Редакцияот 04.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Көк-Арт айылдык кеңешинин 2024-жылдын 17-декабрындагы №4 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

Көк-Арт айылдык кеңешинин кезектеги XXXI сессиясы

4.03.2022-жыл № 16

Айып пул салуу жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынына ылайык Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты А.Шооруковдун талаа эгиндерин зыянга учуратып жаткан мал жандыктарга айып пул салуу жөнүндө  сунушун  угуп жана талкуулап  Көк-Арт айылдык кеңешинин VI чакырылышынын  кезектеги  XXXI-сессиясы токтом кылат:                         

1.   Көк-Арт айыл өкмөтүнүн талаа эгиндерин тебелеп жаткан жылкыларга – 2000 (эки миң) сом, ири мүйүздүү малга – 1000 (бир миң) сом, майда жандыктарга (кой эчкилерге) – 500 (беш жүз) сом айып пул салынсын.

2.  Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн  kugart.my1.ru расмий сайтын жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3.  Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине  киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Г.А.Акпаралиевага милдеттендирилсин.

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Көк-Арт айылдык

Кеңешинин төрагасы

 С.Жуманазаров