Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
2018-жылдын 7-декабры № XXIV-04
2018-жылдын 5-октябрындагы XXIII-01 токтомундагы бекитилген суммадан кыскартуу жөнүндө
Депутаттардын Көк-Бел айылдык Кенешинин XXIII-01-токтомундагы бекитилген жалпы 3 890 000 (үч млн сегиз жүз токсон миң) сом айыл өкмөттүн үч кварталындагы салык төлөмдөрүнөн түшкөн ашыкча каражат бир жылдык салык төлөмдөрүнөн топтолгон суммага чыкбай калгандыгына байланыштуу жана күн тартибиндеги коюлган маселени карап жана талкуулап Көк-Бел айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Депутаттардын Көк-Бел айылдык Кенешинин XXIII-01-токтомундагы бекитилген жалпы 3 890 000 (үч млн сегиз жүз токсон миң) сомдон айрым себептерден улам 1002500 (бир млн эки миң беш жүз) сом акча каражаты кыскартылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Бел айылдык Кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.А. Раев |