| БЕКИТЕМИН Жекенди айылдык 18.01.2023-ж. № 4 токтому |
Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чоң-Алай району
Жекенди айылдык аймагы
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
2023-2027 – ЖЫЛДАРГА КАРАТА
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨНҮГҮҮСҮНҮН СТРАТЕГИЯСЫ
Кара-Мык 2023-жыл
МАЗМУНУ
КИРИШ СӨЗ – ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨНҮГҮҮ ПЛАНЫН ТҮЗҮҮ БОЮНЧА НЕГИЗГИ МААЛЫМАТ 12
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КЕЛЕЧЕКТЕГИ ЭЛЕСИ ЖАНА МИССИЯСЫ 14
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СТРАТЕГИЯЛЫК МАКСАТТАРЫ, АЛАРДЫН КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ, ДОЛБООРЛОРУ ЖАНА ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ 17
КОРУТУНДУ 20
Тиркеме № 1 Фокус топтун жыйынтыгы 20
Тиркеме № 2 Жекенди айылдык аймагынын 2023-2027-жылдарга карата инвестициялык планы 24
КИРИШ СӨЗ – ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨНҮГҮҮ ПЛАНЫН ТҮЗҮҮ БОЮНЧА НЕГИЗГИ МААЛЫМАТ
2023-жылдын 18-январь жергиликтүү кенештин 7-чакырылышынын кезектеги 14- сессиясынын №_____ токтомун ишке ашыруу жана Жекенди айылдык аймагынын 2023-2027-жылдаргы карата жергиликтүү өнугүүсүнүн стратегиясын иштеп чыгуу максатында Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысынын 09-январь 2023-жылдагы № 4 –буйругу менен курамы 9 кишиден турган жумушчу топ түзүлдү.
Жумушчу топ жергиликтүү өнүгүү планынын баалоонун үстүндө иш аракеттерди жүргүздү жана айылдардан демилгелүү топтор аныктап келген көйгөйлөрдүн негизинде Жекенди айылдык аймагынын 2023-2027-жылдарга өнүгүү планын толуктап иштеп чыгышты.
Жекенди айылдык кенешинин жергиликтүү өнүгүү планын иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топтун курамы:
Жумушчу топтун курамы:
| |
1.Кожобеков Жаныбек
| Жекенди А.Өжооптуу катчысы (жумушчу топтун төрагасы) |
2.Маматов Сапарбек | Жекенди А.Ө ФЭБ башчысы |
3. Садыкбаев Жумаш
| Жекенди А.Ө нын адиси |
4.Акунов Бектемир
| Жекенди А.Ө нын адиси |
5. Маматов Абазбек
| Жер адиси |
6.Галов Мунажидин
| Жекенди айылынын айыл башчысы |
7.Саитов Муктарали
| Кара-Тейит айылынын айыл башчысы |
8. Жаркынбаев Сулайман | Чулук айылынын айыл башчысы |
|
|
9.Кудайберди уу Бердибек | Шибээ айылынын айыл башчысы |
Стратегиялык өнүгүүнүн максаты Жекенди жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун экономикасын көтөрүү менен калктын жакырчылыктан чыгуусуна шарт түзүү болуп эсептелет. Аталган максатка жетүүдө жергиликтүү мамлекеттик эмес уюмдар, жергиликтүү жеке ишкерлер жана жалпы эле жарандык коом чоң роль ойношот. Жекенди жергиликтүү өз алдынча башкаруусу ушул өнүгүү планда иштелип чыккан максаттарга жамааттык уюмдар, аксакалдар, жаштар, аялдар кеңештери жана алардын мүчөлөрү менен байланышынын негизинде жетип, элдин жашоо турмуш деңгээлинин жогорулашына өбөлгө түзө алат.
Стратегиялык өнүгүү жолун аныктоо төмөндөгү диаграммада көрсөтүлгөн:
Анализ/маалыматтар: Баалоонун жыйынтыгы Жарандарды сурамжылоо 3. Муниципали-теттин профайлы Муниципал-дык менчик Жергиликтүү бюджет Сырткы чөйрө Жеке ишкерлерди сурамжылоо
|
|
Анализден алынган негизги маанилүү чечимдердин күчтүү, алсыз жактарын, мүмкүнчүлүк төрүн жана кыйынчылыктарын аныктоо (SWOT анализ) |
|
SWOT анализдин негизинде аныктал-ган критика-лык суроолор жана алардын бөлүктөр гө жалпыланышы |
|
Критика-лык суроолор-дон алынган жалпыланган стратегиялык максаттар жана милдет-тер |
|
Стратегиялык максаттарга жана милдеттерге жооп берген долбоор-лор |
Жарандык коомго, башкача айтканда айыл аймагындагы жашоочулардын фокус топ тузулуп, муниципалитеттин профайлы түзүлдү. Ошондой эле муниципалдык менчик, жергиликтүү бюджет, сырткы чөйрөгө анализ жүргүзүлдү. Айыл аймагындагы жеке ишкерлерге сурамжылоо жүргүзүлдү.
Сурамжылоонун жана анализдердин жыйынтыгы №1-тиркемеде чагылдырылган.
Айыл өкмөтүнүн социалдык, экономикалык абалын терең анализдеп чыгуудан стратегиялык суроолор аныкталды жана өтө маанилүү деген гана критерийлер жалпыланып, критикалык суроолор жаралды:
1. Башкаруу (маалымат алмашуу, ачык айкындуулук, адистердин билим деңгээли);
2. Экономика (табигый ресурстар, техника, жеке ишкерлерди колдоо, туризм);
3. Социалдык маселелер (турак жай салуу үчүн жер участокторун берүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо, соц.коргоо);
4. Инфраструктура (жолдор, көпүрөлөр, курулуштар);
5. Айыл чарба (өндүрүү, сатуу, сугат суу);
6. Жергиликтүү мамлекеттик эмес уюмдар менен иштөө.
Жергиликтүү өнүгүү планы Жекенди айыл аймагынын ар тараптан өнүгүүсүнө өбөлгө болгон, натыйжалуу долбоорлорду камтыйт. Жогоруда келтирилген 6 сектордун негизинде №2-тиркемедеги долбоорлор сунушталган.
Бул жергиликтүү өнүгүүнүн планы – жергиликтүү жамааттардын экономикалык, ошондой эле социалдык, маданий механизмдердин этаптуу өнүгүүсүнө түрткү болуп саналат.
Жергиликтүү өнүгүүнүн стратегиялык планы айыл аймакта коомчулуктун талкуусуна коюлуп, айылдык кеңештин сессиясында депутаттар тарабынан каралып, бекитилди.
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КЕЛЕЧЕКТЕГИ ЭЛЕСИ ЖАНА МИССИЯСЫ
Жекенди айыл аймагынын келечектеги элеси жана ага жетүүгө мүмкүн болгон жолдор жергиликтүү коомчулукту жана жеке ишкерлерди сурамжылоодо, айылдык аймактын мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөдө аныкталды.
Сиздерге сунуш кылынган Элес жана Миссия жергиликтүү өнүгүү планын кайрадан иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топ аркылуу төмөндөгүдөй мазмунда көптөгөн талкуудан кийин жаралган. Ал эми бул программада камтылган маалыматтардын анализи жумушчу топ иштеп чыккан Элес жана Миссияны чагылдырып, аларга жетүү жолдорун табуу мүмкүнчүлүгүн көрсөттү.
ЭЛЕС
Жекенди айылдык аймагы жергиликтүү бийлик, коомчулук жана мамлекеттик эмес уюмдар менен биргеликте иштөөнүн натыйжасында айыл чарбасы жана жеке ишкердүүлүк өнүккөн жер.
Жаратылышы кооз, потенциалы жогорку айыл аймагы катары ар тараптуу аты таанылган, жогорку маданияттуу, билимдүү, жаңы инновациялык технологияларды пайдалана билген, дени сак улуттун мекени.
Жекенди айылдык аймагынын элесинин элементтери
Элементтин аталышы | Элементтин мааниси |
«Биргеликте иштөө» | Жекенди айыл аймагында коомчулук жана өкмөттүк эмес уюмдар менен чогуу иш алып барууга жетишүү, жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдардын иштөөсүнө шарт түзүү |
«Айыл чарбасы жана жеке ишкердүүлүк өнүккөн жер» | Жеке ишкерлерге шарт түзүү менен айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө жетишүү (картошканы, сүттү, жүндү кайра иштетүүгө жетишүү). |
«Жаратылышы кооз» | Жекенди айыл аймагында турзимди өнүктүрүү максатында, эс алууга ынгайлуу жаратылышы кооз жерлерди жеке ишкерлерге берүү жана эс алуучуларга шарттарды түзүү. |
«Маданияттуу жана билимдүү улут» | Жекенди айыл аймагында сапаттуу билим берүүгө жетишүү үчүн билим берүү кызматкерлерине айыл аймагынын айылдарында жашап, иштөөсүнө ынгайлуу шарттарды түзүү |
«Жаңы иновациялык технологияларды пайдалануу» | Сапаттуу билим алуу аркылуу, акыркы заманбап инновациялык технологиялары колдонууга жетишүү |
«Дени сак улуттун мекени» | Сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө жетишүү |
Жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүнүн максаты жашоонун сапатын жакшыртуу болуп эсептелет. Ал эми жашоонун сапатын жакшыртуу, демек кирешенин көлөмүн жогорулатуу, ал гана эмес коомчулукту жергиликтүү чечимдерди кабыл алууга жана башкарууга тартуу, жеке ишкердикти кеңейтүү жана жакырчылыктан чыгуу.
МИССИЯ
Айыл аймагынын социалдык – экономикалык абалын жакшыртуу максатында, коомчулук жана мамлекеттик эмес уюмдар менен биргеликте иш алып барууга, айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана жеке ишкердүүлүктү колдоого жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.
Жекенди айылдык аймагынын миссиясынын элементтери:
Элементтин аталышы | Элементтин мааниси |
«Коомчулук жана мамлекеттик эмес уюмдардын биргеликте иш алып баруусуна шарт түзүү» | Коомчулукту ЖӨАБ органдарынын иш аракетине тартуу (чечимдерди кабыл алууда жана аткарууда) |
«Айыл чарбасын өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү» | Айыл чарба багытындагы жерлерди жарандарга берүүдө, муниципалдык менчик обьектилерди, жерлерди сатуу жана ижарага берүү муниципалитет тарабынан ачык айкын жүргүзүү, дан эгиндеринин сапаттуулугун, мал чарбачылыгында малдын асылдуулугун жогорулатуу үчүн иш аракеттерди жүргүзүү |
«Жеке ишкерлерди колдоо» | Орто жана чакан ишканаларды ачуу боюнча муниципалитет тарабынан колдоо көрсөтүү |
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН СТРАТЕГИАЛЫК МАКСАТТАРЫ, АЛАРДЫН КӨРСӨТК/ЧТӨР/, ДОЛБООРЛОРУ ЖАНА ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ
Стратегиялык максаттар | Милдеттер | Иш чаралар | Жыйынтыктар |
1.Айыл чарбасын өнүктүрүү
| Органикалык жана минералдык жер семирткичтерди туура пайдаланууну үйрөнүү | Жерди туура которуштуруп айдоого жер семирткичтерди туура пайдаланууга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Муниципалитетте жердин асылдуулугун арттыруу боюнча маалымат тактайчасынан жарандар үзгүлтүксүз маалымат алышат. |
Урончулук кооперативтерин уюштуруу менен, сапаттуу жана жогорку сорттогу үрөндү пайдаланууга жетишүү, (элге тушундуруу жана уйротуу) | АО үрөн чарбасын түзүү
| 3 үрөн чарбасы түзүлүп, жарандарды сапаттуу үрөн менен камсыз кылат. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сапатын жогорулатуу менен 3 жыл ичинде жарандардын үй бүлөлүк кирешесин жогорулатып жакырчылык денгээли кыскарат. | |
Агро техникалык эрежелерин сактоо | |||
Малдын асылдуулугун жогорулатуу | Малдардын асыл тукумдуу урук банкын түзүү.Айыл аймагына асыл тукум абердин-ангус пародасындагы букаларды алып келүү | Малдардын асылдуулугу жогорулайт. | |
Айыл чарба техникаларын керектүү шаймандар менен камсыз кылуу | Иппотекага берилген техникаларды алуу жолдорун элге туура түшүндүрүү | Иппотекага берилген техникаларды алуу жолдору тууралуу маалыматты өз убагында жеткирүү. | |
Аймактага ар бир айылга бирден жашылчы мөмө жемиштерди өстүрүү үчүн теплицаларды уюштуруу | Айыл аймактын элин экологиялык таза жер жемиштер менен камсыздоо | Айыл аймактын эли экологиялык таза жер жемиштер менен жеткиликтүү камсыз болот | |
Чакан жана орто ишканаларды ачуу | ӨЭУдар менен тыгыз иш алып баруу жана жеке ишкерлерди колдоо Жергиликтүү элге айрым семинарларды жана атайын окууларды өткөрүү жана консультацияларды берүү. | Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү үчүн чакан жана орто ишканалар ачылат. Өндүрүлгөн продукцияларды кайра иштетүү ишканалары аркылуу сатууга жетишилет. | |
2.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-аракеттерин жакшыртуу (ченемдик - укуктук актылары) | Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш аракеттерине коомчулукту катыштыруу
| Айыл аймагында жайгашкан мекеме уюмдардын ачык айкындуулугун камсыздоо боюнча жарандарды катыштыруу менен коомдук угууларды өткөрүү | Чечим кабыл алууда жарандардын муктаждыгы эске алынат. Мекеме уюмдардын ачык айкын иштөө процедурасы калыптанат. Жарандар менен биргеликте иш чара алып баруусуна шарт түзүлөт. |
Жергиликтүү өз алдынча башкарунун ченемдик-укуктук актыларынын аткарылышын жөнгө салуу | Ченемди укуктук актылардын аткарылышын көзөмөлдөө
| Чечим кабыл алынгандан кийин өз учурунда аткаруу көзөмөлгө алынат
| |
Жергиликтүү өз алдынча башкарууда кадр маселесин чечүү
| Кадрлардын билим денгээлин жогорулатуу максатында окуу-семинарлар өткөрүлөт Кадрларды окуу семинарларга жөнөтүү, аттестациядан өткөрүү | Кадрлардын билим денгээли жогорулайт.
| |
Гендердик балансты колго алуу | Айыл аймагында тен укуктуулукту сактоо | Айылдык аймагында жооптуу кызматтарга аялдарды тартуу. | |
3. Социалдык өнүгүү
| Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу
| Кара-Тейит, Кара-Мык,Жекенди айылдарына бала бакчаларды куруу | Айылдык аймагындагы айылдар бала бакчалар менен толук камсыздалат. |
Жаштарга турак жай салу салу үчүн жер тилкелерин берүү | Жерлерди калктуу конуштун жерлерине трансформациялоо | Жаштар турак жай салу үчүн жер тилкелери менен камсыз болот. | |
| Кар-Тейит жана Шибээ айылындагы бала бакчанын балдардын ойноо аянтчасын бүтүрүү | Айыл бала бакча менен камсыз болот | |
Медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу | Кара-Мык участкалык оорууканасына УЗИ аппаратын жана анализдерди чыгаруучу жабдууларды сатып алуу | Жеринде, өз убагында жана аз чыгым менен анализдерди чыгарууга, диогноз коюуга шарт түзүлөт. | |
Жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылуу. | Чакан ишканаларды ачуу | Калктын кирешесин жогорулайт | |
4. Айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу
| Айылдарды таза суу менен камсыз кылуу | Айылдарга курулган таза суу куурларын жеткиликтүү иштетүү максатында Муниципалдык ишкана түзүү | Эл таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз болот |
| Шибээ айылын таза суу менен камсыз кылуу | 2 жылдын ичинде суу түтүктөрү тартылып айылдын тургундары таза суу менен камсыз болот. | |
Көчө жарыктандырууларын куруу | Шибээ жана Жекенди айылынын борбордук көчөлөрүн жарыктандыруу | Калктын социалдык абалы жакшырат | |
Ички жолдордун абалын жакшыртуу | АО ички жолдор ондоо учун 20 км жолго шагыл төшөө, ар бир айылдан 1 км. аралыкка асфальт төшөө. | АО ички жолдорунун абалы жакшырат. | |
Таштандыларды чыгарууну колго алуу
| Айылдык аймагынын аймагындагы айылдарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин алдыга коюу | Санитардык абалы жакшырат.
