Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-майындагы № 358 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы № 390 токтомуна) |
Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча типтүү оңдоп-түзөө ПРОГРАММАСЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча типтүү оңдоп-түзөө программасы (мындан ары - Программа) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн оңдоп-түзөө программасын жүргүзүүнүн бирдиктүү тартибин белгилейт.
2. Программада үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдардын жүрүм-турумун оңдоп-түзөө үчүн чараларды колдонуу каралган.
3. Программада өз жүрүм-турумун адекваттуу баалоо жана айлана-чөйрөдөгү адамдарга сый мамиле кылуу көндүмдөрүнө үйрөтүү, конструктивдүү жүрүм-турум көндүмдөрүн өнүктүрүү жана байытуу, социалдык мамилелерди жөнгө салуу, өзүн-өзү адекваттуу баалоону калыптандыруу каралган.
2-глава. Программанын максаттары жана милдеттери
4. Программанын максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдардын кемсинтүү жана зомбулук көрсөтүү жүрүм-турумун сыйлоо жана коопсуз жүрүм-турумга өзгөртүү методдорун киргизүү жолу менен үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жардам берүү;
- үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдардын өз жүрүм-турумунун кесепеттери үчүн жоопкерчилигин жогорулатуу;
- үй-бүлөлүк зомбулукту кайра кайталанышын болтурбоого көмөктөшүү.
5. Программанын милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарды зомбулукту кантип токтотуу, өз өнөгү менен кантип туура мамиле түзүү, өз сезимдерин контролдоо жана айлана-чөйрөдөгү адамдарга сый мамиле кылууну калыптандыруу жөнүндө практикалык маалымат менен камсыз кылуу;
- Программанын катышуучуларынын терс иш-аракеттерин, ойлорун жана сезимдерин, өнөгүн, балдарын, багуусундагы башка адамдарды контролдоо каражаты катары анын зомбулукту колдонуу себептерин түшүнүүнү жакшыртуу;
- үй-бүлөлүк зомбулукту актоолорго каршы туруу;