Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2017-жылдын 28-октябры № XVI-03
Айыл өкмөттүн аймагындагы тургундардан алынуучу түтүн пулдун баасын көтөрүү жана там арка салыгы боюнча жеңилдиктерди берүү жөнүндө
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн тургундарынан алынуучу таштандыгы салыгына төлөнүүчү 50 сомду жогорулатуу жана айыл өкмөттүн аймагындагы там арка жерлерге жеңилдиктерди берүү боюнча күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап, бул маселе Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде экендигин тастыктап Депутаттардын Көк-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн аймагындагы тургундардан чогулуучу таштанды салыгынын баасы 50 (элүү) сомдон 100 (жүз) сомго көтөрүлсүн.
2. Айыл өкмөттүн аймагындагы пенсия курагындагы там арка ээлерине 0,15 га жана мектеп жашында окуган балдардын саны 4төн кем эмес үй-бүлөлөрдүн 0,12 га жер аянттарына там арка жер үчүн жеңилдиктер берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөткө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткаруу көзөмөлү Депутаттардын Көк-Бел айылдык Кеңешинин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А.А. Раев |