮ

-         КАЛККА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ

-         КАПИТАЛДЫК САЛЫМДАР ЖАНА КУРУЛУШ

-         ТРАНСПОРТ

-         АЙЫЛ ЧАРБАСЫ ЖАНА СУГАТ СУУ

-         ИНВЕСТИЦИЯ

-         ТАЗА СУУ

-         ЧАКАН ОРТО БИЗНЕСТИ ӨНҮКТҮРҮҮ

-         САЛЫК

-         БЮДЖЕТТИН АТКАРЫЛЫШЫ

-         ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ

-         БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫ

-         САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО ТАРМАГЫ

-         МАДАНИЯТ тармагы

-         ӨНҮГҮҮ ПРОГРАММАСЫ

-         2021-ЖЫЛГА МИЛДЕТТЕР

-         КОЙГОЙЛОР

 

 

Исфана шаарынын 2018-жылдын ичинде социалдык-экономикалык жактан

өнүгүүсүнүн жыйынтыгы  боюнча  

 

2018-жыл Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынын “Региондорду өнүктүрүү” жылы деп жарыяланган. Бул иш чаранын негизинде Исфана шаар мэриясы жана шаар мэриясына караштуу түзүмдүк структуралар өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келди.

Жыл ичинде жергиликтүү калктын маселесин чечүү, шаардын жана шаарга караштуу айылдардын ар тараптуу өсүп өнүгүшүн камсыздоо боюнча бир топ иш аракеттер жасалган. Айрыкча, шаардын жана айылдардын инфраструктурасын жакшыртууга багыт алынды.                            Исфана шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын 2018-жылдын 8-февралындагы №12/3-токтому менен бекитилген Исфана шаарынын 2018-жылга карата өнүгүү программасына киргизилген иш-чаралар боюнча төмөнкү жумуштар аткарылган:

Исфана шаар мэриясынын 2018-жылга карата бекитилген

социалдык -экономикалык өнүгүү программасы:

Өнүгүү программасында 15 бөлүмдөн турган  иш-чара, программага кирген иш чараларды аткаруу үчүн  83 566 000 сом акча каражаты керектелип, жыл жыйынтыгы менен программага кирген 14 иш чара жана кошумча айрым иш чаралар менен  82 160 000 сомдук жумуш аткарылган, же аткарылганы  98 % түзөт.

Ошону менен бирге жыл башында бекитилген өнүгүү программасына жана айылдардын иш-чараларынан кирбей калган долбоорлор жана тартылган инвестициялардын эсебинен бир топторун  аткарууга жетишилди. 

 

Исфана шаарынын 2018-жылга карата түзүлгөн туруктуу өнүктүрүү программасына киргизилген  15 иш чара боюнча төмөнкү иштер аткарылды:

           

            1.Исфана шаарынын, Чимген, Тайлан айылдарынын генпланын түзүүгө 5.0 млн. сом акча каражаты республикалык бюджеттен бөлүнүп, ноябрь-декабрь айларында 1 млн. 900 миң сомдук жумуштар аткарылган. 3 млн. 50 миң сомдук жумуш 2019-жылга аткарылат.

2. Исфана шаарынын борбордук көчөлөрүнө 145 даана  жана шаарга караштуу айылдар: Голбо 30 даана, Чимген 26 даана, Самат 63 даана,  Мурза-Патча 29 даана, Кара-Таш 6 даана, Тайлан 30 даана  жана Ак-Булак айылдарында 26 даана, бардыгы болуп 355 даана  түнкү жарыктандыруу орнотулду. Калган  30 даана түнкү чырактар “Лейлек Тазалык” МИда сакталып турат. Жалпысынан  801 300 сомдук жумуштар аткарылды. 669.3 сом тендер аркылуу берилген, Чимген айылынын мектептин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү 87 миң сом, Колхозная жана К.Баратов көчөлөрүнө жашоочулар 45.0 миң сомдук салымдарын кошкон.

3. Исфана шаарынын жана шаарга караштуу айылдардын көчөлөрүнө шагыл төшөө жана оңдоого 387800 сомдук акча каражаты жумшалды. 106.3 миң сом селден кийинки калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлгөн.   Голбо айылында 400 метр жол сүрүп оңдолгон же 30 000 сомдук жумуш аткарылган, Исфана шаарын айланып өтүүчү жолун калыбына келтирүүгө жана Х.Кундузова, С.Худойназаров, Ходжаматов  кочөлөрүнө 76,3 миң сомго аткарылган. Ал эми 281миң сомго  жашоочулар тарабынан оздөрүнүн көчөсүнө шагыл төшөлгөн.

4. ДЭП-13 ишканасы тарабынан Э.Эгембердиев көчөсүнүн 1000 м. жолго асфальт төшөлдү же республикалык бюджеттин эсебинен  5 млн. 496 миң сом акча сарпталган. 209 м. жол акырына чыкпай калган. Анын долборлоо иштери бүткөрүлүп, 2019-жылга асфальттоого калтырылган.

5. С.Садыков атындагы эс алуу багынын айланасынын тосуу, жашылдандыруу жумуштары аткарылды жергиликтүү бюджеттен 1 891 300 сом акча каражты жумшалды. Жалпы 804 метрге заманбап тосмолор курулду.

6. Исфана шаарына караштуу 24 билим берүү мекемелерин алгачкы өрт шаймандары менен камсыздоо үчүн 317 580 сомдук акча каражаты жумшалды. Берилген бир комплектте төмөнкү инвентарлар бар:  щит, курөк, балта, лом, багор, чака, кийиз, бочка, огнетушитель, кум жашык.

 

7. БУУнун жана МерсиКо уюмунун азык-түлүк долбоору боюнча мектеп ашканаларын оңдоо жана жабдуулар менен камсыздоо иш-чарасы:

Шаарга караштуу 4 мектеп жана 1 балдар бакчасы БУУнун жана Мерсико эл аралык уюмдарынын азык-түлүк долбооруна сунушталып, долбоорлор жактырылган.

“Жеткинчек” балдар бакчасына жылытуу системасын куруу долбооруна жергиликтүү бюджеттен 97280 сом, ал эми “Мерсико” тарабынан 98000 сом ажыратылып,  жылытуу системасы толук бүткөрүлдү.