| |
Айылдык аймагынын аймагында социалдык обьектилерди көбөйтүү | Социалдык обьектилерди көбөйтүү максатында донорлор менен иш алып барууну күчөтүү | Социалдык обьектилердин саны көбөйөт. | |
5.Экономикалык өнүгүү | Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү | Ишкерлер жана ишкердүүлүккө кызыккан адамдарды колдоо жана жер алуу боюнча мүмкүнчүлүк түзүү | Кредиттик компаниялар менен келишим түзүүгө жетишилет. |
Айыл аймагындагы жергиликтуу ӨЭУдар менен иштешүүнү күчөтүү
| Айыл аймагын аймагындагы «Эне мээрими», «Манзура» коомдук бирикмеси, «Ак элечек», «Ак-Чубак» өз ара жардамдашуу топтору жана айылдык уюмдардын ишин жандандыруу | Ички жана сырткы донорлор менен байланыш түзүп, алар аркылуу айылдык кенештин аймагына ар кандай тармактарды өнүктүрүүгө багытталган инвестицияларды тартып келинет. | |
Туризмди өнүктүрүү | Турзимди өнүктүрүү максатында, жаратылышы кооз жерлерди тактоо, туристерге ылайыктуу шарттарды түзүү | Эс алууга ылайыктуу жерлерге АО токтомун берүү жана жеке ишкерлерди колдоо |
КОРУТУНДУ
Жекенди айылдык аймагын жергиликтүү өнүгүү планын иштеп чыгууда коомчулук менен депутаттардын тартылгандыгы, коомчулукка өнүгүү планы жөнүндөгү түшүнүктүн жеткендиги биз үчүн бир топ натыйжа берди. Коомчулук менен биргеликте түзүлгөн жергиликтүү өнүгүү планы, андагы максаттарга жетүүгө толук жардамын берет. Элдин оюн сурамжылоо менен муниципалитеттин өнүгүү багытын тандап алдык. Бул, айыл чарбасы менен жеке ишкердикти өнүктүрүү биздин максатыбыз болуп калды.
Жергиликтүү өнүгүү планын ийгиликтүү турмушка ашырууда донор мамлекеттердин, Эл аралык уюмдардын жардамынан пайдаланууга жетишүү жана ички потенцияалды пайдаланууга мүмкүнчүлүк алуу денгээлин камсыз кылуу. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башында турган жетекчилердин туура багыт алуусу, алардын жалпы элди көтөрүү аркылуу аймакта социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга атайын аракеттерди көрүүсү зарыл болууда.
Ошентсе да жетишилген ийгиликтер менен гана чектелбестен жакырчылыкты толугу менен жоюуну камсыздоо максатында, айылдык аймактын алдында аткара турган иштери али да болсо көп экендиги талашсыз. Ошол проблемаларды чечүүдө, элдин жыргалчылыгын камсыз кылууга бул иштелип чыккан Өнүгүүнүн стратегиялык планы жергиликтүү айылдык аймакка кошумча жөлөк катары кызмат кыларына ишенебиз.
Фокус топтун жыйынтыгы тиркеме 1.
Бул өнүгүү планын иштеп чыгууда коомчулуктун ой-пикирин билүү үчүн Жекенди айылдык аймагынын ар бир айылында бештен фокус-топтор өткөрүлдү (жаштар тобу, аялдар, аксакалдар, аралаш топ, ишинин түрү боюнча топ) жана ал фокус топтордун жыйынтыгы:
Жаштар тобунда аныкталган көйгөйлөр:
Фокус топтун жыйынтыгы көрсөткөндөй көпчүлүк жаштар айыл-чарбасын көтөрүүнү, негизги маселе катары санашкан.
Аралаш тобу:
Аралаш тобунда көпчүлүк жарандар сапаттуу медициналык тейлөө манилүү экенин билдиришкен.
Аксакалдар тобу:
Айыл аймагынын өнүгүүсүнө маанилүү долбоорлорун аныктоо үчүн аксакалдар тобунан төмөндөгү сунуштар берилген:
А) Туристтик базаларды уюштуруу;
Б) Калкты тейлөөчү ишканаларды куруу;
В) Коoмдук эс алуучу жайларды уюштуруу;
Г) Чакан ишканаларды куруу;
Д) Мектеп куруу;
Е) Ички жолдорду асфальттоо;
Ж) Жаңы канал, арыктарды куруу;
З) Таза суу менен камсыздоо.
Коомчулук тарабынан ички жолдорду асфальттоо,элди таза суу менен камсыздоо, жаңы канал арыктарды куруу, калкты тейлөөчү, киреше алып келүүчү чакан ишканаларды куруу долбоорлору негизги маселе катары эсептелген. Себеби Жекенди айыл аймагы боюнча ички жолдордун абалы начар болуп талапка жооп бербейт. Ал эми калк 85% гана таза суу менен камсыз болгон жана кайра иштетүүчү, киреше алып келүүчү чакан ишканалар жокко эсе.
Аялдар тобу:
Ишинин туру боюнча тобу:
Жарандардан кошумча ой-пикирлер жана сунуштарда негизинен 7 тармакка көбүрөөк басым жасалган, алар:
А) Айыл чарбасын өнүктүрүүгө шарт түзүү
Б) Чакан ишканаларды ачуу
В) Жолдорду асфальттоо
Г) ЖӨАБнун иш аракеттерин жакшыртуу (ченемдик-укуктук актылар)
Д) Социалдык өнүгүү
Е) Айыл округунун инфраструктурасын жакшыртуу
Ж) Таза суу менен камсыздоо
Жекенди айылдык аймагынын жашоочулары айыл жана мал чарбасы менен алектенишет. Мамлекеттик эмес уюмдар менен иштөөгө мүмкүнчүлүктөр бар.
тиркеме №2
Жекенди айылдык аймагынын 2023- 2027-жылдарга карата Инвестициялык планы.
№ | Долбоордун аталышы | Бүт- көрүү жыл- дары | Бюджет (мин сом) | Өздук салым (мин сом) | Керект. каражат (мин сом) | Сунуш кылган уюмдун аталышы | Жооптуу | Эскертүү | Күтүлгөн жыйынтыктар | ||
Айыл чарбасы |
| ||||||||||
1 | Бугу баш, Топкана көпурөөсүн куруу | 2023-2024 | 615,0 | 150,0 | 465,0 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү | М.Саитов |
| Айылдын элинин турмуш шарты женилдейт.2 % га киреше көбөйөт | ||
| Ынтымак айылына сугат суу Така суусун алып келүү | 2023-2027 | 200,0 | 50,0 | 2000,0 | Айылдык аймак НПО | М.Саитов |
| Сугат сууга болгон тартыштык жоюлат | ||
| Сары камыш каналын 3 км аралыгын техникалык тазалоо | 2022-2023 | 150,0 |
|
| Айыл өкмөтүНПО | Н.Барамбеков |
| Сугат сууга болгон тартыштык жоюлат | ||
| Кара-Тейит айылынын мазар үстү каналын казуу | 2023-2025 | 100,0 | 20,0 | 962 ,0 | Айыл өкмөтү НПО | М.Саитов |
| Сугат сууга болгон тартыштык жоюлат | ||
| Кара-Тейит айылынын Көк-Дөбө -1,2 каналдарын капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү | 2023-2026 | 500,0 | 50,0 | 1000,0 | Айыл өкмөтү НПО | М.Саитов |
| Сугат сууга болгон тартыштык жоюлат | ||
2 | Кум- Талаа каналын механикалык тазалоо | 2023-2024 | 100,0 | 150,0 | 350,0 | Айылдык аймак ӨКМ | Кудайберди уулу Б |
|
Сугат сууга болгон тартыштык жоюлат | ||
| Тескей жайлоосуна көпүрөө салуу | 2023-2025 | 6000,0 |
| 6000,0 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү Жеке ишкер | Б.Нышанбаев |
| Элдин жайлоого жана үлүш жерлерине жетүү мүмүкүнүчлүгү жакшырат | ||
| Ак-Суу каналын Суу чарба департаментине өткөрүү | 2022-2024 |
|
|
| Айыл өкмөтү Айылдык кеңеш | Б.Нышанбаев |
| Каналдын абалы жакшырат | ||
| Көк-Жар, Шор-Талаа участкаларынан тийген үлүш жерлерди тактоо | 2023 |
|
|
| Айыл өкмөтү | А.Маматов |
| Элдин жашоо турмушу жакшырат, экономикалык өсүш болот | ||
| Жайыттарды жакшыртуу жолдорун реконструкциялоо | 2023-2026 | 1000,0 |
| 1000,0 | Айыл өкмөтү НПО Жайыт комитети | Т.Ташматов Айыл башчылары |
| Жайыттардын инфрасткутурасы жакшырат | ||
3 | Жекенди-Шибээ каналын Тоголок дөңгө чейин кошуу | 2023-2026 | 200,0 | 60,0 | 140,0 | Айыл өкмөтү | Кудайберди уулу Б |
| Сугат сууга болгон тартыштык жоюлат | ||
| Кара-Мык астыңкы каналын оңдоп түзөө | 2023 | 4000,0 |
| 4000,0 | Айыл өкөмтү ,демөөрчүлөр | А.Жакыпов |
| Сугат сууга болгон тартыштык жоюлат | ||
| Гупка (мал бышуу) куруу | 2023-2027 | 1 000,0 | 37 500 | 962 500 | Айыл өкмөтү Жайыт комитети | Т.Ташматов |
| Мал жандыктар арасындагы оорулар азаят | ||
| Кызыл-Коргон көпүрөсүнүн жака белин габион сетка менен тосуу 50 метр. | 2022 | 500,0 |
| 500,0 | Республикалык бюджет, БУУ азык түлүк програмасы | Э.Галов | Аткарылды | Айылдын элинин турмуш шарты женилдейт. | ||
Чакан жана орто ишканаларын ачуу | |||||||||||
6 | Токар станок куруу | 2023-2027 | 1240,0 | 240,0 | 1000,0 | Айылдык аймак Айыл өкмөтү | Эшов Замирбек |
| Токар станогуна болгон зарылчылык жоюлат | ||
7 | Самын чыгаруучу ишкана ачуу | 2023-2026 | 910,0 | 210,0 | 700,0 | «Эне мээрими» коомдук бирикмеси | Зикир уулу М |
| Жашоочулар арзан самын менен камсыз болот | ||
8 | СТО ачуу | 2022-2026 | 650,0 | 150,0 | 500,0 | Кара-Тейит АИБ | Ражап уулу Нурсултан |
Аткарылды | СТОго болгон зарылчылык жоюлат | ||
9 | Картошканы кайра иштетүү цехин ачуу | 2023-2027 | 520,0 | 90,0 | 430,0 | Кара-Мык АИБ | Тагаев Анафия |
| Элдин жашоо турмушу жакшырат, экономикалык өсүш болот | ||
| Пескаблок чыгаруучу ишкана ачуу | 2022-2023 | 520,0 |
| 520,0 | Жеке ишкер | Ж.Казакбаев | Аткарылды | экономикалык өсүш болот | ||
12 | Кондитердик цех ачуу | 2023-2027 | 300,0 | 68,0 | 232,0 | «Эне мээрими» коомдук бирикмеси | Акунали кызы Жаркынай |
| экономикалык өсүш болот | ||
| Навайкана ачуу | 2023-2026 | 150.0 | 150.0 |
| Жеке ишкер | Мурзабекова Бактыгүл |
| экономикалык өсүш болот | ||
13 | Мебел жасоо цехин ачуу | 2027-2027 | 200,0 | 35,0 | 165,0 | Жекенди АИБ | Анапия уулу Атантай |
| экономикалык өсүш болот | ||
| Курут жасап чыгаруучу ишкана ачуу | 2023-2025 | 2 500,0 | 100,0 | 2 500,0 | Жеке ишкер | Мурзакулова Гүлмира |
| экономикалык өсүш болот | ||
