Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 11-сентябрындагы № 578
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2019-жылдын 24-июну № 310
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин 2018-2022-жылдар мезгилине карата "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" программасын ишке ашыруунун алкагында пенсиялык топтоо каражаттарын төлөө механизмдерин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 745 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежесинде:
- 3-пунктунда:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- майыптыгы кайра күбөлөндүрүү мөөнөтүн көрсөтпөстөн (мөөнөтсүз) белгиленген I жана II топтогу майыптыгы боюнча пенсия алган, ошондой эле пенсиянын ушундай түрүнө укугу бар жана "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия чектөө үчүн кайрылган адамдарга;";
үчүнчү абзацындагы "пенсиянын 15 базалык бөлүгүнөн" деген сөздөр "өткөн жылы пенсионердин иш жүзүндө түзүлгөн жашоо минимумунун 30 эселенген көлөмүнө барабар суммадан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пунктунда:
төртүнчү абзацындагы "мөөнөттүү" деген сөз "бир жолку" деген сөз менен алмаштырылсын;
бешинчи абзацындагы "арыз ээсинин кайрылган жылдын 1-январына карата эсептелген" деген сөздөр алып салынсын;
- 5 жана 6-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: