Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2019-жылдын 30-майы № 252
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-июлундагы № 424 "2017-2021-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын мындан ары ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-июлундагы № 424 "2017-2021-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2017-2021-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасында:
- 4-главасынын жыйырма бешинчи абзацындагы "фискалдык, административдик жана мыйзам ченемдерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу аркылуу" деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган Мамлекеттик программанын 1 жана 2-тиркемелери ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 18-июнундагы N 51 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
|
| "2017-2021-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын 1-тиркемеси |
2017-2021-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