| Байытылган тоют чыгаруучу ишкана ачуу | 2023-2026 | 500,0 |
| 500,0 | Жеке ишкер | Акунов Бектемир |
| экономикалык өсүш болот | ||
| Ичүүчү суу чыгаруучу завод ачуу | 2023-2027 | 2000,0 |
| 2000,0 | Жеке ишкер | Саитов Муктарали |
| экономикалык өсүш болот | ||
| Кара-Мык айылындагы базарды ишке киргизүү жана ишин жандандыруу | 2023-2024 | 1800,0 |
| 1800,0 | Жеке ишкер | А.Жакыпов |
| Экономикалык өсүш болот, элдин жашоосу жеңилдейт. | ||
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишин жакшыртуу | |||||||||||
Туризм | |||||||||||
15 | Айыл аймактагы жергиликтүү коомдоштуктун демилгесин мобилдештирүү боюнча чек ар айылдарын өнүктүрүү делимитация жана демаркация маселесинде комиссияга жардам көрсөтүү жана чек ара статусун алуу | 2023 |
|
|
| Айыл өкөмөт, айыл аймактын жашоочулары | Б.Нышанбаев |
| Элдин жашоо турмушу жакшырат, экономикалык өсүш болот. Коопсуздук колго алынат. | ||
| «Кошулуш» эс алуу жайын көрктөндүрүү | 2023-2027 | 800,0 | 95,0 | 705,0 | Жеке ишкер | Акунов Бектемир |
| Айылдардын инфрасткутурасы жакшырат | ||
16 | «Тегирмен» эс алуу жайын уюштуруу (көрктөндүрүү) | 2023-2027 | 1200,0 | 300,0 | 900,0 | Жеке ишкер | Бактыбаев Дыйканбай | . | Айылдардын инфрасткутурасы жакшырат | ||
| «Каражылга» эс алуу жайын уюштуруу жана бак тигүү (көрктөндүрүү) | 2022-2025 | 1200,0 | 300,0 | 900,0 | Жеке ишкер | Муратов Молдонур | Аткарылды | Айылдардын инфрасткутурасы жакшырат | ||
| Кум Жылга лыжа базасын уюштуруу | 2023-2027 | 6000,0 | 200,0 | 5800,0 | Жеке ишкер | Б.Акунов |
| Айылдардын инфрасткутурасы жакшырат | ||
Айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу | |||||||||||
| Шибээ айылына таза суу чыгаруу | 2023-2024 | 60 000,0 |
| 60 000,0 | Республикалык бюджеттен | Кудайберди уу Б |
| Айылдын инфрасткутурасы жакшырат, социалдык көйгөлөр жоюлат. | ||
| Кара-Мык айылынын таза суусун капиталдык оңдоо | 2023-2025 | 4000,0 | 400,0 | 3600,0 | Республикалык бюджеттен | А.Жакыпов |
| Социалдык көйгөлөр жоюлат. | ||
22 | Кара-Тейит айылына бала бакча куруу | 2023-2026 | 45 000,0 | 5000 | 45 000,0 | Аялдар кеңеши Айыл өкмөтү Жеке ишкерлер | Б.Нышанбаев |
| Айылдын инфрасткутурасы жакшырат | ||
| Кара-Мык айылына 50 орундуу бала бакча куруу | 2023-2026 | 15 000,0 | 300,0 | 14700,0 | Чоң-Алай өнуктүрүү фондунан | А.Жакыпов |
| Айылдын инфрасткутурасы жакшырат, социалдык көйгөлөр жоюлат. | ||
| Жекенди айылына 30 орундуу бала бакча салуу | 2023-2026 | 12 500,0 | 300,0 | 12200,0 | Чоң-Алай өнуктүрүү фондунан | М.Галов |
| Айылдын инфрасткутурасы жакшырат, социалдык көйгөлөр жоюлат. | ||
| Чулук айына бала бакчанын жаңы имаратын салуу | 2023-2027 | 15000,0 | 300,0 | 14700,0 | Чоң-Алай өнуктүрүү фондунан | С.Жаркынбаев |
| Айылдын инфрасткутурасы жакшырат, социалдык көйгөлөр жоюлат. | ||
| Кара-Мык айылына маданият үйүн куруу | 2023-2027 | 20 000,0 | 300,0 | 19700,0 | РЕспубликалык бюджеттен | А.Жакыпов |
| Айылдардын инфрасткутурасы жакшырат, социалдык көйгөлөр жоюлат. | ||
| Кара-Тейит айылындагы бала бакчанын балдар ойноочу жайын куруу | 2023 | 800,0 | 150,0 | 650,0 | Жеке ишкер | М.Саитов |
| Айылдын инфрасткутурасы жакшырат, социалдык көйгөлөр жоюлат. | ||
| Жекенди айылдык аймагына коомдук мончо салуу | 2023-2027 | 3 000,0 | 300 | 3 000,0 | Айыл өкмөтү НПО | Б.Нышанбаев |
| Айылдардын инфрасткутурасы жакшырат, социалдык көйгөлөр жоюлат. | ||
| Кара-Мык айылынын Арал Капа участкасына мечит салуу | 2023 | 2000,0 |
| 2000,0 | Ас-Салам фонду | А.Жакыпов |
| Айылдын инфрасткутурасы жакшырат, социалдык көйгөлөр жоюлат | ||
| Кара-Мык айылына кичи футбол аянтчасын куруу | 2022 | 4800,0 | 200,0 | 4600,0 | Түркү берүүчү гранттан, өнүктүрүү фонду | Б.Акунов | Аткарылды | Айылдын инфрасткутурасы жакшырат, социалдык көйгөлөр жоюлат | ||
| Кара-Тейит айылына кичи футбол аянтчасын куру | 2023-2027 | 4800,0 | 200,0 | 4600,0 | Түркү берүүчү гранттан, өнүктүрүү фонду | Б.Акунов |
| Айылдын инфрасткутурасы жакшырат, социалдык көйгөлөр жоюлат | ||
| Жекенди айылына кичи футбол аянтчасын куруу | 2025-2026 | 4800,0 | 200,0 | 4600,0 | Түркү берүүчү гранттан, өнүктүрүүфонду | Б.Акунов |
