КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-майы № 238
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Экономикалык саясатты изилдөө институтунун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Экономикалык саясатты изилдөө институтунун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Экономикалык саясатты изилдөө институтунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Экономикалык саясатты изилдөө институтунун кызматкерлерине өргүүгө чыгууда ден соолукту чыңдоого эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө жөлөкпул төлөнөт;
- ушул токтомду аткаруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын чегинде төлөнөт.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Экономикалык саясатты изилдөө институтунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Кызмат орундарынын аталыштары | Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү |
1 | Директор | 17000 |
2 | Директордун орун басары | 15900 |