Мектептердин ашканаларын калыбына келтирүү боюнча Исфана орто мектебинин ашканасын ремонттоого 279 216 сом, Токтогул атындагы орто мектебине 190 017 сом, Амир Темур атындагы орто мектебине 44 489 сом, А.Навои атындагы орто мектебине ремонтко  372 615 сом, ал эми ашкана жабдууларына 186 050 сом акча каражаты  тендердин негизинде бөлүнүп берилди. Бул долбоорлорду даярдоодо сметалык эсептерди жана чиймелерин даярдоо үчүн 17600 сом акча каражаты жумшалган.

Ал эми долбоордун негизинде “Мерсико” тарабынан Исфана жана Токтогул атындагы орто мектептерге 710 418 сомдук ашкана жабдуулары жана андан тышкары азык-түлүктөр берилди. Т.Жапаров атындагы орто мектебине дагы 58800 сомго ашкана эмеректери берилди. Ошондой эле ВПП ООН тарабынан А.Навои атындагы орто мектебине 325 614 сомго ашкана жабдуулары жана 5,7 тонна ун берилген. Берилген продукталардын жалпы суммасы 520168 сомду түзгөн.

Бардыгы болуп 1 187 267 сом жергиликтүү бюджеттен, 1 615 000 сом Мерсико жана ВПП ООН эсебинен каржыланган .

8. Самат айылында 70 орундуу бала бакчанын курулушу, жалпы суммасы 23 113 300 сом, бирок фонддон 6.0 млн. сом карыз төлөнбөй турат. Подрядчы “Бийиктик Инвест” ЖЧК.

9. Кара-Таш айылында 50 орундуу бала бакчанын курулушу, жалпы суммасы  18 354 900 сом, подрядчы “Араван Ремстрой” ЖЧК.

10. Голбо айылында 50 орундуу бала бакчанын курулушу, жалпы суммасы 21 412 524 сом, подрядчы “Илек Строй Групп” ЖЧК.

11. Жасмин балдар бакчасына кошумча кана куруу үчүн 68 000 сомдук долбоорлоо-сметалык иш-кагаздарын даярдоого акча каражаты  жумшалды. 

12. Самат атындагы орто мектебине кампа курууга 566 049 сом, Ак-Булак орто мектебине көмүр кампа курууга 239 331 сом, Наристе балдар бакчасына 245543 сом даараткана курууга кеткен, жалпысынан 1 050 923 сомдук каражат сарпталган.

13. Беш-Бала мектебине тротуар курууга 212 270 сом, Барчын балдар бакчасынын короосун асфальттоого жергиликтүү бюджеттен 295000 сом, ата-энелердин салымынан 305 миң сом же жалпысынан 812 300 сомдук жумуш аткарылган.

14. Арча Бешик  балдар бакчаларын имаратынын чатырын алмаштыруу үчүн Жергиликтүү бюджеттен 538 900 сом жумшалды.

15. “Исфана” АК нун аймагында 125 орундуу “Алтын-Балалык”балдар бакчасы уюштурулду, жеке ишкерлер тарабынан 1 200 000 сом сарпталган.

 Мындан тышкары  Исфана шаарынын аймагына жаңыдан жол белгилер орнотулду. Жергиликтүү бюджеттен 242760 сом акча каражаты сарпталып, 102 заманбап жол белгилери орнотулду.

Гагарин атындагы орто мектебин капиталдык оңдоо иштерине республикалык бюджеттин эсебинен 2018-жылда 2 млн. 40 миң сомдук жумуш аткарылган.

Бул жумуштарды аткаруу үчүн республикалык бюджеттен 72 047 000 сом, жергиликтүү бюджеттен 6 580 000 сом сарпталган.

 

 

Исфана шаарынын 2019-жыл ичинде социалдык-экономикалык жактан 

өнүгүүсүнүн  жыйынтыгы боюнча

 

 

         Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2019-жылдын 11-январындагы “2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарыялоо жөнүндөгү  №1 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык»  программасынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2017-жылдын 13-июнундагы №368 “2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу” жөнүндөгү токтомун негизинде  2018-2020-жылдарга Исфана шаар мэриясынын өнүгүү программасынын  2019-жыл ичинде Исфана шаар мэриясы бир катар уюштуруучулук  жана практикалык  иштер жүргүзүлдү.

Жергиликтүү калктын маселесин чечүү, шаардын жана шаарга караштуу айылдардын ар тараптуу өсүп өнүгүшүн камсыздоо, шаардын  жана айылдардын инфраструктурасын жакшыртууга багыт алынды.

Исфана шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын 2018-жылдын 25-декабрындагы №3-токтому менен бекитилген Исфана шаарынын 2019-жылга карата өнүгүү программасынын ишке ашыруу жана айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча иштер жүргүзүлдү:

 

Исфана шаар мэриясынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн 2019-жыл ичинде аткарылышы жөнүндө маалымат:

 

Көрсөткүчтөр

Өлчөө бирдиги

2018 -жыл. ичинде аткар.

2019 жыл. ичинде аткар.

айырма (+,-)

% мн

Өнөр жай продукция

млн. сом

102,7

108,7

+60,2

105,9

Айыл чарба

млн. сом

1031,1

1080,2

+49,1

104,8

Чекене соода жүгүртүүнүн

млн. сом

2458,9

2550,0

+101,0

103,7

Элге  кызмат көрсөтүү

млн. сом

298,9

366,7

+67,8

122,6

Капиталдык салымдардын көлөмү

млн. сом

190,3

163,1

-27,2

85,7

Бардыгы:

 

4081,9

4268,7

+186,8

104,6

           

Өнөр-жай продукциясы боюнча:  2019-жылдын  жыйынтыгы менен  108,7 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 105,9%га аткарылган, өткөн жылга салыштырмалуу 60,2 сомго көп аткарылган.

 

Айыл чарбасы боюнча: 2019-жылдын жыйынтыгы менен 1080,2 млн сомду түзүп же өткөн жылга  салыштырмалуу  49,1  млн. сомго көп аткарылып, өсүү темпи 104,8 % ды түздү.

Чекене соода жүгүртүү: 2019-жыл ичинде   4993,4 млн.сомго аткарылып, өткөн жылга  салыштырмалуу 121,9 млн. сомго көп же өсүү темпи 102,5 %га камсыз болгон.