| Айылдын инфрасткутурасы жакшырат, социалдык көйгөлөр жоюлат | ||
| Чулук айылындагы С.Осмонов атындагы орто мектебинин имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү | 2023-2026 | 3 000,0 |
| 3 000,0 | Түркү берүүчү гранттан | Т.Бакыбеков |
| Айылдардын инфрасткутурасы жакшырат, социалдык көйгөлөр жоюлат | ||
| Кыргызстан орто мектебинин жаңы имаратын куруу | 2023-2027 | 60 000,0 |
| 60 000,0 | Айыл өкмөтү Респ.бюджет | Б.Нышанбаев |
| Айылдын инфрасткутурасы жакшырат, социалдык көйгөлөр жоюлат | ||
| Жекенди айылындагы спорт залды капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү | 2023-2026 | 4000,0 |
| 4000,0 | Айыл өкмөтү | Б.Нышанбаев | Көмүр каанасы курулду | Айылдардын инфрасткутурасы жакшырат, социалдык көйгөлөр жоюлат | ||
| Шибээ бала бакчасынын балдар ойноочу аянтасын жан көмүр каанасын куруу | 2022-2023 | 1700,0 | 200,0 | 1,500 | Айыл өкмөтү | Н.Ташматова |
| Айылдын инфрасткутурасы жакшырат, социалдык көйгөлөр жоюлат | ||
| Шибээ айылына китепкана салуу | 2023-2025 | 1500,0 | 300,0 | 1,200 | Айыл өкмөтү | Н.Барамбеков |
| Айылдын инфрасткутурасы жакшырат, социалдык көйгөлөр жоюлат | ||
| Айыл аймакка мусор яма куруу | 2023-2025 | 400 000 | 100 000 | 300 000 | Айыл өкмөтү НПО | Б.Нышанбаев |
| Социалдык көйгөлөр жоюлат | ||
18 | Чулук айылындагы таза суу түтүктөрүнүн 3000 м жерин жаңылоо жана суу топтоочу жайын куруу | 2022 | 300,0 | 72,0 | 1 600,0 | Республикалык бюджет | С.Жаркынбаев | Аткарылды | Социалдык көйгөлөр жоюлат,жашоочулар таза суу менен камсыз болот | ||
| Жекенди айлынын Ак-Чөп участкасына таза суу түтүктөрүн тартуу | 2022 | 250,0 | 150,0 | 100,0 | Айыл өкмөтү , БУУ азык түлүк программасы | М.Галов | Аткарылды | Социалдык көйгөлөр жоюлат,жашоочулар таза суу менен камсыз болот | ||
| Сугат суу үчүн жасалма муз тоңдурууну колго алуу | 2023-2026 | 450,0 | 450,0 |
| Айыл өкмөтү | Бааридин уулу Б |
| Социалдык көйгөлөр жоюлат,жашоочулар сугат суу менен камсыз болот | ||
| Жекенди айлынын Колчок участкасына таза суу түтүктөрүн тартуу | 2023 | 250,0 | 150,0 | 100,0 | Айыл өкмөтү | М.Галов |
| Социалдык көйгөлөр жоюлат,жашоочулар таза суу менен камсыз болот | ||
| Айылдардын генпланын жасоо | 2023-2025 | 21000,0 |
| 21000.0 | Айыл өкмөтү, республикалык бюджет | С.Маматов, А.Маматов |
| Айылдардын инфрасткутурасы жакшырат | ||
19 | АО «Яма Беккери» куруу | 2023-2025 | 650,0 | 150,0 | 500,0 | Айыл өкмөтү | А.Маматов |
| Социалдык көйгөлөр жоюлат, ар кандай жугуштуу оруулардын алын алууга болот | ||
20 | Кара-Мык базарына жана соц.обьектирлерге чакан таштанды таштоочу контейнерлерди коюу | 2023-2025 | 150,0 | 45,0 | 105,0 | Айылдык кеңеш | С.Маматов |
| Айылдардын инфрасткутурасы жакшырат, Социалдык көйгөлөр жоюлат | ||
| Жекенди-Кара-Мык айылдарынын ортосундагы жолдун боюна бак тигүү жана тамчылатып сугарууну колго алуу. | 2022-2026 | 6000,0 | 500,0 | 5500,0 | Айыл өкмөтү | Б.Нышанбаев | Аткарылды | Айылдардын инфрасткутурасы жакшырат. | ||
21 | Ар бир айылга бирден аялдама куруу | 2023-жыл | 1 220,0 | - | 1220,0 | Айыл өкмөтү | С.Маматов |
| Айылдын инфрасткутурасы жакшырат. | ||
21 | Шибээ айылын көчөлөрүн жарыктандыруу | 2023-2025 | 2150,0 | 150,0 | 2000,0 | Айыл өкмөтү Өнүктүрүү фонду | Кудайберди уулу Б |
| Айылдын инфрасткутурасы жакшырат. | ||
| Жекенди айылына түнкү жарыктандыруу | 2023-2024 | 2150,0 | 150,0 | 2000,0 | Айыл өкмөтү | М.Галов |
| Айлдын инфрасткутурасы жакшырат. | ||
| Кара-Тейит айылынын Топ Кана көчөсүнө түнкү жарыктандыруу | 2023-2027 | 1500,0 | 150,0 | 1350,0 | Айыл өкмөтү | М.Саитов |
| Айылдын инфрасткутурасы жакшырат. | ||
23 | Чулук айылына ФАПтын жаңы имартын куруу | 2023-2026 | 6000,0 | 150,0 | 6000,0 | Айыл өкмөтү | С.Жаркынбаев |
| Айылдын инфрасткутурасы жакшырат, Социалдык көйгөлөр жоюлат | ||
| Достук участкасына ФАП куруу | 2023-2027 | 6000,0 | 150,0 | 6000,0 | Айыл өкмөтү Өнүктүрүү фонду | А.Жакыпов |
| Айылдын инфрасткутурасы жакшырат, Социалдык көйгөлөр жоюлат | ||
| Достук участкасына мектеп куруу | 2023-2027 | 100 000,0 | 1000,0 | 100 000,0 | Айыл өкмөтү Респ.бюджет | Б.Нышанбаев |
