Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
2018-жылдын 7-декабры № XXIV-05
2018-жылдын 11-айындагы үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүп бекитүү жөнүндө
Көк-Бел айыл өкмөтү тарабынан 2018-жылдын 11 айындагы жарыяланган тендерлерден жана аткарылган жумуштардан үнөмдөлгөн акча каражаттарын тактап, керктелүүчү жумуштарга бекитип жана жарандардан түшкөн арыздарды канааттандыруу максатында күн тартибине коюулган маселени карап жана талкулап Көк-Бел айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көк-Бел айыл өкмөтү тарабынан 2018-жылдын 11 айындагы жарыяланган тендерлерден жана аткарылган жумуштардан үнөмдөлгөн 3 780 000 (үч млн жети жүз сексен миң) сом айыл өкмөттүн өздүк бюджети не бекитилсин.
2. Бекитилген акча каражаты:
- Ветеринардык сервистин курулушуна айыл өкмөттүн салымы катары -400 000;
- Эш жайлоосунан таза суу линиясын алып келүүгө – 2520000;
- Канторанын жылытуу системасына – 400 000;
- Н.исанов атындагы орто мектебинин жаны имаратына гилем сатып алуу үчүн – 60 000;
- Сай тазалоого – 400 000 жалпысы 3 780 000 (үч млн жети жүз сексен миң) сом бөлүнсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Көк-Бел айылдык Кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А.А. Раев |