Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-мартындагы № 145 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2019-жылдын 17-июну № 296
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 200 "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 200 "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарда:
5-пункту:
- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"арыз ээси - маалыматтык системанын менчик ээсинин (ээлик кылуучунун) ыйгарым укуктарын ишке ашырган, ушул Талаптарга ылайык маалыматтык системаны "Түндүк" ЭВӨСкө туташтыруу үчүн "Түндүк" ЭВӨС операторуна кайрылган мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик мекеме жана ишкана, ошондой эле юридикалык жана жеке жак;";
- төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"Түндүк" ЭВӨСкө туташтыруу - бул катышуучунун коопсуздук серверин "Түндүк" ЭВӨСкө каттоо;";
- он төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"кызмат көрсөтүү - "Түндүк" ЭВӨС аркылуу катышуучунун маалыматтык системасынан маалыматты (документтерди) Катышуучу тарабынан алуунун Каталогдо катталган мүмкүндүгү.
Кызмат көрсөтүүнүн алкагында берилүүчү/алынуучу маалыматтын (документтердин) тизмеги "Түндүк" ЭВӨС катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн сервистин (кызмат көрсөтүүнүн) (Service level agreement - SLA) деңгээли жөнүндө макулдашуу менен аныкталат жана Каталогдо (кызмат көрсөнүүнүн баяндалышында) катталат;";