Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
2018-жылдын 7-декабры № XXIV-03
Көк-Бел айыл өкмөтүндө жеке менчик үй салуу үчүн кезекте турган атуулдарга тамарка бөлүп берүү боюнча Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-декабрындагы № 88-токтомун жана жер маселелери боюнча комиссиянын № 1-протоколун бекитүү жөнүндө
Азыркы күнгө чейин Көк-Бел айыл өкмөтүнө тамарка сурап арыздангандардын саны 517 ден ашкан. Айыл өкмөттүн жер маселелери боюнча комиссия арыздарды толугу менен карап чыгып 517 арыздануучуга тамарка берүү зарыл экендигин белгиледи.
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-декабрындагы № 88-токтомун талкуулап айыл өкмөттүн аймагында жашаган турак жайга муктаж үй-бүлөлөргө жер аянттарын ажыратып берүү жөнүндөгү арыздарды канааттандыруу максатында Көк-Бел айылдык Кенешинин кезексиз XXVII– 01 сессиясынын заседаниеси Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13 жана 32-статьяларынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөттүн турак-жай салуу үчүн арыз берген жарандардын арызын кароо боюнча түзүлгөн комиссиясынын турак-жай берүүгө уруксат берилген № 1-протоколу бекитилсин.
2. Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашаган турак жай курууга муктаж үй-бүлөлөргө үй куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү 2010-жылдын 29-декабрындагы № 88-токтому бекитилсин.
3. Турак жай куруу үчүн жер участокторун алуучу атуулдардын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.(тизме тиркелет)
4. Бөлүнүп берилген жер аянттарынын чек араларын тактап картографиялык материалдардын даярдап берүү жагы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.
5. Жеке менчик үй куруу үчүн ажыратылган жер аянттарынын планын, үй куруу долбоорун ар бир кожолук үчүн берүү райондук архитектура бөлүмүнөн суралсын.
6. Ушул токтомду бекитип берүү жагы депутаттардын Ноокат райондук кенешинен суралсын.
Төрага |
А.А. Раев |