КӨК-ИРИМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Ирим айыл аймактык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги II сессиясы
2021-жылдын 11-майы № 4
««МТС-Көк-Ирим» муниципалдык ишканасы жөнүндө»
(Көк-Ирим айыл аймактык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3 токтомунун редакциясына ылайык)
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап,
Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын
кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «МТС-Көк-Ирим» муниципалдык ишканасынын директору М. Шабданбековко милдеттендирилсин:
- 6 айдын жыйынтыгы менен канча жер айдалды, МТСтин бюджетине канча акча түштү, анын канчасы МТСке таза киреше экендиги боюнча толук отчет берүү;
- МТСтеги 3 трактор,1 комбайндын иштөөсүн ар дайым көзөмөлгө алуу;
- Корукчулар мингенге Сары-Талаанын чөбүнөн түшкөн кирешенин эсебинен бир мингич ат сатып берүү;
- Корукчуларга 20 000 (Жыйырма миӊ) сом корук акысын төлөп берүү;
- МТСтин карамагындагы айыл чарба шаймандарын тактоо, айыл өкмөттүн балансасына кире элек шаймандарды айыл өкмөтүнүн балансасына киргизүү;
- Кириш,чыгыш журналын жүргүзүү;
- Тракторлордун иштеген акысына чек кыркып берүү;
2. МТСтин карамагындагы 3 трактор, 1 комбайн бузулса техникаларды оӊдотууга трактордун шоферлорунун ( С. Мокеев, Болотбек у Б, Д.Досматов, Каныбек у З) жана МТСтин директору М. Шабданбековдун айлык акысынын эсебинен оӊдотулсун. Өздөрүнүн күнөөлөрүнүн негизинде.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Асыйбеков |