Редакцияот 28.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Ноокен айылдык кеңешинин

2023-жылдын “ 28 ” 03

сессиясынын № 4 токтому

менен бекитилди

 

Айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери

1.Жалпы жоболор

 

2.Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу жана чыгаруу иштерин уюштуруу

 

3.Санитардык тейлөө жана аймакты тазалоону уюштуруу

 

4.Тартипти,тазалыкты жана көрктөндүрүүнү камсыз кылуу

 

5.Жашылдандыруу

 

6.Тышкы жарыктандыруу

 

7.Эрежелерди бузгандыгы үчүн юридикалык жактардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын жоопкерчилиги

 

1. Жалпы жоболор

 

1.Айыл өкмөтүнүн аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу,, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине,”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Кыргыз Респрубликасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгына жана калктуу конуштарды тышкы көрктөндүрүү жанга айлана-чөйрөнү коргоонун абалына талаптарды аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.

 

2.Эрежелер тышкы көрктөндүрүү, жашылдандыруу жаатында бирдиктүү жана милдеттүү талаптарды белгилейт, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар үчүн айыл өкмөттүн аймагын тазалоонун жана тейлөөнүн тартибин аныктайт

 

3.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ушул Эрежелерде белгиленген көрктөндүрүү маселелери менен байланышкан жергиликтүү маанидегши маселелерди чечүү үчүн жоопкерчиликтүү болот.

 

4.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы өз ыйгарым укуктарынын чегинде көрктөндүрүү маселелерин аткаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү аныктай

 

 2. Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу жана чыгаруу иштерин уюштуруу.

 

1.Айыл аймакка караштуу жерде жашаган же өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн физикалык же юридикалык тараптар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары КТТК ташып чыгаруу кызматын көрсөтүүчү менен КТТК ташып чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө милдеттүү.

 

2.Жеке турак жайларда жашаган тургундарга КР Жарандык кодексинин нормаларына ылайык коомдук келишимдерди түзүүгө жол берилет.

 

3.айыл аймагында КТТКны төмөнкү фракциялар боюнча милдеттүү түрдө сорттоо жүргүзүү киргизилет:

 

1) Пластик бөтөлкөлөр, полиэтилен баштыктар, кагаз-картон сыяктуу кайра иштетүүчу калдыктар;

 

2) Мөмө-жемиштер, жашылчалар түрүндөгү органикалык калдыктар;

 

3) Калдыктар, сөөк, айнек, темир тезек буюмдары, от жаккандан чыккан күл сыяктуу кайра иштетилбеген таштандылар;

 

3.Жеке турак жайларда жашаган тургундар калдыктарды мүшөктөргө бөлүштүрүп иргейт.

 

4.Тургундар айылдын чогулушунда кийинки ташып чыгуу үчүн калдыктарды сактоочу жайларды макулдашат.

 

5. Таштандылар салынган мүшөктөрдү же контейнерлердеги калдыктарды жүктөө учурунда чачылган таштандылар үчүн жоопкерчилик кызмат көрсөтүүчүгө жүктөлөт.

 

6. Чарба ишмердүүлүгүн жүргүзүүчү мекеме-уюмдардын таштандыларын чогултуу жана убактылуу сактоо ошол ишканалардын ушул максат үчүн атайын жабдылган шаймандарынын күчү менен ишке ашырылат.

 

7.Таштандылар салынган мүшөктөрдү чогултуучу аянттардын же таштандылар салынган мүшөктөрдүн ашып -ташып жыйылып кетишине, контейнерлердеги ташт андыларды өрттөөгө жол берилбейт.Таштандылар графиги боюнча өз убагында ташылып кетүүгө тийиш.

 

8.Жолдун өтүүчү бөлүгүнө, ирригациялык каналдардан 10 метрден жакын аралыкка таштанды салынган мүшөктөрдү коюуга жана контейнерлерди орнотууга тыюу салынат.

 

9.Түзүлгөн келишимдерге ылайык абоненттерден таштандыларды чыгаруу катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан ишке ашырылат.

