Загрузка документа…
КАРА–КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара–Кочкор айылдык округунун кеңешинин жетинчи кезексиз сессиясынын (VII-чакырылыш) жыйналышынын
2021-жылдын 30-октябры № 7/1
Кара–Кочкор айылдык округунун кеңешинин XIX сессиясынын V-чакырылышынын 2014-жылдын 16-апрелиндеги №9/4 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кара-Кочкор айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара–Кочкор айылдык округунун Кеңешинин XIX сессиясынын V-чакырылышынын 2014-жылжын 16-апрелиндеги №9/4 Кара–Кочкор айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүү, жер аянтын которуу (трансформациялоо) боюнча токтомго өзгөртүү киргизилип төмөндөгүдөй болуп окулсун Кара-Кочкор айылынын “Кашкулак ийин” участкасынан № 314-15,8 га, №318-22,7 га, № 322-1,50 га инвентардык контурдагы жалпы аянты 40,0 га мелиоративдик даярдыктагы жер аянты, Сары-Булак айылынын “Боксо” участкасынан № 89-10,5 га, №91-3,60 га, №97-0,90 га инвентардык контурдагы 15,0 га кайрак айдоо жер аянты, Ак-Кыя айылынын “Арпа-Тектир” участкасынан №58-15,0 га инвентардык контурдагы кайрак айдоо жер аянты, бардыгы кайра бөлүштүрүү фондусунда, мамлекеттик менчиктеги 70,0 га жер аянтарын которуу (тарансформациялоо) боюнча Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн сунушу бекитилсин, макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айылдык округунун кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын жана саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
Кара-Кочкор айылдык округдук кеңешинин төрагасы: |
С. Бөрүбаев |