Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 23-ноябры ПБ № 262 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БУЙРУГУ Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоо-го) жана терроризмди финансылоого каршы аракеттенүү жаатында КыргызРеспубликасынын Финансылык чалгындоо кызматы менен Кытай Эл Республика-сынын акчаларды адалдоого каршы күрөшүүгө талдоо жана мониторинг жүргү-зүү боюнча борборунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумдундолбооруна Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматынын төра-гасына ушул Меморандумга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жанатолуктоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгүн берүү менен макулдук берилсин. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди финансылоого каршы аракеттенүү жаатында Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Акчаларды адалдоого каршы күрөшүүгө талдоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча борборунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө МЕМОРАНДУМ Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Финансы-лык чалгындоо кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Акчаларды адалдоо-го каршы күрөшүүгө талдоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча борбору кыз-матташуу ниетинде жана өзара кызыкчылыктан улам, акчаларды адалдоодо,терроризмди финансылоодо жана аларга байланыштуу кылмыш ишинде шектүүадамдарды териштирүүгө жана соттук куугунтуктоого жардам берүүнү каа-лап, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1. Тараптар акчаларды адалдоого жана терроризмди финансылоого ка-тышы бар деп шектелген финансылык операцияларга же булар менен байла-нышкан кылмыш ишине тиешелүү өздөрүндөгү маалыматты чогултууда, бетиначууда жана талдоо жүргүзүүдө кызматташат. Ушул максатта Тараптар өздемилгеси менен же суроо-талап боюнча, тартылган жеке адамдар же юриди-калык жактар менен акчаларды адалдоо жана терроризмди финансылоо мененбайланышкан финансылык операцияларды иликтөөгө тиешеси бар ар кандайжеткиликтүү маалыматтар менен алмашат. Маалыматка карата ар кандай су-роо-талап, маалыматты пайдалануунун максатын билдирген суроо-талаптын,эн аз дегенде, себебин кошо алганда, негизги фактылардын кыскача баян-доосу менен негизделет, ошондой эле кабыл алуучу Тарапка суроо-талапулуттук мыйзамдарга, жоболорго жана эларалык келишимдерге жооп беребиже жокпу деген маселени чечүү укугун берүү үчүн маалыматтар жетиштүүболушу керек. 2. Бул Меморандумга ылайык алынган маалыматтарды Тараптар иликтөөжана талдоо жүргүзүү максатында пайдаланышы мүмкүн. Ушул Меморандумдуналкагында Тараптар алган маалыматтар же документтер башка үчүнчү жаккаберилбейт жана суратып жаткан Тараптын алдын ала макулдугусуз админист-рациялык, тергөө же соттук максаттарда колдонулушу мүмкүн эмес. 3. Өткөрүп берүүчү Тараптын алдын ала макулдугусуз ушул Меморан-думда көрсөтүлбөгөн максаттарда Тараптар тийиштүү органдардан алынганар кандай маалыматты же документти пайдаланууга же жарыялоого жол бе-ришпейт. 4. Бул Меморандумга ылайык алынган маалымат купуя болуп саналат.Ал кызматтык сырдын объектиси болуп эсептелет жана ага улуттук булак-тардан алынган ошол сыяктуу маалыматка карата Тарап-мамлекеттердин мый-замдарында каралган жашырындуулук режими жайылтылат. Меморандумдун күчүаяктаганына карабастан, бул жобо күчүндө кала бериши керек. 5. Тараптар өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык маалыматты бе-рүү тартибин чогуу аныкташат жана ушул Меморандумдун жоболорун ишкеашыруу маселелери боюнча консультацияларды өткөрүшөт. Тараптар өзара кызматташууну өнүктүрүү үчүн маалымат алмашуунууланта беришет. 6. Тараптардын ортосундагы маалымат алмашуу, мүмкүнчүлүккө жараша,англис тилинде жүргүзүлүп, жазуу жүзүндө почта, факс же башка алгылык-туу ыкмалар аркылуу жөнөтүлүшү керек. 7. Тараптар: - суроо-талап тиешелүү болгон ошол эле фактыларга карата суратылыпжаткан мамлекеттин аймагында сот процесси башталып калган; - маалыматты берүү мамлекеттик коопсуздукка, коомдук тартипке жанаулуттук кызыкчылыктарга коркунуч туудурган же болбосо улуттук мыйзам-дарга, жоболорго же эларалык ченемдерге карама-каршы келген учурлардажардам берүүгө милдеттүү эмес. 8. Бул Меморандумдун жоболорун түшүндүрүүгө/колдонууга байланыштуубардык талаш-тартыштар Тараптардын ортосундагыконсультациялар/сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет. 9. Бул Меморандумга Тараптардын өзара макулдугу менен өзгөртүүлөржана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 10. Бул Меморандум Тараптар ага кол койгондон кийин күчүнө киретжана 5 жыл аралыгында аракетте болот. Эгерде Тараптардын бири дагы ушулМеморандумдун кезектеги иштөө мөөнөтү аяктаарына кеминде 6 ай калгангачейин анын иш-аракетин токтотууга ниеттенип жаткандыгы тууралу башкаТарапка жазуу жүзүндө билдирбесе, анда анын иш-аракети кийинки беш жыл-дык мөөнөткө автоматтык түрдө узартылат. Меморандум 2007-жылдын "_______" ________ ___________ шаарында экитүпнускада түзүлдү, ар бири кыргыз, кытай жана англис тилдеринде, бар-дык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Меморандумдун жоболорун түшүндүрүүдө кайчы көзкараштар келипчыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот. Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасынын Финансылык чалгындоо Акчаларды адалдоо менен кызматы үчүн күрөшүүгө талдоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча борбору үчүн ______________________ ________________________ Максатбек Садыров Веймин Оуяанг