 

10.кызмат көрсөтүүчүнүн тейлөөсүнө кирбеген юридикалык жактар таштандыларды өздүк автотранспорт каражаттары менен таштанды жайларына ташып чыгат.

 

11.Түзүлгөн келишимдерге ылайык, абоненттерден катуу турмуш-тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу үчүн төлөмдөр жергиликтүү кенеш бекиткен тарифке ылайык алынат.

 

12.Юридикалык жана жеке турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ченемдик укуктук актыларына жана кызмат көрсөтүүчү менен түзулгөн келишимге ылайык өз убагында жана толук көлөмдө төлөөгө милдеттүү.

 

13.12-пунктта көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндо кодексинин ченемдерине ылайык, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

 

14.Көлөмдүү таштандыларды чыгаруу үчүн жоопкерчилик ири өлчөмдөгү калдыктарга ээ болгон ишканаларга, мекемелерге жана жеке жактарга жүктөлөт.

 

15.Кыймылсыз объекттерди курууну жана оңдоону жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар ишти баштоонун алдында калдыктарын чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө, аларды өз алдынча (таштанды чыгаруучу келишимине ылаык) же таштанды чыгаруучу кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишим боюнча алып чыгууга милдеттүү.

 

16.Түшкөн жалбырактарды тазалоо, бак-дарактарды санитардык кыркуу, бак-дарактарды кыюу жана башка иштердин натыйжасында пайда болгон таштандылар КТТК чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан жүзөгө ашырылат.

 

17.Муниципалдык көчөлөрдү жана аянттарды муниципалдык заказ боюнча тазалоонун натыйжасында пайда болгон көчө таштандыларын чыгарууну КТТК чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү ишке ашырат.

 

18.Көчөлөргө, эс алуучу жайларга башка коомдук жайларга таштанды челектерин орнотуу зарыл.

 

19.Калк массалык түрдө баруучу жайларда таштанды челектер бири-биринен 50метр аралыкта жайгаштырылат.Көчөлөрдө бири-биринен 100 метрге чейинки аралыкта болот.Мекеме-уюмдарга кире бериште таштанды челектердин саны экиден кем эмес болууга тийиш.

 

20.Таштанды челектер бекитилип берилген аймактарды тейлөөг о жооптуу жеке жана юридикалык жактар тарабынан өз каражаттарынын эсебинен орнотулат.

 

21.Таштанды челектерди тазалоо иштери КТТК чыгаруу боюнча кызмать көрсөтүүчү тарабынане толтурулганына жараша, бирок күнүнө бир жолудан кем эмес жүргузүлөт.Таштанды челектер алардын кирдегенине жараша, бирок жумасына бир жолудан кем эмес жуулат.

 

22.Бөлүнгөн жерге орнотулган таштанды челектерди объекттин ээлери жана ижарачылары жууйт.

 

23.Таштандыларды уруксатсыз таштоого, өртөөгө күнөөлүү адамдар укук бузуулар жөнүндө колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат.

 

24. Таштандыларды уруксатсыз тташтаган адамдарды аныктоого мүмкүн болбогон учурда, таштандыларды жок кылуу жана уруксат берилбеген таштанды таштоочу жайларды рекультивациялоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же ал жактан ыйгарым укук берилген адам тарабынан белгиленген тартипте, белгиленген мөөнөттөрдо аймактые менчик ээсинин же жерди пайдалануучун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

 

25.Таштандыларды жок кылуучу жайларды күтүү үчүн жоопкерчилик жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына жана таштанды чыгаруу ьбоюнча кызмат көрсөтүүчүгө жүктөлөт.

 

3.Санитардык тейлөө жана аймакты тазалоону уюштуруу

 

1.Жалпы пайдалануучу жайларды санитардык жактан тейлөө таштандыларды, калдыктарды үзгүлтүксүз тазалоо.

 

2.Уюмдар, чарба жүргүзүүчү субъекттердин менчик ээлери, турак жайлардын жана турак эмес жайлардын менчик ээлери өз каражаттарынын эсебинен бөлүнгөн, бектилип берилген жана ага чектеш аймактарды күн сайын санитардык тазалоону өз алдынча жүргүзүүгө, же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен келишими бар санитардык тазалоо кызматтарын көрсөтүүчү менен тиешелүү келишимди түзүүго милдеттүү.

 

3.Таштандыларды сактоо кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимге ылайык жүргүзүлөт.

 

4.Технологиялык карталарга жана башка документтерге ылайык муниципалдык заказ боюнча башка коомдук аймактардын көчөлөрүн , аянттарын, ирригациялык тармактарын тазалоо иштерин уюштуруу жана жүргузүү үчүн кызмат көрсөтүүчү жоопкерчилик тартат.

 

5.Имараттардын жана курулуштардын, турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери, ижарачылары, аларга бекитилген аймактардын чегинде, чарбалык жана турак жай участокторун, жашыл аянтчаларды жана ирригациялык тармактарды үзгүлтүксүз тазалоону, күтүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

 

6.Эгерде бир имаратта бир нече пайдалануучулар жайгашкан болсо, ага чектеш аймакты санитардык жактан тейлөө үчүн жоопкерчилик имараттын менчик ээсине жүктөлөт.

 

7.Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы көчөдөгү убактылуу соода жайларын, соода объектилерине жанаша жайгашкан аймактарды тазалоо үчүн жоопкерчиликти ушул соода объектилеринин ээлерине жүктөйт.

 

8.Узак мөөнөткө пайдаланылбай жаткан жана өздөштүрүлбөгөн аймактарды, имараттар бузулган жерлерди тазалооүчүн жоопкерчилик ушул аймакка бекитилген жерди пайдалануучуларга же жер ээлерине жүктөлөт.

 

4.Тартипти,тазалыкты жана көрктөндүрүүнү камсыз кылуу

 

1.Юридикалык жана жеке жактар айыл өкмөттүн бүткүл аймагында, анын ичинде коомдук жайларда тазалыкты жана тартипти сактоого, көрктөндүрүү элементтеринин (жолдор,сырткы жарыктандыруу, ирригациялык түйүн) бузулушуна жана зыян тартышына жол бербөөгө, ар кандай мүлк объектилерине кам көрүүгө милдеттүү.

2.Айыл аймакта тиричилик жана курулуш таштандыларын, өндүрүш калдыктарын, кыйылган бак-дарактарды,жалбырактарды,карды жалпы пайдаланып жаткан жерге чыгарууга жол берилбейт.

3.Таштанды челектерин, көчө чырактарын, эстеликтерди, отургучтарды жана башка чакан архитектуралык формаларды бузууга жана зыян келтирүүгө тыюу салынат.

4.Ишканалардын жана жеке чарбалардын ички аймактарында, жер тилкелеринде таштандыларды, жалбырактарпды, контейнерлерди, авто унаалардын дөңгөлөктөрүн, өндүрүш калдыктарын өрттөөгө, от жагууга, таштандыларды көмүүгө тыюу салынат.

 

     5.Жашылдандыруу

 

1.Объектилерди жашылдандырууга төмөнкү иштер кирет:

 

-бак-дарактарды отургузуу;

 

-бак-дарактарды жана бадалдарды, гүлзарларды багуу боюнча иштер- жер кыртышын азыктандыруу, сугаруу, жумшартуу, тоо чөптөрдү тазалоо, өсумдүктөрду зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо, жылуулукту сүйүүчү өсүмдүктөрдү коргоо (бардык тиешелүү жумуштарды аткаруу менен), жер семирткичтерди, таштандыларды жүктөө жана түшүрүү, куурап калган жана кулай турган дарактарды кыюу жана башкалар;

 

-газонду багуу боюнча жумуштар-тырмоо, жумшартуу, жер семирткичтерди чачуу, сугаруу,отоо чөптөрдү тазалоо, таштандыларды жана жалбырактарды жыйноо;

 

-бакчаларды тосуу;

 

-айыл жерлерин жашылдандырууга тиешелүү жана башка дагы жумуштарды аткаруу

 

2.Жашыл аймактарды талаптагыдай күтүү жана сактоо үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөрго кирет:

 

-жалпы пайдалануудагы аймакта- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аныктаган тиешелүү кызматтарды аткаруучуга;

 

-турак жайлар жайгашкан участоктордо жер участоктордун ээлерине;

 

-уюмдардын, ишканалардын жана башка юридикалык жактардын аймактарында ошол жердеги уюмдардын жетекчилерине;

 

 

3.Таажыны санитардык кыркуу иштерине- эскирген, илдетке чалдыккан, куурап калган жана бузулган бутактарды алып салуу.

 

4.Менчигинин түрүнө карабастан аймактагы жашыл аянтчаларды талаптагыдай күтүү жана сактоо жоопкерчилиги жүктөлөт:

 

-жайында жана кургакчылыкта газондорду, гүлзарларды, бак-дактарды жана бадалдарды сугаруу;

 

-газондорду тебелеп кетүүгө жана аларга калдыктарды сактоого жол бербөө;

 

-багуу жана оңдоо процессинде жүргүзүлгөн бак-дарактарды жана бадалдарды кыюу жана отургузуу иштери бардык учурларда ушул эрежелердин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат;

 

5.Жашылдандырылган аймактарда төмөнкүлөр тыюу салынат:

 

-жашыл аянтчаларды кыюуга же жок кылууга уруксат берилген учурларын кошпогондо, жашыл аянтчаларды бузууга жана жок кылууга;

 

-тиешелүү кызматтардын макулдугу жок бак-дарктарды, бадалдарды өз алдынча кыюуга жана отургузууга , огороддорду жанам газондорду иретке келтирүүгө;

 

-жалбырактарды күйгүзүүгө, жапырт жалбырак түшүү мезгилинде аларды арыктарга шыпырып салууга-от жагууга жана өрт коопсуздугунун эрежелерин бузууга;

 

-бак-дарактарга мыктарды кагууга, илгичтерди, көрңок-жарнактарды жана башкаларды жабыштырууга;

 

-гүлдөрдү үзүп, дарактардын жана бадалдардын бутактарын сындырууга

 

6.Жашыл аймактарды жаңыдан куруу, реконструкциялоо, калыбына келтирүү бардык иштер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен белгиленген тартипте макулдашылып жүргүзүлүүгө тийиш.

 

  6.Тышкы жарыктандыруу

 

1.Муниципалдык менчиктеги тышкы жарыктандыруу тармактарын тейлөө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан дайындалган кызмат көрсөтүүчү тарабынан жүргүзүлөт.

 

2.Жарык берүүчү тармактарды эксплуатациялоо кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы №155 токтому менен бекитилген электр энергиясын пайдалануу эрежелери менен жөнгө салынат.

 

3.Тышкы жарыктандырууну күйгүзүү жана өчүрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген графиктер боюнча жүргүзүлөт.

 

4.Жергиликтүү бийлик коомдук жайларда иштебей туцрган көчө чырактарынын санына жол берилген ченемди белгилейт.

 

5.Жеке жана юридикалык жактар өздөрүнө берилген аймактарда орнотулган же сатып алынган тышкы жарыктандыруунун элементтерин жабдууга жана жакшы абалда кармап турууга милдеттүү.

 

6.Сырткы жарыктандыруунун жана майрамдык иллюминациянын жаңыдан киргизилген элементтерин жайгаштыруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашат.

 

7.Эрежелерди бузгандыгы үчүн юридикалык жактардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын жоопкерчилиги

 

1.Ушул Эрежелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык тартиптик, жарандык жоопкерчилик белгиленет

 

2.Бул көрктөндүрүү эрежелерин бузууга күнөөлүү юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесинин 1-пунктунда ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

 

3.Таштандыларды белгиленбеген жерлерде чыгарган, өрттөгөн юридикалык жанга жеке жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесине ылайык жоопкерчилик тартат.

 

4.Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын атайын комиссиясы белгиленген тартипти бузгандарга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин ылайык жаза чараларын көрот.

 

5.Укук бузуулар боюнча комиссиянын иши Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчу жобо менен жөнгө салынат.

 

Ноокен айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А.Акматалиев