Элге кызмат көрсөтүү: боюнча 2019-жылдын жыйынтыгы менен 366,7 млн сомго аткарылып же өткөн жылга  салыштырмалуу 67,8 млн. сомго көп кызмат көрсөтүлүп, өсүү темпи 122,6% ды түздү.            

Капиталдык салым: 2019жылдын жыйынтыгы менен 163,1 млн сом 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 190,3 млн сом айырмасы -27,2 млн сом. 

 

2019-жылга шаардын өнүгүү планында 38 иш-чара камтылып, а.и. 32 иш-чара 91875,3 миң сомго аткарылып же 72,7 % түздү. Негизинен республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылуучу иш-чаралар аткарылбай калды. Ал эми жергиликтүү бюджеттин эсебинен аткарылган иш-чаралардын суммасы  10884,6 миң сом болуп, 97% түздү.

 

20 “өсүү түйүндөрү” шаарлардын өнүгүүсү боюнча иш-чаралар планын аткарылышы боюнча Исфана шаарында 25 өндүрүштүк, жалпы суммасы 384,6 млн сомдук долбоорлор иштелип чыгып, мамлекеттик колдоого алууга конкурстук комиссияга каржылоого сунушталган. Долбоорлор негизинен өнөр-жай продукцияларын чыгаруу ишканалары, айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүү жана кызмат көрсөтүү, логистикалык борборлорду түзүүгө багытталган. Исфана шаарынын социалдык экономикалык өнүгүү программасына ылайык беш долбоор жактырылып, шаардын 5 жеке ишкерине ири суммадагы насыя берүү жагы чечилди.

Өндүрүштүк ишканаларды курууга Исфана шаар мэриясы тарабынан 35,4 га жерди трансформациялоого жана ген пландын негизинде иш жүргүзүлүүдө.

“Санариптештирүү” боюнча Исфана шаар мэриясынын веб-сайтын иштетүү эң алгылыктуу жумуш болуп эсептелет. Ошондуктан сайт үчүн  isfanacity.kg домени жана хостинг кызматтары  сатып алынды.  Бүгүнкү күндө веб-сайт толугу менен иштеп жатат. Ошону менен бирге  “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фондунун “Толеранттуулук жана демократия элчилери” долбоорунун алкагында веб-сайт менен бирге “карта возможностей” мобилдик программасы элдерге массалык түрдө колдонуу үчүн ишке берилди.

Мындан сырткары мэриянын имаратындагы интернет линиялары жаңыланып, Оптикалык   линиялары орнотулду.

 

Тартылган инвестициялар боюнча:

2019-жыл ичинде Исфана шаарынын жана шаарга караштуу айылдардын аймагына республикалык бюджеттен жана эл аралык уюмдар, донорлордун эсебинен 22 иш-чарага тартылган сырткы инвестициянын жалпы көлөмү 168818,7 миң сомду түздү. Алардын ичинен көрүнүктүү жумуштар төмөнкүлөр:

1.    Прокуратура кызматкерлерине кызматтык үйдүн курулушу – 8076,903 миң сом.

2.    №48 кесиптик лицейдин имаратынын бүткөрүлүшү – 34,0 млн сом.

3.    Жолдорду асфальттоо жумуштары (3 жерде) – 13480,0 миң сом.

4.    Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча аткарылган жумуштар – 30,0 млн сом.

5.    Жайыт комитетине трактор алынды, АРИС тарабынан – 1265,5 миң сом.

6.    Исфана аэропортун реконструкция кылууга – 21,0 млн сом.

7.    КААБунун имаратынын курулушу – 803,2 миң сом (мэриянын салымы 441,2 миң сом).

8.    Кара-Таш айылына ФАП куруу – 7,0 млн сом.

9.    Аймактык ооруканага жаңы төрөт бөлүмүнүн имаратынын курулушу – 30,0 млн сом.

10. Шаардын башкы планынын бүткөрүлүшү – 5,0 млн сом.

 

Мындан сырткары 2019-жыл ичинде шаардын аймагында ишкерлер тарабынан 26 жаңы ишкана ишке берилип, 90дон ашуун жумуш орундары түзүлдү. Жана шаарга болгон ички инвестициянын көлөмү 66,0 млн сомдон ашты. Түзүлгөн ири ишканалар төмөнкүлөр:

1.    "Кутчу Даана" айыл чарба кооперативи тарабынан минералдык сууларды чыгаруучу жалпы суммасы 5,2 млн сомдук ишкана түзүлдү.

2.    Жеке ишкер С.Шарипов тарабынан Исфана шаарынын Кошмуратов көчөсүндө азык-      түлүктөрүн сатуучу соода борбор курулду. Жалпы суммасы 4,5 млн сомду түзгөн.

3.    Жеке ишкер Х.Нажимидинова тарабынан "Лейлек Бренд" соода борбору курулуп, ишке берилди. Жалпы суммасы 7,0 млн сомду түзөт.

4.    150 орундуу "Виннипух" бала бакчасы ишке берилди. Жалпы суммасы 15,0 млн сомду  түзөт.

5.  "Илим-Заман" ЖЧКсы тарабынан 100 орундуу “Балажын” бала бакчасы ишке берилди. 

      Жалпы суммасы 12,0 млн сомду түзөт.

1.    Жеке ишкер У.Одилхужаев тарабынан үн чыгаруучу кичи завод ишке берилди, суммасы 4,5 млн сомду түзгөн.

2.    Жеке ишкер И.Джураев тарабынан коомдук тамактануучу жай ишке берилген, суммасы 3,5 млн сомду түзгөн.

3.    Жеке ишкер М.Саттаров тарабынан “Беко-2” соода борбору ишке түшүп, суммасы 3,0 млн сомду түзгөн.

4.    “МТС-Самат” айыл чарба коммерциялык кооперативи ишке берилип, суммасы 4,0 млн сомду түзгөн.

 

            Социалдык тармак боюнча: 

 

      Исфана шаарынын 2019-жылга карата өнүгүү программасында 14 иш-чара же б.а. 37 %  социалдык багыттагы иш-чаралар камтылган.

            Республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренеси боюнча 2019-жылга төмөнкү обьекттер  каржыланды:

1.    Кара-Таш айылына ФАП куруу – 6,969,690 сом, подрядчы “Араван Ремстрой” ЖЧК, курулуш иштери бүткөрүлүп пайдаланууга берилди.

2.    Ю.Гагарин атындагы орто мектепти капиталдык оңдоо – 3,248,100 сомдук бүткөрүлбөй калган жумуш аткарылууда. Тактап айтканда мектептин сырткы фасадында ремонт иштери жүргүзүлдү.

3.    Үлүштүк гранттардын эсебинен жалпы суммасы 3441,928 сом болгон “№1 Гимназия интернатына чарбалык имараттарды куруу жана мектептин аймагын абаттоо” долбоору боюнча курулуш иштери бүткөрүлүп пайдаланууга берилди. Анын ичинде шаар мэриясынын салымы 1656,1 миң сомду түзөт.

 

Эл аралык уюмдар менен иштөө жана билим берүү тармагына инвестиция тартуу  боюнча шаарга караштуу 3 мектеп Мерсико эл аралык уюмдарынын азык-түлүк долбооруна сунушталып, Мектеп ашканаларын оңдоо жана калыбына келтирүү боюнча долбоорлор жактырылган.

-         Ысык-Көл орто мектебинин ашканасын ремонттоо жана азык-түлүк үчүн кампа курууга 380920 сом жергиликтүү бюджеттен бөлүндү, “Мерсико” тарабынан 307381 сомдук ашкана жабдуулары берилди. Ошону менен бирге ушул долбоордун алкагында ашкананын айнек жана эшиктерин алмаштыруу үчүн 24000 сом жана мектетеги электр энергиясын пайдалануу 3 фазага өткөндүктөн, линияларын иреттеп жаңы линия тартуу жана электр жабдуулары үчүн 47950 сом жумшалды. Ошентип Ысык-Көл орто мектебин ысык тамакка өткөрүү долбоорунун алкагында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 452870 сомдук жумуш аткарылды.

-         Тайлан орто мектебинин ашканасын ремонттоо жана мини скважина курууга 399975 сом жергиликтүү бюджеттен бөлүндү, “Мерсико” тарабынан 198073 сомдук ашкана жабдуулары берилди.

-         Т.Жапаров атындагы орто мектебине долбоордун “Колдордуу жуу” компоненти боюнча кол жуугучтарды жана башка жабдууларды орнотуу жана суу менен камсыздоого 99552 сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп, бүткөрүлдү.

-         Жогорудагы 3 мектепке жаңы окуу жылына “Мерсико” тарабынан азык-түлүктөр берилди.

 

Билим берүү мекемелериндеги ремонт, курулуш жана материалдык базаны түптөө иштери боюнча:

-          “Жасмин” балдар бакчасына кошумча корпус куруу боюнча 1100,301 сом бөлүнүп, курулуш иштери жүргүзүлдү. Имараттын ички, тышкы жасалга (отделка) иштери, тамбур куруу, секиче жана пандус ата-энелердин фондунун эсебинен бүткөрүлдү. 2020-жылдын 1-кварталында эмеректер менен камсыздоо маселесин чечүү боюнча аракеттер көрүлүп, бакчага кошумча 50 бала тарбиялоого алынат.

-         Тайлан орто мектебинин теннис ойноочу канасынын курулушуна жана полуна жалпы 21600 сомдук курулуш материалдары алынып берилди.

-         Тайлан орто мектебине 19485 сомго компьютер, Токтогул атындагы орто мектебине 27485 сомго компьютер жана принтер, “Алтын-таажы” балдар бакчасына 47155 сомго компьютер, принтер жана телевизор алынып берилди.

-         “Барчын” балдар бакчасына 126600 сомдук, “Наристе” балдар бакчасына 135500 сомдук жана №4 Гимназия интернатына 84000 сомдук эмеректер алынып берилди.

-         “Ынтымак” балдар бакчасына 62200 сомго жогорку кубаттуулуктагы 4 камфоркалуу плита, “Келечек” балдар бакчасына 45000 сомго 12 кг.дык кир жуучу машине алынып берилди.

-         Т.Жапаров атындагы орто мектебине 50 даана люмен лампалар 6500 сомго, Беш-Бала башталгыч мектебине 10850 сомго ашканага идиштер жана холодилниги оңдоттуруп берилди. Д.Жороев атындагы жалпы негизги мектепке 19900 сомго видеобайкоо орнотууга тендер өткөрүлүп, орнотулуп берилди.

-         Ысык-Көл орто мектебинде 148169 сом жумшалып эки окуу корпусун ортосуна жеңил типтеги навес курулду.

-         Амир Темур атындагы орто метебинин автобекет тарабын тосуу үчүн 35745 сомго курулуш материалдары алынып берилип, мектеп жамааты тарабынан тосмосу курулду.

-         А.Навои атындагы орто жана Беш-Бала башталгыч мектебине ички тротуар курууга 88710 сом бөлүнүп берилип, тротуарлары бүткөрүлдү.

-         Бала бакчалардын ремонту жана керектуу жабдуулары боюнча: Арча-Бешик балдар бакчасына 41910 сом, Жеткинчек балдар бакчасына 45985 сом, Агартуу балдар бакчасына 13300 сом, Ак-Шоола балдар бакчасына 4860 сом болунуп берилди Наристе балдар бакчасынын ички электр линиялары жана туйундору кооптуу абалда болуп, мамлекеттик экотех инспекциясынын актысын негизинде бакчанын ички электр линиялары жаныланды жана 130642 сом каражат жумшалды.

-         Мындан сырткары бакчанын канализация системасы эскилиги жеткендиктен пайдаланууга мумкун болбой калуунун алды алынып кээ бир тетиктери алмаштырылды жана кун батыш тарабындагы ички тутуктору толук алмаштырылды. Бул жумуштарга 97825 сом каражат жумшалды.2019-жылда шаарга караштуу 15 мектеп жана 12 бала бакчалары үчүн жергиликтүү бюджеттен төмөнкүдөй сумма жумшалган: ичимдик суусуна- 624000  сом, жылытуу үчүн көмүр сатып алууга- 4871,856 миң сом, электр энергиясына 2854,113 миң сом, таштандыларды чыгарууга- 63278 сом, санитардык жактан тейлөө үчүн – 92500 сом, балдар бакчаларынын тамак-ашына 1003,274 миң сом, интернет байланышы үчүн 70000 сом.

       Мындан сырткары билим берүү мекемелериндеги курулуш, оңдоп-түздөө иштерине жана ар түрдүү курулуш жана чарбалык материалдары, технологиялык жабдуулар жана эмеректер менен камсыздоого жалпы 6555,490 мин сом жумшалган. Ошентип, бюджеттен жалпысынан- 16134,5 миң сом мектептер жана балдар бакчалары үчүн бөлүнгөн. Бул болсо шаардын жалпы бюджетинин 25,1 % түзөт.

           

Исфана шаарынын 2020-жыл ичинде

социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн жыйынтыгы  боюнча

 

2020-жыл Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынын “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылы деп жарыяланган. Президенттин Жарлыгын турмушка ашыруу багытында Исфана шаар мэриясы жана шаар мэриясына караштуу түзүмдүк структуралар өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө.

Жергиликтүү калктын маселесин чечүү, шаардын жана шаарга караштуу айылдардын ар тараптуу өсүп өнүгүшүн камсыздоо, шаардын жана айылдардын инфраструктурасын жакшыртууга багыт алынды.

 

Исфана шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясынын 2020-жылдын 19-майындагы №2-токтому менен Исфана шаарынын 2020-жылга карата өнүгүү программасы кыскартуулар менен кайрадан кабыл алынды.

 

Исфана шаарынын 2020-жылга карата түзүлгөн өнүктүрүү планына киргизилген  иш-чаралар жана башка инвестицияларды тартуу боюнча төмөнкү иштер аткарылды:

           

1.    Ак-Булак айылында таза суу түтүктөрүн куруу боюнча жалпы 4,0 млн сомдук жумуштар “Ас-Сафа” араб кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып аткарылды.

2.    Мурза-Патча айылында электр столбаларын жылдыруу жана линиясын тартуу, жумуштары аткарылды. Жалпы суммасы 294688 сом. Андан сырткары негизги унаа жолу да  жарыктандырылды.

3.    Исфана-Тайлан көпүрөсү республикалык бюджеттин эсебинен курулуп пайдаланууга берилди. Жалпы суммасы 5300,0 миң сом.

4.    Исфана шаары боюнча 4 участкада электр энергиясын камсыздоонун сапатын жакшыртуу боюнча КТПларды орнотуу боюнча сатып алуулардын негизинде 1009910 сомдук жумуштар каралган. Алар: Пулон-1 участкасында 100 кВт КТПны ишке берүү үчүн 170620сом, Бөзөгүл участксында 160кВт КТП орнотуу 266170 сом, Пулон-2 участогунда 160 кВт КТП орнотуу 280420 сом жумшалды. Бул участкаларды жумуштар бүткөрүлдү. Ошондой эле Жаңы конуш участогунда КТПны жылдыруу үчүн 292700 сом каралды.

5. Голбо айылында жалпы суммасы 65,0 млн сомду түзгөн жаңы мектептин курулуш жүрүүдө.

6. Жалпы суммасы 2 млн 895 миң  сомду түзгөн муниципалдык жаштар борборунун курулушу бүткөрүлдү.

7. “Лейлек-Тазалык” ишканасына таштандылар үчүн атайын техника сатып алынды, суммасы 2 млн 300 миң сом.

8. Шаар мэриясына чарбалык имараттар курулду (кампа жана күзөткана), 436,6 миң сом сарпталды.

9. Жаңы конуш участогуна өтүүчү көпүрө курулду, суммасы 516,7 миң сом.

10. Ички жолдорго 6600,0 миң сомго 2 км асфальт басылды. Алар Исфана-Тайлан жолу, Восточная жана Эгембердиев көчөлөрүндө.

11. Ички көчөлөргө түнкү жарыктарды орнотуу жумуштарына 954,2 миң сом жумшалды. А.и. Мурза-Патча, Ак-Булак айылдары жана Исфана шаарынын Туракул-Ата, Чынар, Ходжаматов көчөлөрү

12. А.Навои атындагы жана Исфана орто мектептеринде дем берүүчү гранттардан кошо каржылоо менен жылытуу кателдорун жаңылоо боюнча долбоорлор ишке ашырылды. Эки обьект боюнча 6352,1 миң сом жумшалды. А.и. жергиликтүү бюджеттен 1945,1 миң сом.

13. Исфана аэропорту толук реконструкциядан өтүп, жаңы имараты пайдаланууга берилди. Республикалык бюджеттен 65,0 млн сом каражат жумшалды.

14. “Ак-Чыйыр” мектеп-интернатына спорттук зал курулду. Араб кайрымдуулук фонду тарабынан 12,0 млн сом каражат жумшалган.

15. Өзгөчө кырдаалдар тармагы боюнча 3 обьекттин долбоордук сметалык документтери жалпы 923430 сомго жасатылды. Алар Шор-Булак сайга дамба куруу долбооруна 298430 сом, Беш-Бала айылында сайга дамба куруу долбооруна 380,0 миң сом жана Жаңы конуш учатогуна сел өтүүчү канал куруу долбооруна 245,0 миң сом.

16. Шаардык кеңешке 638,0 миң сомго кызматтык автоунаа алынды.

 

Ал эми жеке ишкерлер тарабынан да шаардын өнүгүү багытында бир топ ички инвестициялар болду:

-         Заманбап рентген-диагностикалык борбору курулуп медициналык жабдуулары менен толук пайдаланууга берилди. Жалпы бюджети 13,0 млн сомду түзгөн бул долбоорго мамлекеттик ссуда 6,0 млн сом, ал эми жеке ишкер Ж.Ганыева тарабынан 7,0 млн сом инвестиция салынган.

-         Кошмуратов көчөсүндө фармацевтика тармагы боюнча  борборлоштурулган аптека ишке берилди. Жалпы суммасы 10,0 млн сом.

-         Самат айылында заманбап коомдук мончо жана эс алуу комплекси курулуп ишке берилди, суммасы 1,5 млн сом.

-         Ордо мечитинин астындагы жол кеңейтилип, жеке ишкер тарабынан 500,0 миң сом акча каражаты жумшалды.

 

2020-жылга шаардын аймагындагы курулуштарга республикалык бюджеттен 81,0 млндон ашуун (81857,0) каражат каржыланган, ал эми эл аралык уюмдардан 60,0 млн.дон ашуун (60296,0) инвестиция тартылган.

 

Коронавирус илдетине каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча:

 

Дүйнө жүзүндөгү дээрлик бардык мамлекеттерге тараган “коронавирус” илдети биздин өлкөгө, анын ичинде Исфана шаарына да залакасын тийгизди. Ал эми Исфана шаарынын мэриясы бардык күч аракетин, адамдык жана каржылык ресурстарын колдонуп бул илдетке каршы күрөшүүгө анын элдин арасында жайылып кетпөөсү үчүн алдын алууга аракет жасады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-мартындагы №146 токтомунун негизинде маданий, спорттук жана башка иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилип, андан ары тыюу салынды. 2020-жылдын 18-мартынан баштап райондун аймагында жарандык коргонуу боюнча “Жогорку даярдык” режими, ал эми 22-мартынан баштап “Өзгөчө кырдаал” жарыяланып карантин режими киргизилди. Алдын алуу иштеринин алгачкы күндөрүнөн баштап 2020-жылдын 18-мартында шаар мэриясынын №59 буйругу кабыл алынып, Исфана шаарынын аймагында Коронавирус инфекциясынын пайда болуу коркунучунун алдын алуу жана калктын санитардык-эпидемиологиялык дурус абалын камсыздоо иштерин жүргүзүү боюнча шаар мэриясынын Штабы түзүлдү жана ошол күндөн баштап бардык иш-аракеттер көрүү колго алынды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы “Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын (Covid-19) пайда болуу жана жайылуу коркунучун алдын алуу боюнча чаралар жөнүндөгү” №163 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 1-апрелиндеги токтомун негизинде, ошондой эле республикалык, облустук жана райондук штабдардын протоколдук тапшырмаларынын негизинде шаар мэриясынын аймагында алдын алуу жана илдетке каршу күрөшүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-мартындагы №186 токтому менен бекитилген COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу экономикалык жана социалдык туруктуулукка келтирилген терс таасирди азайтуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылга биринчи кезектеги чаралар планынын 26-пунктуна ылайык жарандардын ден соолугун, коомдук коопсуздукту колдоо үчүн зарыл болгон, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн товарлардан, жумуштардан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн башка товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатыл алууга убактылуу чектөө киргизилди. Март айынан баштап азыркы күнгө чейин райондук штабдын 38 протоколдук тапшырмалары шаар мэриясына берилип бардыгына жазуу түрүндө жооптор жана аткарылган иштер боюнча маалыматтар берилүүдө.

Аткарылган жумуштар боюнча:

1.   Калктын арасында түшүндүрүү иштери токтоосуз жүргүзүлдү: шаар мэриясынын аппарат кызматкерлеринен мобилдик топтор түзүлүп жер-жерлерде, борбордук көчөлөрдө, базарларда,  автоунаа менен көчө-көчөлөрдө жүрүп үн күчөткүчтөр жардамында маалымат таратылды.  Элге кайрылуу тексттери даярдалып Фейсбук, одноклассники жана Инстаграм сыяктуу социалдык тармактарда шаар мэриясынын расмий баракчасы аркылуу жана базарларда радиоузел аркылуу элге маалыматтар жана эскертүүлөр берилип турду.

2.   Карантиндик посттор уюштурулду, айылдар арасында жана шаарга кириш жолдорго. Ошону менен бирге Мурза-Патча айылында жана Кольцо участкасында уюштурулган постто иштеген кызматкерлерге шаар мэриясы тарабынан тамак-аш камсыздалып турду.

3.   Базарларда жана соода түйүндөрүндө азык-түлүктөргө бааларды негизсиз көтөрбөө жана монополияга каршы мамлекеттик агенттиги тарабынан белгиленген бааларды сактоо боюнча шаар мэриясынын тийиштүү адистери күн сайын көзөмөлгө алып, баалар жөнүндө маалымат алынып, жогорку органдарга берилди.

4.   Санитардык талаптар жана гигиенаны сактоо максатында шаардын борбордук көчөлөрүндө, базарларда жана эл көп топтолуучу жайларда хлор менен дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Ошону менен бирге акысыз таратуу үчүн бет каптар тиктирилди.

5.   Келген гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү боюнча шаардык кеңештин депутаттары, мечит имамдары жана айыл башчыларынан атайын комиссия түзүлүп муктаждардын тизмелери такталып, гуманитардык жардамдар өз убагында таратылып турду. Анын ичинде мамлекет тарабынан 666 үй-бүлөгө, Өзбекистан Республикасынын келген жардам 203 үй-бүлөгө жана демөөрчүлүр тарабынан 735 үй-бүлөгө ар түрдүү, азык-түлүк түрүндө жардамдар берилди.

6.   Соода түйүндөрүнүн жана базарлардын иштөө режимине чектөөлөр киргизилген учурда күн сайын өз саатында (14-00) жабуусу жана санитардык талаптарды аткаруусу  көзөмөлгө алынып аткартылды.

7.   Обсервация уюштурулган мекемлерге жылуулук берүү үчүн өз убагында көмүр камсыздап берилди (№1 гимназия, №4 гимназия, №48 лицей).

8.   Райондун аймагында да Ковид-19 илдети менен ооругандар катталгандан кийин кошумча күндүзгү стационарлар уюштурулду. Алар: А.Навои атындагы орто мектебинин спорттук залында 40 орун, Исфана орто мектебинин спорттук залында 30, Голбо айылындагы тойканада 30 орун, Чимген айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда 4 орун уюштурулуп, оорулулардын саны көбөйгөн учурда ал жерлерде элдерди медициналык тейлөө жүргүзүлгөн.

9.   Исфана шаар мэриясынын 2020-жылдын 05-октябрындагы №231 буйругу менен 2020-2021-жылдын күз-кыш мезгилинде Covid-19 коронавирустук инфекция пандемиясынын мүмкүн болуучу экинчи толкунуна даярдык көрүү боюнча Исфана шаар мэриясынын иш-чаралар планы бекитилди.

Илдетке каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча аткарылган иш-чараларга жумшалган акча каражаттары төмөнкүчө:

1.     Көчөлөрдү жана социалдык объектилерди дезинфекциялоо жана хлор сатып алууга 108240 сом.

2.     Постто турган жана башка кызматкерлерди тамак-аш менен камсыз кылууга 13100 сом.

3.     Бет каптардын материалдары жана аларды тиктирип даярдоо үчүн 42857 сом.

4.     Административдик имараттар жана кызматкерлер үчүн антисептик жана гигиеналык коргонуу каражаттар үчүн 39904 сом.

5.     Гуманитардык жардамдарды алып келүү үчүн транспорттук чыгымдарга 30000 сом.

6.     Исфана шаары жана шаарга караштуу айылдарда автоунаа менен жүрүп үн күчөткүчтөр аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана карантиндик постторду уюштуруу үчүн күйүүчү майларга 66500 сом.

7.     Аз камсыз болгон, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө карантин мезгилинде жардам көрсөтүү 84000 сом.

8.     Күндүзгү стационарларга орундарды даярдоо жана штативдери үчүн (простыня, кленка ж.б.) 38500 сом.

9.     Жаңы окуу жылынын башталышына байланыштуу коюлган санитардык талаптарга ылайык шаарга караштуу мектептерде жана бала бакчаларда санитардык талаптардын аткарылышын камсыздоо максатында шаарга караштуу 15 мектепке жана 11 бала бакчага жергиликтүү бюджеттин эсебинен 273310 сомго санитайзерлер жана дезинфекциялык каражаттар камсыздап берилди. Атап айтканда 32 даана электр менен жылытылуучу умывальниктер, 26 даана тепловизор, 27 даана дезинфекциялык килемче, 192 пачка кагаз сүлгү, 160 даана суюк самын, 96 литр антисептиктер алынып берилди.

10.  Октябрь айынан баштап №4 Гимназия интернатында кайрадан күндүзгү стационар уюштурулду. Күндүзгү стационарда тийиштүү шарттарды түзүү максатында 24400 сомго керектүү каражаттар (печкалар, чырактар, удлинитель ж.б.) камсыздап берилди.

Бардыгы болуп илдетке каршы күрөшүүгө жана алдын алууга 720700 сом жумшалды.

Белгилеп кетүүчү жагдай, коронавирус илдетине каршы күрөшүүдө элдин да салымы өтө чоң. Айрыкча ишкерлер жана колунда бар инсандарыбыз мыкты демөөрчүлүк көрсөтүштү. Азыркы күнгө чейин Лейлек аймактык ооруканасына жана райондук үй-бүлөлүк медицина борборуна мамлекеттин бюджетинен сырткары, демөөрчүлөр тарабынан берилген кычкылтек концентраторлорунун саны 115 даананы түздү. Ошону менен бирге 84-жылкы уул-кыздардын 100 даана кроват алып бергени да алгылыктуу иштердин бири болду.

 

2020-жыл ичинде сатып алуулар бөлүмү тарабынан 87 конкурстар (тендер) өткөрүлгөн жана бардыгы болуп 34 млн 541 миң 350 сомго келишимдер түзүлгөн. Анын ичинде бюджеттин аппарат бөлүмүнөн 18 конкурс, ММД бөлүмүнөн 64 конкурс жана шаардык кеңеш бөлүмүнөн 5 конкурс өткөрүлгөн.

 

 

Социалдык тармак боюнча:

 

      Исфана шаарынын 2020-жылга карата өнүгүү программасында 8 иш-чара же б.а. 33 %  социалдык багыттагы иш-чаралар камтылган.

            Республикалык бюджеттин капиталдык салымдар жана гранттар беренеси боюнча:

1.     Т.Жапаров атындагы орто мектебинде капиталдык оңдоо жумуштары – 4,476,283 сом, подрядчы “Ал-Амал” ЖЧК, жыл башында подрядчы уюм тарабынан мектептин 2-кабатынын терезелерин алмаштыруу иштери жүргүзүлгөн, бирок азырынча республикалык бюджеттин эсебинен акча каражаты бөлүнүп берилбегенине байланыштуу калган жумуштары аткарыла элек.

2.     К.Казыев атындагы орто мектебинин жаңы имаратын куруу – “Араб өнүктүрүү фондунун” эсебинен. Подрядчы “Илек Строй Групп” ЖЧК. Жалпы суммасы 65,0 млн сом. Курулуш иштери 2019-жылдын аягында башталып азыркы күндө мектептин негизги окуу корпусу бүткөрүлүп чатыры жабылды.

3.     Дем берүүчү гранттардан каржылоого республикалык бюджетке 3 долбоор сунушталып, райондук комиссиянын кароосунун жыйынтыгы менен 3 долбоор тең - 2 долбоор негизги жана 1 долбоор кошумча катары Финансы Министрлигине жиберилди. 2020-жылдын июнь айынын аяганда 2 долбоор Министрлик тарабынан жактырды. Анын негизинде А.Навои атындагы жана Исфана орто мектептери боюнча долбоорлордун алкагында сатып алууларга конкурс өткөрүлүп, жумуштар аткарылды.

 

            Билим берүү мекемелерине инвестиция тартуу  боюнча шаарга караштуу 3 мектеп ВПП ООН жана Мерсико эл аралык уюмдарынын азык-түлүк долбооруна кирип, мектеп ашканаларын оңдоо жана калыбына келтирүү боюнча долбоорлор жактырылган. Алар:  Ю.Гагарин атындагы орто мектебинин ашканасын ремонттоо жана ысык-тамакка даярдоого 445793 сом, Амир Темур атындагы орто мектебинин ашканасын толугу менен калыбына келтирүү жана ысык-тамакка даярдоого 422609 сом, Исфана орто мектебине “Мерсико” уюмунун долбоорунун 2-этабы “Колдордуу жуу” компоненти боюнча кол жуугучтарды жана башка жабдууларды орнотуу, столовойдогу жылуулукту камсыздоого 148710 сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп, ремонт иштери толук бүткөрүлдү.

Ал эми ВПП ООН жана “Мерсико” эл аралык уюмдары тарабынан жогоруда аталган мектептерге ашкана жабдуулары жана азык-түлүктөр берилди.

