Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ИРИМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Ирим айыл аймактык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги II сессиясы

2021-жылдын 11-майы № 3

«Жайыт комитети жөнүндө»

(Көк-Ирим айыл аймактык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 5 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап,

Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын

кезектеги II сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт комитетинин төрагасы Ж.Капаровко милдеттендирилсин:

- жайыт комитетинин балансасында турган погрузчиктин иштөөсүн 15-майдан баштап учетко алуу;

- погрузчиктин иштеген акысына чек кыркып берүү;

- погрузчиктен түшкөн акчаны кирешеге киргизүү;

- жайыт комитетиндеги аткарылган иштердин кириш, чыгыш журналын ачуу;

- жайыт акысын, жайыт пайдалануучулар төккөндүгү боюнча чек кыркып берүү;

- жайыттын жолун погрузчик менен сүздүрүп түздөп, оӊдотуу;

- 6 айлыктын жыйынтыгы менен чабандардын домиктери боюнча отчет берүү;

- Жайытка райондон жана башка райондон келген малдын саны боюнча 6 айлыктын жыйынтыгы менен отчет берүү;

- Корукчуларга 20 000 (Жыйырма миӊ) сом корук акысын төлөп берүү;

 

2. Жайыт комитетинин балансасындагы погрузчик бузулса, погрузчиктин тетиктерин алууга кеткен акча каражатты погрузчиктин шоферу Н.Сатаровдун жана жайыт комитетинин төрагасы Ж.Капаровдун айлык акысынын эсебинен оӊдотулсун. Өздөрүнүн күнөөлөрүнүн негизинде.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Көк-Ирим айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы:

 

К.Асыйбеков