Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин

2010-жылдын 18-февралындагы ПБ № 67 буйругуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 31-майы ПБ № 200

 

             КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН

                         АТКАРУУЧУНУН БУЙРУГУ

 

     Дүйнөлүк банк финансылаган мамлекеттик башкарууда  түзүмдүк  кайра

түзүүлөр  үчүн  Кредитти  (GSАС) жана мамлекеттик башкарууда техникалык

жардамга Кредитти (GТАС) натыйжалуу жүзөгө ашырууну камсыз кылуу макса-

тында,  ошондой  эле  жогоруда  аталган кредиттерди даярдоо жана жүзөгө

ашыруу боюнча Координациялык кењештин 2005-жылдын  4-майындагы  чечимин

эске алып:

     1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын  9-апрелиндеги

№  122  буйругу  менен  түзүлгөн Дүйнөлүк банк финансылаган мамлекеттик

башкарууда түзүмдүк кайра түзүүлөр үчүн Кредитти (GSАС) жана  мамлекет-

тик  башкарууда техникалык жардамга Кредитти (GТАС) даярдоо жана жүзөгө

ашыруу боюнча Координациялык кењештин курамына  төмөнкүдөй  өзгөртүүлөр

жана толуктоолор киргизилсин:

     аталган Координациялык кењештин курамы Кыргыз Республикасынын Эко-

номикалык  өнүктүрүү,  тышкы соода жана өнөржай министринин жана Кыргыз

Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агентствонун  директо-

рунун кызмат орду менен толукталсын;

     жогоруда аталган Координациялык кењештин курамынан GSАС/GТАС  дол-

боорлорун башкаруу Тобунун директору аткаруучу катчысы чыгарылсын.

     2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 15-январындагы

буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

     3. Бул буйрук кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын Президентинин

     милдетин аткаруучу                              К.Бакиев