Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин № 7 чакырылышынын кезектеги 30-отуруму (сессиясы)
2022-жылдын 19-марты № 30-6
“Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жар-Коргон айылынын тургуну Токторов Каныбек Асановичтин жашап жаткан турак-жайын жеке менчигине бекитип берүү жөнүндө”
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жар-Коргон айылынын тургуну Токторов Каныбек Асановичтин жашап жаткан турак-жайын жана ага тиешелүү жер аянтын жеке менчигине бекитип берүү жөнүндө арызын карап чыгып, Н.Исанов атындагы айыл Кеңешинин 1997-жылдын 23-августундагы 1-чакырылышынын Х –заседаниесинин № 11-5 чечимине, Ноокат райондук мамлекеттик архивинин 2021-жылдын 24-марттагы №1542, 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 5173 маалыматынын жана Ноокат райондук мамлекеттик архивинин 18.02.2022-жылдагы № 1474 чыгыш катына негиз, үйдүн жанындагы жеке пайдалануусундагы 0,15 га жер аянтынын катталгандыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-32- беренесине таянып, айылдык кеңештин сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жар-Коргон айылынын тургуну Токторов Каныбек Асановичтин жашап жаткан турак-жайы жана ага тиешелүү 0,15 га жер тилкеси бекитилип берилсин.
2. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук филиалынан жана Ноокат райондук архитектура бөлүмүнөн Токторов Каныбек Асановичтин жашап жаткан турак-жайы жана ага тиешелүү 0,15 га жер тилкесине тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
3. Бул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын. Көзөмөлдөө жагы депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин “айыл чарба жана жерге жайгаштыруу, экология” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | Н. Жолдошов |