Загрузка документа…
НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нариман айылдык кеңешинин кезекcиз VIII сессиясы (алтынчы шайланган)
2017-жылдын 22-июну № 8
Нариман айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдорду мамлекеттик тилде жазуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 23-февралындагы “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, 2013-жылдын 1-мартында мыйзам күчүнө киргендигинин, ”Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”мыйзамынын 26-беренесиндеги өзгөртүүлөргө ылайык тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктүү аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашаган шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктү органынын тиешелүү чечими болгондо жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүктүү органын ченемдик укуктук актысын мамлекеттик тилде гана кабыл алуусуна жол берилет ” деп көрсөтүлгөндүгүн негиз болгондуктан, жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Нариман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айылдык кеңештин аймагында жашаган көпчүлүгү мамлекеттик тилди билгендиктен айылдык кеңештин сессиясында ченемдик укутук актылардын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилсин.
2. Айылдык кеңештин сессиясында ченемдик укутук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол бергендиктен токтомдорду расмий тилде которбой Ош областынын жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгы аркылуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Нариман айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нариман айылдык кеңешинин төрагасы: |
Р.Нурматов |