Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 221 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2019-жылдын 30-июлу № 376
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин Кыргыз Республикасынын бузуулар жана жоруктар жөнүндө мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы жөнүндө жободо:
- 12-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- Бузуулардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык системасынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо жана министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, башка мамлекеттик жана соттук органдардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктуу адамдарына жана маалыматтык системаларына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү.";
- 13-пунктунда:
экинчи абзацы "кылмыштар" деген сөздөн кийин ", жоруктар, бузуулар" деген сөздөр менен толукталсын;
төртүнчү абзацындагы "кылмыштардын бетин ачуу боюнча укук коргоо органдарынын" деген сөздөр "кылмыштардын жана жоруктардын бетин ачуу боюнча ички иштер органдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
он экинчи абзацы "эл аралык уюмдар" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык жана башка органдары" деген сөздөр менен толукталсын;
он бешинчи абзацындагы "цифралык" деген сөз алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү жана жыйырма бешинчи абзацтар менен толукталсын: