УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Улахол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XI сессиясы
2022-жылдын 14-апрели № 57
Улахол жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлер боюнча жобону иштеп чыгуу жөнүндө
Улахол жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлер боюнча жобону иштеп чыгуу жөнүндөгү М. Бейшеевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Улахол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ЖПБнин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлердин билими атайын ортодон жогору болсун.
2. ЖПБнин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлердин жаш курагы 25-60 жаш куракта болсун.
3. ЖПБнин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлер өнүктүрүү программасы менен катышсын.
4. 20-апрель саат 17-00 чейин талапкерлерди каттоо, 23-апрелде шайлоо саат 10-00 до өткөрүлсүн, шайлоо комиссиясын түзүү жана шайлоону өткөрүү айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
5. ЖПБнин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо КР «Жайыттар жөнүндө» мыйзамына ылайык жүргүзүлсүн.
6. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | А.Жолалиев |
Катчы | И.Жээнтаев |