 

Көйгөйлүү маселелер жана 2021-жылга милдеттер:

 

 

Инфраструктура багытындагы муктаждыктар

 

Иш-чаралар

Каржылоо булактары

-       Жыл сайын шаардын ички жолдорун асфальттоо. Азыркы учурда 35% гана жолдор асфальтталган.

Республикалык бюджет

-     Калктуу конуштардын аймагынан өткөн сайларга селден тосуучу дамбаларды жана габион төрчөөрүн орнотуу. Болжол менен 20км ден ашуун сайдын жээктериндеги турак үйлөр, айыл чарба багытындагы жерлер жана социалдык обьекттер селге кооптуу аймакта жайгашкан.

Республикалык бюджет

-     “Самат” атындагы парктын ички жолдорун капиталдык оңдоо, балдар ойноочу аянттарды  жана аттракциондорду куруу.

Донордук уюмдар, Жергиликтүү бюджет. Жеке ишкерлер

 

-     Шаардын борбордук көчөлөрүнө заманбап светофорлорду орнотуу, тротуарларды калыбына келтирүү  жана аялдамаларды куруу;

Жергиликтүү бюджет

-     Исфана шаарынын күн чыгыш тарабындагы айланып өтүүчү жолду капиталдык куруу 6.2 км. Азыркы учурдагы абалы шагыл төшөлгөн жол.

Республикалык бюджет

-     Жаңы конуштара калкты электр энергиясы менен камсыздоо үчүн КТПларды орнотуу, жолдорун оңдоо.

Жергиликтүү бюджет жана бюджеттен тышкары каражаттар (элдик)

-     Жаңы конуштарды ичимдик жана сугат суу менен камсыздоо.

 

Социалдык мекемелерге болгон муктаждыктар

Чек арадагы айыл статусуна ээ болгон Мурза-Патча айылындагы Д.Жороев атындагы жалпы негизги мектебинин имараты 1997-жылы элдик ашар жолу менен, жер титирөөгө туруксуздугу эске алынбай курулган. Мектеп 70 орунга ылайыкташкан болуп, азыркы күндө 118 окуучу окуйт. Мектептин кээ бир класстарынын шыптары көчүп, жыгач баларлары сынып түшкөн учурда шаар мэриясы тарабынан ремонт иштери жасалган. Бирок имараты өтө начар абалда, дубалдарында сынчы жок жана жарака кеткен, баларлары чириген, фундаменти чөккөн. Ошондуктан республикалык бюджеттин эсебинен Мурза-Патча чек ара айылына 225 орундуу спорттук залы менен жаңы мектептин имаратын куруу жагы сунушталат. 

Исфана  шаарында 12 мамлекеттик жана 10 жеке менчик мектепке чейинки билим берүү мекемелери ишмердүүлүк жүргүзүп келет. Бул балдар бакчаларында тарбияланып жаткан балдардын жалпы саны 1807 бала.  Анын ичинде ДМЧ балдар үчүн “Кулунчак” калыптандыруу борборунда 30 бала тарбияланат. Исфана шаар боюнча 0–6 жаштагы балдардын саны 6343 бала болсо, анын ичинен бала бакчаларга барган балдардын  жалпы саны 1807 бала болуп мектепке чейинки билим берүүгө тартылган балдар 28,5 %ды гана  түзөт. Ал эми бала бакчаларда расмий катталып кезекте турган балдардын саны 1716 бала. Шаардын аймагында 10 жеке менчик бала бакчалардын иштеп жатканы дагы мектепке чейинки билим берүүгө муктаждыктын өтө жогору даражада экендигин тастыктап турат. Бирок жеке менчик бала бакчаларда балдарды окутууга калктын калың катмарынын жашоо шартынан улам мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан Исфана шаарынын аймагына төрт жерде: Пулон-2 участогунда, Өрүкзар көчөсүндө, Бөзөгүл участогунда жана Тайлан айылында 100-150 орундуу балдар бакчаларынын имаратын куруу зарыл.

Исфана шаарынын аймагында 11 орто билим берүү мектеби, 1 толук эмес орто мектеби, 1 башталгыч мектеп жана 2 гимназия мектеби, ошондой эле 1 мектеп-интернаты жайгашкан.  Бул билим берүү мекемелеринде жалпысынан 7292 бала билим алууда. Шаар райондун борбору болгондуктан шаардагы мектептерге башка айыл аймактарынан да балдар келип окуйт. Айрыкча А.Навои, Ю.Гагарин атындагы орто мектептеринде, №1 жана №4 Гимназия мектептеринде дагы ар башка айыл өкмөттөрдөн балдар келип  билим алат. Шаардагы мектептердин жалпы сыйымдуулугу 5170 түзсө, аларда окуган окуучулардын саны 7292ни түзүп 2100дөн ашуун окуучулар үчүн мектептерде орун жетишсиз жана нормадан ашыкча, шарты жок абалда билим алууда. Ошондуктан Исфана шаарына кеминде 500 орундуу жаңы заманбап мектеп спорттук залы менен  куруу өтө зарыл.

Исфана шаарынын Жаштык жана Бөзөгүл участокторуна ФАП куруу. Бул участкалар шаардын жаны конуштары болуп эсептелип, шаардан бөлүнүп турат. Азыркы кезде ал жердеги жашоочулар шаардын борборундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна каттап медициналык кызмат алышат, бирок жаш балдар, кош бойлуу аялдар жана улуу жаштагылар үчүн жолдун алыстыгы мүчүлүштүк жаратууда.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор Министрлигине караштуу Жарандык Авиация Агенттиги тарабынан “Исфана” аэропортунун учуп-кунуу тилкесинин айланасында коргонуу зонасын кыскартуу боюнча жеринде комиссия иликтеп аныкталышы тууралуу маалымат берилген. Бирок бул маселе азыркы күнгө чейин чечилген эмес. Ошондуктан “Исфана” аэропортунун учуп-кунуу тилкесинин айланасында коргонуу зонасын 500 метрге чейин кыскартуу маселесин чечүү жагы сунушталат.

 

 

Кыргыз Республикасы   Баткен областы  Лейлек  району

 Исфана шаарынын 2021-жылга карата социалдык паспорту