АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын
2023-жылдын 9-февралы № 89
Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдө жерлердин берүү тартибин, жерлердин ижара акысынын старттык бааларын, кадамдарын бекитип берүү жөнүндө
Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдө жерлердин берүү тартибин, жерлердин ижара акысынын старттык бааларын, кадамдарын бекитип берүү жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын XXVI сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондунун Торкен айылындагы сугат жерлерин ижарага берүүдө төмөндөгүчө берилсин:
-Торкен айылынын сугат аянттары Рабкооптун арты жер комиссиясы аркылуу аукцион менен, баштапкы баасы ар гектарына 5000сомдон, кадамы 500сомдон кепилдик төлөмү 2000сомдон мөөнөтү 7жылга;
-Торкен айылынын шартуу сугат аянттары болгон Аэропорт участогундагы жерлер жер комиссиясы аркылуу түз берүү жолу менен ар гектарына 5000сомдон, мөөнөтү 7жылга;
-Торкен айылынын К-6 жана Айгыржал участогундагы шартуу сугат жерлери жер комиссиясы аркылуу түз берүү жолу менен ар гектарына 2000сомдон мөөнөтү 7жылга берилсин.
2. Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондунун Көтөрмө айылындагы шарттуу сугат жерлерин ижарага берүүдө төмөндөгүчө берилсин:
-Көтөрмө айылынын айыл ичиндеги шарттуу сугат жерлери жер комиссиясы аркылуу түз берүү жолу менен ар гектарына 2000сомдон мөөнөтү 7жылга;
-Көтөрмө айылынын Кыргоо участогундагы шартуу сугат жерлери ар гектарына 3000сомдон мөөнөтү 7жылга берилсин.
3. Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондунун Кара-Жыгач айылындагы шарттуу сугат жерлерин ижарага берүүдө төмөндөгүчө берилсин:
-Кара-Жыгач айылынын Жийде-Сарай, Насос участокторундагы шарттуу сугат жерлери жер комиссиясы аркылуу түз берүү жолу менен ар гектарына 5000сомдон мөөнөтү 7жылга берилсин.
4. Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондунун кайрак жерлери жалпы айыл өкмөтү боюнча жер комиссиясы аркылуу түз берүү жолу менен ар гектарына 1000сомдон мөөнөтү 7жылга берилсин.
5. Абды Суеркулов айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондунун чөп чабынды жерлери жалпы айыл өкмөтү боюнча жер комиссиясы аркылуу түз берүү жолу менен ар гектарына 1000сомдон мөөнөтү 7жылга берилсин.
6. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана www.torken.kg веб сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы Т.Кебековго тапшырылсын.
8. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Төрага | Таалайбек уулу К. |