Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2017-жылдын 28-октябры № XVI-02
К.Абдылакимов атындагы Көк-Бел орто мектебинин алдына асфальт басууга уруксат берүү жөнүндө
2017-жылдын 30-июнундагы Депутаттардын Көк-Бел айылдык кенешинин XV сессиясындагы № 09-токтому менен бекитилип берилген 3452,5 сомдун үнөмдөлгөн 185000 (бир жүз сексен беш миң) сом акча каражатын К.Абдылакимов атындагы Көк-Бел орто мектебинин алдына асфальт басуу боюнча күн тартибиндеги коюлган маселени карап жана талкуулап Көк-Бел айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 30-июнундагы Депутаттардын Көк-Бел айылдык кенешинин XV сессиясындагы № 09-токтому менен бекитилип берилген 3452,5 сомдун үнөмдөлгөн 185 000 (бир жүз сексен беш миң) сом акча каражатын К.Абдылакимов атындагы Көк-Бел орто мектебинин алдына асфальт басууга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткаруу көзөмөлү Депутаттардын Көк-Бел айылдык Кеңешинин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А.А. Раев |