Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2019-жылдын 11-марты № XXVII-03
Резервуар курууга уруксат берүү жана Папан суу сактагычынан сугат суу алып келүү жөнүндө
2019-жыл Кыргыз Респуликасынын Президентинин жарлыгы менен Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу айыл элине дыйканчылык жана бак өстүрүү боюнча шарт түзүп берүү максатында Папан айыл өкмөтүндөгү Ак-Буура дарыясындагы «Маматбай» көпрөсүнөн агын суу тартып келүү боюнча сунуштарды аткаруу жана айыл өкмөттүн экономикасын көтөрүү максатында күн тартибиндеги коюлган маселени карап жана талкуулап Көк-Бел айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Папан айыл өкмөтүндөгү Ак-Буура дарыясындагы «Маматбай» көпрөсүнөн Суулуу Тоголой участкасына чейин 4км 600 м аралыкка агын суу тартылып келинсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын айыл чарба, жер, суу, жайыт жана жаратылыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага |
А.А. Раев |