Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2019-жылдын 11-марты № XXVII-02
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы 2002-жылы жүргүзүлгөн системалык каттоого кирбей калган жарандардын арыз даттанууларын кароо жөнүндө
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы тургундардын өзүнүн там арка жерлерине 2002-жылы системалык каттоо жүргүзүлүп каттоого алынган. Айрым бир себептерден улам бир канча жарандар системалык каттоого кирбей калышкан. Системалык каттоого кирбей калган жарандар Айылдык Кенешке арыз менен кайрылышкан. Ошол жарандардын арызын канааттандыруу жана күн тартибинде коюулган маселени карап чыгып Депутаттардын Көк-Бел айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2002-жылы жүргүзүлгөн системалык каттоого кирбей калган жарандардын арызы канааттандырылсын.
2. Системалык каттоого кирбей калган Абипов Эрали, Аматов Рысбек, Алдаяров Эргеш, Адимов Нурлан каттоого алууга уруксат берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу көзөмөлү айылдык кенештин айыл чарба, жер, суу, жайыт жана жаратылыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага |
А.А. Раев |