| Айылдын инфрасткутурасы жакшырат, Социалдык көйгөлөр жоюлат | ||
| Ак-Суу жана Шибээ дарыяларына кичи ГЭС куруу | 2023-2026 | 1000,0 |
| 10 000,0 | Айыл өкмөтү Респ.бюджет | Б.Нышанбаев |
| Жашоочулар арзан электр энергиясы менен камсыз болот. | ||
| Кара-Мык,Кара-Тейит, Жекенди, Чулук, Шибээ жолдоруна асфальт төшөө | 2022-2025 | 60 000,0 |
| 60 000,0 | Айыл өкмөтү Респ.бюджет | Б.Нышанбаев |
| Айылдардын инфрасткутурасы жакшырат,элдин экономикалык абалы жакшырат. | ||
| Ички жолдорду кеңейтүү жана шагыл төшөө | 2022-2026 | 50,0 |
| 50,0 | Жергиликтүү бюджеттен | Б.Нышанбаев | Аткарылды | Айылдардын инфрасткутурасы жакшырат | ||
| Кара-Мык айлына борбордук аптека салуу | 2023-2024 | 1 000,0 |
| 1 000,0 | Айыл өкмөтү | Самиев Алмаз |
| Айлдын инфрасткутурасы жакшырат, Социалдык көйгөлөр жоюлат | ||
| Кара-Мык айлынын Арал-Капа участкасына мобилдик байланыш антенасын орнотуу | 2023-2024 | 500,0 |
| 500,0 | Айыл өкмөтү, Жеке ишкерлер | Б.Эшов |
| Жашоочулардын мобилдик байланышты колдонуусундагы көйгөйлөр жоюлат. | ||
| Ички чек араны тактоо (айыл өкмөттөр аралык) | 2023-2025 | 9000,0 |
| 9000,0 | Айыл өкмөтү Респ.бюджет | Б.Нышанбаев |
| Жашоочулардын жайытка болгон муктаждыгы жоюлат. | ||
| ОПКны чек арага жылдыруу | 2022-2025 |
|
|
| Респ.бюджет ОПК | Б.Нышанбаев |
| Коопсуздук маселеси жакшы жолго коюлат. | ||
| Жекенди-Шибээ каналдарынын курулушун көзөмөлдөө | 2023 |
| - | - | Республикалык бюджет | Б.Нышанбаев |
| Жашоочулардын сугат сууга болгон муктаждыгы жоюлат. | ||
| Ленин атындагы орто мектебинин капиталдык ондоо иштерин бүтүрүү | 2023 | 22 000 000 | - | - | Республикалык бюджет | Б.Нышанбаев |
| Билим берүүдөгү көйгөйлөр жоюлат. | ||
| Кара-Тейит айылында Ак-Суу дарыясынын 120 м жерине дамба куруу | 2022 | 500,0 | - | 500,0 | МЧС | Э.Галов | Аткарылды | Сугат сууга болгон муктаждык жоюлат. | ||
| Билим берүү мекемелерин видео көзөмөл менен камсыз кылуу | 2023-2026 | 1500,0 | 500,0 | 1000,0 | Республикалык бюджет | С.Маматов |
| Билим берүүнүн сапаты жогорулайт. | ||
| Кара-Тейит айылында Ак-Суу дарыясынын 630 м жерине дамба куруу | 2023-2026 | 750,0 |
| 750,0 | Республикалык бюджет | Э.Галов |
| Коопсуздук маселеси жакшы жолго коюлат. | ||
| Кыргызстан орто мектебинин ашканасын жана актовый залын куруу | 2022 | 3000,0 | 500,0 | 2500,0 | Республикалык бюджет Өнүктүрүү фонду | М.Галов | Аткарылды | Билим берүүдөгү социалдык көйгөлөр жоюлат | ||
| Кара-Мык айылындагы жаңы көрүстөндүн жер аянтын тосуу | 2023-2024 | 800,0 |
|
| Жергиликтүү бюджет, демөорчүлөр | А.Жакыпов |
| Айылдын инфрасткутурасы жакшырат | ||
| Кара-Мык, Кара-Тейит, Жекенди Чулук, Шибээ айылындагы электр чубалгыларын, КТП ларды жана эскилиги жеткен столбаларды жанылоо жана электр энергиясы менен толук камсыз кылуу | 2023-2025 | 6000,0 | 150,0 | 5850,0 | Чон-Алай РЭТ | Кудайберди уулу Б С.Жаркынбаев С.Жаркынбаев М.Галов |
| Айылдардын инфрасткутурасы жакшырат,жашоочулар электр энергиясы менен жеткиликтүү камсыз болот. | ||
| Картошка сактоочу жай куруу | 2023-2027 | 5000,0 |
| 5000,0 | Айыл өкмөт | Б.Нышанбаев Жек ишкерлер |
| Айылдардын инфрасткутурасы жакшырат, экономикалык өсүш болот. | ||
| Кара-Мык айылынын Кызыл-Коргон жана Достук участкасына мечит куруу | 2023-2027 | 6000,0 |
| 6000.0 | Демөөрчүлөр | Мурзапар уулу Назрилло |
|
| ||
| Көмүр база уюштуруу | 2023-2027 | 2000,0 |
| 2000,0 | Айыл өкмөт | Б.Нышанбаев Жеке ишкерлер |
| Жашоочулар арзан жеткиликтүү көмүр менен камсыз болот, экономикалык өсүш болот. | ||
| Айыл аймактагы ички көчөлөрдү КР Транспорт Министрлигине караштуу Кыргыз автожол мамлекеттик ишканасынын карамагына өткөрүү. | 2023-2027 |
|
|
| Айыл өкмөт | Б.Нышанбаев |
| Айылдардын инфрасткутурасы жакшырат, экономикалык өсүш болот. | ||
| Калктуу конушка жер трансформациялоо боюнча документтерди бүткөрүү | 2022-2023 | 1500,0 | 800,0 | 700,0 | Айыл өкмөт | А.Маматов |
| Жашоочулардын турак жай салуу үчүн жер тилкесине болгон муктаждыгы жоюлат. | ||
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы: |
Б.Нышанбаев |