КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) тогузунчу сессиясы
2022-жылдын 29- апрели № 9-4
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жер, жерди ижарага берүү, аукциондо сатуу-сатып алуу жана менчик укугуна бекитип берүү боюнча жер комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жер, жерди ижарага берүү, аукциондо сатуу-сатып алуу жана менчик укугуна бекитип берүү боюнча жер комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап чыгып, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-беренесине таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жер, жерди ижарага берүү, аукциондо сатуу-сатып алуу жана менчик укугуна бекитип берүү боюнча жер комиссиясын курамы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү жерлерди жана жерди аукционго сатуу-сатып алуу боюнча мыйзам чегинде ишти аткаруу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жер, жерди ижарага берүү, аукциондо сатуу-сатып алуу жана менчик укугуна бекитип берүү боюнча жер комиссиясынын курамына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Женишбай у. Э |
| Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) кезектеги тогузунчу сессиясынын 2022-жылдын 29-апрелиндеги № 9-4 токтомуна тиркеме |
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жер, жерди ижарага берүү, аукциондо сатуу-сатып алуу жана менчик укугуна бекитип берүү боюнча жер комиссиясынын курамы:
1. С. Толубаев
2. Ж. Нурматов | – Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адис, комиссиянын төрагасы – Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы |
Мүчөлөрү:
1. М. Асанов 2. Женишбай у. Э 3. Турдуев А 4. Келдибек у. Б 5. Д. Назарбаев 6. Ш. Каримова 7. Т. Азимбаев 8. Ж. Мамашев 9. А. Аттокуров 10. Н. Максытов 11. З. Камбаров 12. Т. Садиров 13. К. Бодоев 14. О. Матиев | – Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары. – Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин төрагасы. - Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаты. - Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаты. - Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаты. - Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаты. - Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаты. - Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаты. - Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн турак-жай, курулуш, өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис. - Кыргыз-Ата айылынын айыл башчысы. - Ак-Булак айылынын айыл башчысы. - Көтөрмө айылынын айыл башчысы. - Борко айылынын айыл башчысы. - Кара-Кой айылынын айыл башчысы. |
Жооптуу катчы | К. Заирова |