Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                          КР Президентинин

            2022-жылдын 22-майындагы № 89 тескемесине ылайык                            КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 9-февралы ПБ № 59

 

             КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ

 

     Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарына  ылайык  жана Камбарата ГЭС-1

жана ГЭС-2 курулушун улантуу үчүн инвестицияларды тартуу маселесин  на-

тыйжалуу иштеп чыгуу максатында.

 

     1. Төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлсүн:

 

     Дордоев Сагынбек    - "Электр станциялары"  акционердик   коомунун

     Зарлыкович            башкы директору, жумушчу топтун жетекчиси;

     Белковская Елена    - Кыргыз Республикасыныны  Премьер-министринин

     Теодоровна            Аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы;

     Гайваронская Елена  - Кыргыз Республикасынын юстиция  министрлиги-

     Борисовна             нин укуктук экспертиза бөлүмүнүн начальниги;

     Калиев Айдар        - "Электр станциялар"   акционердик   коомунун

     Муратович             башкы директорунун орунбасары;

     Макаров Анатолий    - Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик   мүлктү

     Михайлович            башкаруу   боюнча   мамлекеттик  комитетинин

                           төрагасынын орунбасары;

     Попов Леонид        - "Электр станциялар" акционердик коомунун ка-

     Григорьевич           питалдык курулуш бөлүмүнүн начальниги;

     Төрөмырзаев Эмирлан - Кыргыз Республикасынын  финансы  министринин

     Төрөмырзаевич         биринчи орунбасары;

     Түмөнбаев Акылбек   - Кыргыз Республикасынын   Өкмөтүнө   караштуу

     Рабаевич              энергетика боюнча мамлекеттик агентствосунун

                           директорунун орунбасары.

 

     2. Жумушчу топ:

     - 2005-жылдын  1-мартына  чейин  инвесторду  жана инвестициялоонун

формасын аныктоо менен Камбарата ГЭС-1 жана ГЭС-2 курулушун инвестиция-

лоо,  ченемдик  укук актыларынын тийиштүү долбоорлорун иштеп чыгуу жана

кабыл алуу жана зарыл болгон учурда бул маселени Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү  аркылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине киргизүү боюнча

сунушту даярдасын жана киргизсин;

     - 2005-жылдын 1-мартына чейин иивесторлор менен бирдикте Камбарата

ГЭС-1 жана ГЭС-2 курулушу боюнча инвестициялоонун  негизги  принциптери

жана кызматташуу жөнүндө Макулдашуунун долбоорун иштеп чыксын жана Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

 

     3. Кыргыз  Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул буйрукка ыла-

йык келтирсин.

 

     4. Бул буйруктун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын  Президентинин  Администрациясынын   экономикалык   саясат

бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти               А.Акаев