Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2017-жылдын 28-октябры № XVI-01
Н.Исанов атындагы орто мектебине күнөскана курууга уруксат берүү жөнүндө
АРИС уюму тарабынан каржыланып жаткан айыл өкмөттүн аймагындагы Н.Исанов атындагы орто мектебинин өзүнүн менчик жерине күнөскана куруу боюнча түшкөн сунуштун негизинде күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап Депутаттардын Көк-Бел айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИС уюуму тарабынан каржыланып жаткан Н.Исанов атындагы орто мектебинин өзүнүн менчик жерине күнөскана курууга уруксат берилсин.
2. Күнөскана кууруу үчүн жерин тактап берүү жагы айыл өкмөттүн жер боюнча башкы адиси Шерматов Шабданбекке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу көзөмөлү айылдык кенештин айыл чарба, жер, суу, жайыт жана жаратылыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А.А. Раев |