Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-августундагы № 504 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2019-жылдын 27-июну № 320
2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасын бекитүү жөнүндө
Туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиялык артыкчылыктарын ишке ашыруу, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын азык-түлүк рыногунун ички жана тышкы коркунучтарына ыкчам аракеттерди көрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасы (мындан ары - Программа), 1-тиркемеге ылайык;
- Программаны жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы), 2-тиркемеге ылайык;
- Программанын жүзөгө ашырылышына мониторинг жана баалоо жүргүзүү индикаторлорунун матрицасы (мындан ары - Индикаторлордун матрицасы), 3-тиркемеге ылайык;
- Программанын Иш-чаралар планынын бюджети (мындан ары - Иш-чаралар планынын бюджети), 4-тиркемеге ылайык.
2. Иш-чаралар планын жүзөгө ашырууга жооптуу министрликтер жана административдик ведомстволор аны аткарууну камсыз кылышсын жана квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбей, тийиштүү маалыматты Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
- ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбей, Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.